СПИД-кылым душманы
Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде ,,Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү» белгиленди. Ал ар жыл сайын 1-декабрда белгиленүүчү күн. Мектептин өзүн-өзү башкаруучу ,,Манас» жаштар уюму 8-11-класстарга чакан иш -чара уюштуруп, өтүп беришти. Слайд аркылуу СПИД тууралуу маалыматтар берилди, видеолор көрсөтүлдү ошондой эле сценка аркылуу кантип сактануу керектигин көрсөтүп беришти. Класстык сааттар өтүлдү, дубал газеталар чыгарылды.
Комментарии