2017-2018-окуу жылы

Шабдан Ата атындагы орто мектебинде 2017-2018-окуу жылында жүргүзүлгөн тарбия иштери боюнча

                                                                                    Анализи

Кыргыз Республикасынын Билим Берүү Министрлигинин 2017-2018-окуу жылында бекитилген окуу планы боюнча берилген варианттардын ичинен мектеп окуу планы түзүлүп бекитилген.

Окутуунун жалпы проблемасы:

“Ар бир окуучунун жекече өзгөчөлүгүн эске алуу менен окутуу жана диферренция-лаштыруу”.

Жалпы проблеманын үстүндө иштөөдө “Таланттуу балдардын жөндөмүн өнүктүрүүнүн үстүндө иштөөдө”мектептин ички проблемасы кабыл алынган жана анын үстүндө иштөө үчүн мугалим-дерге милдеттендирилген.Ошондой эле жаңы окуу жылынын башында ал проблемага жараша милдеттемелер төмөнкүдөй коюлган:

1.Окутуунун жаңы технологияларын иштеп чыгуу.(инновациялык окутуу).

2.Мугалимдердин таланттуу балдар менен иш жүргүзүүсүн күчөтүү.

3.Манастын жети осуятынын багыттары боюнча план менен иштөө.

4.Кабинеттерди  көргөзмө куралдар,дидактикалык материалдар менен жабдуу,жашылдандыруу жана жасалгалоо.

5.Окуучулар менен эстетикалык,спорттук жана экологиялык тарбия иштерин улантуу.

6.Окуучулардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу.

7.Окуучулардын кызыгуусуна жараша билим берүүнүн багытын өнүктүрүү.

Шабдан Ата атындагы орто мектебинин окуу-тарбия процессиндеги олуттуу максаттарды ишке ашыруу багытында 2017-2018-окуу жылына мектеп администрациясы пландуу иш-чаралар-ды белгилеп алган.

Шабдан Ата атындагы орто мектебинин тарбия планынын 2017-2018  — окуу жылына карата тү-зүлгөн  тарбия планынын максаты:

 “Окуучулар  нравалык маданиятка,патриоттуулукка,кыргыз элинин каада-салттарын пайдаланып тарбия берүүгө жетишишет”

Тарбия иштеринин негизги багыттары:

1.Эл-журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ички биримдиги.

2.Улут аралык ынтымак, достук жана кызматташтык.

3.Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет.

 4.Арыбас мээнет, алдынкы өнөр-билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу.

 5.Гуманизм, айкөлдүк, кечиримдүүлүк.

 6.Табият менен таттуу мамиледе болуу.

 7.Кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо.

Жыл башында мектепте класстан тышкаркы таалим-тарбия иштеринин тийиштүү деңгээлде жүргүзүлүшү үчүн атайын иш-чаралардын иш-планы түзүлдү.Окуу убактысы белгиленип,класс-тар 1-2-чейректе 1смена,3-4-чейректе класстар суук болгондугуна байланыштуу ар бир кабинетке экиден класс 1-2 смена боюнча берилди.Кышында 1-смена-8-00-13-00,2-смена-13-30-17-35.1-сме-нада-0-кл,5-11-класстар,2-сменада-1-4-класстары окушат.

2017-2018- окуу жылына карата бекитилген иш-план боюнча “1-сентябрь-Билим күнү”-салтанаттуу линейка өткөрүлүп мектеп босогосун жаңы аттаган 1-класстарды кучак жая тосуп алдык.2017-2018-окуу жылына 1-класска баардыгы болуп 40 окуучу мектеп босогосун аттады.Сал-танаттуу линейка бүткөндөн кийин окуучулар класстарына кирип,ар бир класста “Мен Кыргыз-станда жашайм” (1-4-кл),“Мен үчүн билимдүү,адептүү жана маданияттуу болуу деген эмне?”(5-7-кл),“Өлкөбүздүн жаңы багытта өнүгүүсүнө өз салымымды кошкум келет” (8-11-кл)деген темалар-да класстык сааттар өтүлдү.

    6-сентябрда кл.жетекчилер семинары болуп,ал эми 8-сентябрда  мектептин “Манас жашта-ры”уюмунун жаңы курамы шайланып,президент 11-б классынын окуучусу Сабырбекова Айпери  шайланды.Ошондой эле уюмдун мүчөлөрү шайланып,ар бирине өз тапшырмалары жана милдет-тери бекитилди.

6-сентябрдан 14-сентябрга чейин турмуш шарты начар,жетим,томолой жетим,соц.жетим,майып балдардын тизмелери такталып отчёт берилди жана “Тобокел”тобун түзгөн балдар изилденип чыкты.Ал эми 13-сентябрда жалпы ата-энелер чогулушу өткөрүлүп,бир жылдык окуу жылынын отчёту берилди.

Сентябрь айынын башында 1-2 корпустун администрациясынын дежурствосунун графиги илинди.

Класс жетекчилер өз предметине жараша ар бир класска бекилди.Класс жетекчилер тарабынан окуучулар жөнүндө жалпы маалымат алынды.Жыл башында ар бир класстарга кл.жетекчилер бекитилип,21 класс комплект түзүлдү жана кл.жетекчилер өз класстарында класс активдерин шайлап,китеп менен камсыз кылышты.Ар бир окуу жылына ылайыкталган класс жетекчинин журналы таркатып берилди.

Класстын тарбия сааттары мектептин расписаниесине коюлуп,класстан тышкаркы жүргүзүлүүчү иш-чаралардын болжолдуу темалары кабыл алынды.

Окуучулардын бош убактысын туура пайдалануу үчүн атайын кружоктор ачылды. Класстардын тазалыгы текшерилип,кл.бурчтар жаңылантылды.

Ошондой эле укук бузуу боюнча алдын-алуу кеңеши түзүлүп,анын иш-планы бекитилди.Сабакты көп калтырган,турмуш шарты оор,окууга мамилеси жок окуучуларды мектепке тартуу максатын-да,билимдерин өркүндөтүү жаатында “Байкоо жүргүзүү”журналы ачылып,мектеп директору,тар-бия иштери боюн-ча директордун орун басары,соц.педагог жана кл.жетекчилер тарабынан жү-рүштөр өткөрүлдү.

Класстык тарбия сааттары мектептин окуу расписаниесине коюлуп,класстан тышкаркы жүргүзү-лүүчү иш-чаралардын болжолдуу темалары кабыл алын-ды жана ден-соолук бурчу жана мектеп-те кыздарга гигиена бурчу уюштурулду.

Жыл ичинде мектепте тартип,тазалык,форма,жетишүү,катышуу ж.б окуучу-лардын иш-чарала-рын көзөмөлдөп туруу үчүн “Манас жаштары”уюму тара-бынан дежурствонун графиги бекитил-ген.Коопсуздук техникалык эрежеле-рин сактоо боюнча директордун чарба боюнча орун басары Саитов Алишер жана эмгекти сактоонун эрежелерин түшүндүрүү иштери мектептин дене тарбия мугалими Бейшенбаев Асанбекке жүктөлүп,окуучуларга маалы-маттар өз убагында берилип тур-ду.Жол эрежелерин,өрт,табигый кырсыктар коопсуздугун сактоо иш-чаралары кл.жетекчилер жана дене тарбия мугалимине тапшырылып,талапка ылайык иш жүзүнө ашырылып турду.

Андан тышкары окуучулардын бош убактысын туура пайдалануусу үчүн атайы кружоктор ачылды.Мектеп кабинеттеринин тазалыгы,эстетикалык көркөмдүгү текшерилип,жаңылануусу колго алынып,класстык бурчтар жаңылантылып,кошумча графаларды кошуу менен чыгарыл-ды.Мектеп ичиндеги тазалык,тартип,балдардын формасына талап,мебелдердин сакталышы,ки-тептердин абалы,класстан тышкаркы иш-чаралар,класстык таалим-тарбия иштерин көзөмөлдөө болуп,мектеп иштерин жакшыртуу иштери жүргүзүлдү.

Райондук олимпиадада предметтер боюнча окуучулардын жеңиши,жаңы жылды тосуу салтанат-тары жана башка кечелер  кызыктуу, профессионалдык жактан жогорку деңгээлде өткөрүлдү.Бул конкурстарга,майрамдарга,тегерек стол,конференцияларга мугалимдер,ата-энелер,окуучулар ак-тивдүү катышып,өз каалоо сунуштарын билдире,көрсөтө алышты.

2017-2018-окуу жылында  мектеп ичинде төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүл-дү.(Даталуу күндөр).

1.2017-окуу жылынын “Билим күнү” аземи саат 10-00 дө 1-сентябрда болуп өттү.

Салтанаттуу линейка адаттагыдай эле 11-класстын окуучулары музыканын коштоосу менен 1-класстарды жетелеп келип тизилүү менен башталды.Андан кийин Кыргыз Республикасынын Гимни астында желек көтөрүлдү.

Биринчи куттуктоо сөзү мектеп директору Оторбаева Гүлбайра Мамбетбаевнага берилди.Каа-лоо-тилектер айтылгандан кийин Оторбаева Г.М 2016-2017-окуу жылында болуп өткөн жетиш-кендиктер боюнча айтып өттү.Андан кийин куттуктоо сөзү салтанаттуу линейкага Чоң-Кемин айыл өкмөтүнүн төрагасы Сулайманов Нурбек Жамалдинович жалпы мугалимдерге жана окуучу-ларга өз куттуктоосун айтты.Андан соң камкорчулар кеңешинин төрагасы Жунушалиев Э жана мугалим, ардагер-пенсионер Айткулиева Г.С жана 1-класстын ата-энелеринин атынан Кулова К. куттуктоо айтышты.

11-класстын окуучулары 1-класстарды куттуктап, ыр ,бий тартуулашып,белектерин беришти.

Андан кийинки куттуктоо сөзү 1-класстын окуучулары ыр айтып,”Кара жорго”бийин бийлеп,салт-ка айланган Шабдан Ата атындагы орто мекте-бинин “Манас жаштары”уюмуна мүчө болуу үчүн 1-класстын окуучулары уюмдун уставын кабыл алып,ант беришти.

Салтка айланаган “Билим күнү”аземин (2017-2018-окуу жылынын) 1-коңгуроосун11-б классынын мыкты окуучулары Бактыбекова А.Б ,Бейшенбаева А.А жана 1-а ,бклассынын окуучулары Абдылдаева.А жана Жайлообеков.А. кагышты.Линейканын аягында Кыргыз Республикасынын гимни астында желек көтөрүлүп,салтанаттуу азем аяктады.

Салтанаттуу линейка бүткөндөн кийин окуучулар класстарына кирип,1-4-кл. “Мен Кыргызстанда жашайм!”, 5-7-кл. “Мен үчүн билимдүү,адептүү жана маданияттуу болуу деген эмне?” жана 8-11-кл. “Өлкөбүздүн жаңы багытта өнүгүүсүнө өз салымымды кошкум келет”деген темаларда кл.саат-тар өтүлдү.Ошондой эле 1-4-класстардын окуучуларына кл.жетекчилери китеп ,күндөлүктөрүн таратып беришти.

2.23-сентябрь Мамлекеттик тилдин 28 жылдыгына карата “Улут болсом-тилим менен улутмун” аттуу салтанаттуу кече 21- сентябрда Шабдан Ата атындагы орто мектебинин спорт залында өткөрүлдү.                      Мектепте салтанаттуу  кечени быйыл “Манас” жаштар уюму ме-нен бирдикте өткөрүлдү. Майрам тил гимни менен башталды. Алып баруучу “Манас жаштары” уюмунун президенти Сабырбекова Айпери куттуктоо сөзүн айткан соң, мектеп директору Г.М. Оторбаевага сөз берилди.           Андан кийин кыргыз тили жана адабият мугалими К.Тилепбергенова өзүнүн куттуктоо сөзүн айтты.                                                                                               Салтанаттуу кечеде 6 номенациядан турган номерлер менен өткөрүлдү:

1. Саламдашуу

2. Көркөм окуу

3.Манас айтуу

4. “Каармандар бизде мейманда” чыгармалардан үзүндү.

5. Патриоттук ырлар

6. Кыргыз бийи.

7. Дубал газета , реферат, буклет жана дилбаяндар конкурсу.

Адегенде эле “Манас жаштары” уюмунун  мүчөлөрү тил күнүнө саламдашып, салтанаттуу кече-ни ачып беришти. Ар бир класстын окуучулары чыгып өз саламдашууларын атышты. Көркөм окуу боюнча эң жакшы айткандар 9-класстын окуучусу Муктарбекова Диана, 7-классынын окуу-чусу Жангазинва Арсар, 8-А классынын окуучусы Элчибекова Аделя, 5-а классынын окуучусу Абдыбекова Айзада.Манас айтуу боюнча 4-8-класстын окуучулары чыгып, айтып берип жатыш-ты. 7-а класстан Ишенов Аман,Жунушалиев Данияр; 6-а класстан Элчибекова Элнуралар жогорку деңгээлде айтышты. “Каармандар бизде мейманда” чыгармалардан үзүндү аткарууда 10-а класс-тын окуучулары өз чеберчиликтерин көргөзүштү.11-б классынын окуучулары “Көчмөндөр” бийин бийлешип, залда олтурган көрүүчүлөрдү өздөрүнө бурду.                                                                           Реферат боюнча 6-7 -класстар , дубал газета боюнча 7-б класстан,буклеттерден 9-а,б- класстар.        Майрам кызыктуу өттү. Окуучулар аткарган иштеринен, ыр-бийлеринен өз тилдерине болгон сый-урмат жана патриоттук сезими сезилип турду. Ошондой эле Шабдан Ата атындагы орто мектебинин окуучулары Мамлекеттик тилдин 28 жылдыгына карата Жаны-Алыш мектебине конкурска катышып,баалуу белектер менен келишти.

3.15-сентябрдан 15-октябрга чейин “Улуу адамдарга көңүл буруу жана камкордук”ат-туу бир айлык өткөрүлдү.

Ар бир класстын кл.жетекчилери “Кадырман карыларым”, “1-октябрь-Эл аралы к карылар кү-нү”ж.б темаларда тарбия сааттар өткөрүштү.

“1-октябрь-Карылар күнүнө карата” 5-8-кл жана 9-11-класстар арасында “Мен чоң ата жана чоң апа болгондо!””деген темада орус жана кыргыз тилдеринде эссе жаздырылды.Жыйынтыгында “эң жакшы”жазган окуучулар төмөнкүлөр:

5-8-класстар арасында.                         9-11-класстар арасында.

Кыргыз тили боюнча:                          Кыргыз тили боюнча:

1.Жангазиева Арсар-7-а кл                     1.Каниетова Нуржаз-10—а кл

2.Султангазиева Кунай-7-бкл                          2.Сабырова Айпери-11-б-кл

Орус тили боюнча:                                Орус тили боюнча:

1.Чолпонкулова Нуркыз-7-б кл                       1.Сабырова.А-10-б-кл

Бул окуучуларга мектеп администрациясы тарабынан баалуу сыйлыктар берилди.

Ошондой эле 1-октябрда 1-11-класстар арасында “Кадырлуу карылар!” темасына сүрөт конкурс көргөзмөсү  сүрөт мугалими Канкулиева.Ж тарабынан өткөрүлдү.Конкурстун жыйынтыгында  эң жакшы жана темага жооп берген татыктуу сүрөт  ээлерине баалуу сыйлыктар берилди.Алар:

2-б кл-Асанова Айгерим.

5-а кл-Бактыбеков Анвар.

11-а кл-Джанышева Гүлсүнай

Ал эми  “Манас жаштары”уюмунун мүчөлөрү жана5-11-класстын таланттуу окуучулары тарабы-нан “1-октябрь-карылар күнүнө карата”майрамдык кече мектептин спорт залында 1-октябрда өткө-рүлдү.Катышуучулар өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп,концерт коюп,карылардын көңүлүн ачып,ба-та алышты.

Айылдагы кары –картаңдарга мектептеги бөлүнүп берилген “Тимур-чулар”командасы барып жардам берип келишти.

4.2017-жылдын 5-октябрында  “Мугалимдер күнү”майрамына карата “Манас жашта-ры”уюмунун уюштуруусу менен 1-11-класстардын окуучулары менен бирдикте майрамдык кече өткөрүлдү.

3-октябрда эртең мененки саат 8-00до мектеп окуучулары мугалимдерди мектеп алдынан, музы-канын коштоосу менен гүл берип тосуп алышты. Андан кийин 4-сааттан кийин мектеп спорт за-лында майрамдык кече өткөрүлдү.Ар бир класстын окуучулары өздөрүнө бөлүнүп берилген прог-рамманын негизинде каалоо тилектерин айтышып, ыр,бийлерин,сценкаларын көрсөтүштү.Андан тышкары атайын мугалимдерге арнап оюндарды ойноту-шуп,оюнга чыккан мугалимдерге “Манас жаштары”уюму тарабынан уюшулган белектерин тартуулашты.

Ал эми мектеп фаесине мугалимдерге арнап,каалоо-тилектер жазылган жана тартылган дубал газеталар илинип турду.Ошондой эле мугалимерди кууттуктап мобилдик телефон аркылуу “Манас жаштары”уюму тарабынан куттукттоо жиберишти.

Бул күн абдан кызыктуу өттү.Мугалимдер окуучуларга ыраазы болушуп,эс алышты.

  1. 6-октябрда Шабдан Ата атындагы орто мектебинде 5-11-класстар арасында “Кол өнөрчүлүк жаратылыш материалдарынан конкурс-ярмарка өткөрүү жарыяланган.Окуучулар менен кошо класс жетекчилер да абдан кызыгуу менен даярда-нышты.

Ар бир класс өз буюмдарын көргөзмөгө коюп,сатып жатышты.Бүт класстар активдүү катышыш-ты.Мында ар бир класстын колго жасалган канаттуу,жа-ныбарлардын макеттерин көрдүм.

Былтыркы жылдан айырмаланып,быйыл сатууга тамак-аш коюлган жок.Кө-бүн эсе колдон жа-салган буюмдар сатылды.

Өзгөчө 8-а класстын окуучуларынын макети жана 11-а классынын түстүү кагаздан жасалган “ак куусу”,5-а класстарынын түстүү жиптен жасалган сувенири башкалардан айырмаланып турду.Эң көп кол өнөрчүлүк менен жасалган буюмдарды саткан класстар 8-а кл-1010 сом,9-а кл-960 сом,5-а кл-936 сом жана дагы башка класстар эмгек кылып жасаган бумдарын сатышты.Андан тышкары  5-11-класстар мектепке бирден кол-өнөрчүлүгүн калтырышты. Ярмарканын аягында мектеп директору Г.М.Оторбаева “Эмгек кылса,ар бир адам берекесин табаарын”айтып өтту.Дагы ушун-дай кооз буюмдарды,сувенирлерди жасаганга апрель айына тапшырма берилди.Яр-маркага ата-энелерден келген коноктор,мугалимдер окуучулардын жасаган буюмдарын сатып алып жатыш-ты.Ярмарка кызыктуу өттү.

 6.15-октябрь-“ Таза колду”жуунунун бүткүл дүйнөлүк күнү 5-11-класстар арасында эң жо-горку деңгээлде өткөрүлдү.

“Алтын күз”майрамына карата  27-октябрда “Алтын -күз”деген темада 11-а класстын жетекчилиги астында эң кызыктуу өткөрүлдү.

Ноябрь айында  Кыздар кеңешинин  жетекчиси Сулайманова Г.Б тарабынан кыздар кеңеши-нин кенешмеси өткөрүлдү.8-11-класстын кыздарынын каты-шуусу менен “Кыз балага-кырк үйдөн тыюу”деген темада сабак-диспут өткөрүлүп,бүгүнкү күндөгү кыздардын жүрүш-турушундагы терс көрүнүштөр сынга алынып талкууланды.

1-4-класстардын тамактануусу күнүнө текшерилип,кол коюлуп турду.

Жумалык линейкалар өз убагында өткөрүлүп,дежур класстардын отчёттору талкууланып, “Манас жаштары”уюмунун иштери алгылыктуу жүрүп жатты.Мектеп президенти Сабырбекова Айпери  “Манас жаштары”уюмунун кабинетинин жана иш кагаздарынын топтому менен алгылыктуу иш-теди.Ар бир өтүлгөн уюмдун заседаниесинин негизинде маданий-массалык,спорттук иш-чаралар дене тарбия мугалими Айдаралиев.Т.М жана Бейшенбаев Б. тарабынан өткөрүлүп турду. Айта кетсек,сентябрь айында кыздар жана балдар арасында “Футбол”боюнча мелдеш өткөрүлүп,эң жакшы ойногон окуучуларга граммоталар берилди.

1-декабрь  “СПИД-коркунучтуу дарт”темасына тарбия сааттар өтүлдү.Тарбия завучу жана мек-теп президенти тарабынан СПИД боюнча сурамжылоо баракчалары ,анкеталар уюштурулуп,8-11-класстардын окуучулары  тарабынан анонимдүү толтурулду жана дубал газета чыгарылып,уюш-турулду.Шабдан Ата ооруканасынын педиатр врачы Кадыра-лиева Фатиза жана Жумашева Ырыс  келип,окуучуларга СПИД боюнча кенен маалымат берип бүткөндөн кийин,окуучуларга кыскача видеофильмдер көр-сөтүлүп,талкууланды.Талкууда окуучулар тамеки,насвай,алкоголь жана баңги заттарынан алыс болуш керек экендигин жана спорт менен дос болуш керек экенди-гин айтып далилдеп беришти.

Ошондой эле 3-декабрь“Майыптар күнү”,“Айлана-чөйрөнүн тазалык күнү” боюнча кл.сааттар өткөрүлдү.

12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата 5-11-класстар арасында кече  өткөрүл-дү.Берилген тапшырмалар боюнча ар бир класс Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү көрсө-түштү.Ал  эми кыргыз тилчи мугалимдери жана парламент мүчөлөрү тарабынан окуучулардын аткаруучулук чеберчилигине жана реферат,буклеттерге атайын орун коюшуп,сыйлуу белектерди беришти.

25-27-декабрда жаңы жылдык  “Балаты”майрамы 11-б класстын катышуусу менен эң жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Кемин райондук билим берүү бөлүмүнөн келген буйрукта берилген иш-чаралар өз убагында өткө-зүлүп,маалымдама берилип турду.Кл.жетекчилер берилген иш-чаранын негизинде класстарына кенен маалымат берип,журналдарды толтуруп жатышты.

Башталгыч жана чоң класстар арасында  “Укуктук билим деңгээлин”жогорулатуу боюнча үй-бү-лөлүк,административдик жана жоопко тартуу кодекс-тери менен тааныштырылып,кл.сааттар өтүлүп турду.Кл.жетекчилер тарбы-нан “Менин укугум”, “Менин милдетим”, “Кылмыштуулукту болтурбоо!”, “Коррупцияга жана зордук-зомбулукка каршыбыз!”, “Өзүн-өзү жанын кыюу”,”Бал-дар жана кыздар кеңешинин”планынын негизинде иштөө ж.б темаларда тегерек столдор,лек-ция,конференциялар өткөрүлдү жана дубал газеталар чыгарылды.ИДН инспектору ,айылдык кеңештин кызматкерле-ри,жергиликтүү депутаттар,ата-энелер жана окуучулар менен чогулуш өткө-рүлүп,пайдалуу укуктук,кылмыштуулукту болтурбоо боюнча кеңештер бери-лип турду.Чейрегине бир жолу жалпы ата-энелер жыйналышы өткөрүлүп ту-рат.Мындан сырткары ИДН кызматкерлеринин катышуусу менен семинар өткөрүлүп,окуучулар арасында кылмыштуу-лукка жол бербөө боюнча алдын-ала иш-чараларды көрүү экендиги туурасында кл.жетекчилер менен бирдикте кеңири талкуу ар бир айда  же квартал сайын өтүлүп турду. Айыл өкмөтү ,ИДН менен бирдикте тарбияга кыйындык менен келген окуучулар менен кл.жетекчилер жекече иш жүргүзүшөт.Рэкетчиликке каршы  жана аны менен күрөшүү максатында 5-11-класстар арасында анкета алынып,жыйынтыгы чыгарылды.Ошондой эле адам укугун бузган уюм-дар,чөйрөлөр туу-расында “Өз укугуңду жана милдетиңди билесиңби?”деген темада да кл.сааттар өтүлдү.

2017-2018-окуу жылына карата бекитилген иш-план боюнча  2-жарым жыл-дыкта кл.жетекчилер семинары өткөрүлүп,планы каралып,толуктоолор кир-гизилди.12-январда “Толеранттуулук”те-масына 5-8-класстар арасында соц.педагог Кармышева.А.А диспут өтүп берди.Диспуттун негизги максаты-окуучуларды зордук-зомбулукка карата терс мамиле кылууга жана агрессиянын бардык түрүн кабыл албоого калыптандыруу жана сынчыл ойломун өнүктүрүү,айланасындагылардын ишмердүүлүгүнө жана өзүнүн жүрүм-турумуна,иш-аракетине баа бере билүүгө тарбиялоо.

Диспутта 5-8-класстын окуучулары 2 топко бөлүнүшүп,бири-бирине суроо беришти.Эки топ тең активдүү катышышты.Диспуттун аягында окуучулар-дан “Толеранттуулук”боюнча тест алы-нып,жыйынтыкталды.

18-январда “Кылмыштуулук болтурбайбыз!”ураанынын алдында спорттук мелдеш “Мыкты спорттук класс”9-11-кл арасында футбол оюну болуп өттү.Спорттук мелдешти дене тарбия муга-лими Т.М.Айдаралиев жана А.Бейшенбаев уюштурушту.Жыйынтыгында балдар арасында 9-а классынын балдары,ал эми 9-б классынын кыздары 1-орунга ээ болушту.2-орунга 11-а классынын балдары,10-а классынын кыздары,3-орунга 10-б классынын балдары,11-б классынын кыздары ээ болушту.Орун алган класстарга мектеп грамоталары берилди.

22-январдан-26-январга чейин 5-7-класстар арасында “Баңгизат адамзат өлтүргүч”темасында сүрөт конкурс өткөрүлдү.Сүрөт конкурсту сүрөт мугалими Бозумов.С уюштурду.Берилген убакыт-та эң активдүү катышкан класстар болуп 5-а,7-а класстары көрсөтүлдү.

22-февралда мектептин спорт залында “Манас жаштары”уюмунун окууучулары тарабынан май-рамдык концерт уюштурулуп өткөрүлдү.Андан кийин “Шамдагайлар!” спорттук мелдеш 9-а,б класстарынын балдарынын ортосунда болуп өттү.Окуучулар “эң жакшы”даярданышып,9-а кла-ссынын балдары 96 упай менен жеңишке ээ болушту.Конкурска катышкан эки класска тең “Манас жаштары”уюму тарабынан баалуу белектер берилди.

 

 

Ата-Мекенди корго күнүнө карата 5-7-класстар арасында “Ата-Мекенди сүйөм!”темасында сүрөт конкурс өткөрүлдү.Сүрөт тартуунун негизги максаты-окуучуларды Ата-Мекенин сүйүүгө,намыс-туу болууга үндөө.Сүрөт конкурстун жыйынтыгы боюнча эң жакшы тарткан окуучуларга сыйлуу белектер берилди.

21-февраль- “Эне тилдин эл аралык күнүнө”карата “Эне тилим-менин дилим”, “Эне тилди өнүктү-рүүгө кошкон салымым”, “Улуттун улуулугу эне тилинде” ж.б темаларда 1-11-класстардын кл.же-текчилеритарбия сааттарды өтүштү.

19-февралдан 24-февралга чейин “Улуттун улуугу эне тилинде!”деген темаларда 5-7-класстардан эссе,ал эми 8-11-класстардан кыргыз тилчи мугалимдер тарабынан дилбаяндар алынды.ошондой эле “Эне тилим-менин дилим”деген темада сүрөт конкурсу өткөрүлдү.Кыргыз тилчи жана орус тилчи мугалимдери тарабынан даярдалган кече өткөрүлдү.Кечеде окуучулар кыргыз,орус,англис тилдеринде көркөм окуу жана сценкаларды аткарышты.

27-февралда “Манас жаштары”уюму менен бирдикте тарбия иштери боюнча директордун орун басары М.Ч.Абышова 5-7-класстарга “Тарбия үйдөн башталат!деген темада тегерек стол өтүп берди.Тегерек столго соц.педагог А.А.Кармышеав жана кл.жетекчилер катышышты.

Февраль айында план боюнча “Ар кайсы улуттун өзгөчөлүгү”фестивалы “Нооруз-2-18”майрамына карата 16-мартта өткөрүлдү.Бул фестивал8-11-класстар арасында болуп өттү.Уюштурууучулар “Манас жаштары”уюму.Ар бир класс чүчү кулак ыргытышып,кагаз кармашты.Класстарга тап-шырмалар берилип,фестивалдын жыйынтыгы боюнча 11-б класс 1-орунду алышту.2-орун-9-а класс,3-орун-10-а класс.Жогорудагы орун алган класстар сыйлуу белектердин ээлери болушту.

Март айында 3-март “Желек күнү” жана “5-март Ак калпак күндөрүнө карата 1-11-класстарда кл.сааттар өткөрүлүп,мектеп фаесине бурч уюштурулду.Ошондой эле салтанаттуу линейка болуп,5-11-класстардын окуучу балдары менен жөө жүрүш өткөрүлдү.

3-март “Желек күнү” жана 5-март “Ак калпак”күндөрүнө  карата 5-11-класстар арасынан жат жазуулар алынды.

Ал эми 8-март “Энелер күнүнө  карата “Эненин таманында бейиш төрү”, “Атыңдан кагылайын алтын апа!2 ж.б темаларда ар бир класстарда тарбия сааттар өткөрүлдү.9-а,б класстарынын кыздары “Жакшы кыз жакадагы кундуз”конкурсунда таймашышты.Таймашта 9-б класссынын кыздары жеңишке ээ болушту.Мектеп администрациясы тарабынан алкыш айтылып,сыйлык алышты.

21-март “Нооруз келди жергеме”,22- март “Суу күнүнө”карта тарбия сааттар өткөрүлүп,кл.же-текчилер теманын негизинде кенен маалымат берип өтүштү.

Ал эми райондон келген буйруктун негизинде иш-чаралар дын планы түзүлүп,маалымдамалары өз убагында берилип турду. Мектеп ичинде профилактикалык иштер боюнча семинар,тегерек стол өткөрүлүп турат.

“24-март жана 7-апрель -Элдик революциянын күнүнө карата түшүндүрүү иштери жүргүзү-лүп,5-11-класстар арасында тарбия сааттар өтүлдү.Элдик революциянын келип чыгышы тууралуу дилбаян,жат жазуулар алынды.Элдик революция күнүнө карата “Манас жаштары”уюмунун мүчө-лөрү салтанаттуу жыйын өткөрүп беришти.

10-апрелде мектепте жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча  5-7-класстар арасында конкурс өткө-рүлүп, жети окуучу тандалып, Чоң-Кемин зонасында Калмак-Ашуу айылынын мектебинде болуп өткөн  “ЖЖЭ”конкурсуна катышып келишти.

21 -апрелде “Сары-Өзөн чолпондору”жаш таланттар конкурсу Чөң-Кемин өөрөнү боюнча Кы-зыл-Байрак  айылынын мектебинде болуп,биздин мектептен манасчы,бийчилери  жакшы ийги-ликтерге жетишип,областык  конкурска жолдомо алышты..

“30-апрелде “Кош алиппе”майрамы өткөрүлдү.

Шабдан Ата атындагы орто мектебинде Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 73 жылдыгына карата 2-11-класстар арасында  “Согуш жана тынчтык”ж.б. темаларда кл.сааттар өтүлдү.23-30-апрелге чейин 5-11-класстар арасында “Эр жигит эл четинде,жоо бетинде”темасында дилбаяндар жазылды.Дилбаяндардын жыйынтыгы  7-майда чыгарылды.”Эң жакшы”жаз-ган 9-а классынын окуучусу Осмонкулова.А көрсөтүлдү.Мектепте Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары жөнүндө бурч уюштурулган.Окуучулар бурчтан ар дайым улуу Ата Мекендик согушка катышып,курман болгон жердеш аталарыбыз жөнүндө маалыматтарды алып турушат.

3-майдан 10-майга чейин мектеп ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгына карата сүрөт мугалими Бозумов.С  тарабынан 5-11-класстар арасында сүрөт конкурс өткөрүлдү.Сүрөт конкурс ар бир класска ватманга тартууга берилген.. Жыйынтыгында 5-б класстын жана 9-б класстын окуучулары “эң жакшы” тарткандыктары үчүн баалуу сыйлыкка ээ болушту.Ошондой эле көптөгөн класстар буклет жана реферат жазап келишкен. 7-майда “Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгына карата мектептин спорт аянтчасында “Зарница”патриоттук оюну  10-а классынын алып баруусу алдында эң жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

25-май “Акыркы коңгуроо”бүтүрүүчүлөрүбүзгө арналган салтанаттуу линейка өткөрүлдү.Мектеп-тин алдыңкы окуучулары “Отличниктер аллеясы менен”келишип, “Мактоо граммотала-ры”,Бакиров.К стипендиясы,К.Оторбаев атындагы стипендия жана Түлөбердиева.Т атындагы стипендиялар менен сыйланышты.Быйылкы 2017-2018 окуу жылында 11-классты 39 окуучу бүтүрүп,турмуш жолуна аттанды жана 23-июнда аттестат алышты.

31-май “Тамеки таштоо,тартпоо күнүнө карата 5-11-класстар стенгазета чыгарышып,бурч уюшту-рулду.

1-июнь “Балдарды коргоо”күнүнө карата майрамдык концерт уюштурулуп,мектептин сүрөт му-галими Бозумов.С  жетектөөсү менен сүрөт конкурс өткөрүлдү.

 

Жалпы жонунан жыл башында пландаштырылган иш-чаралар өз мөөнөтүндө,жогорку деңгээлде аткарылып жатты.

Кемин билим берүү бөлүмүнүн тарбынан берилген буйруктарды да мөөнөтүндө,сапаттуу аткаруу-га аракет жасалды. Мектеп ичиндеги тарбия иштеринин аткарылышын салыштырмалуу анализ-десек,биздин окуучулар райондук деңгээлде өтүлгөн иш-чараларга барып катышып келип жа-тышты.

Класс жетекчилер да өздөрүнүн милдеттерин так,туура аткарып ,ийгиликтери көп.

Окуу жылынын аягы менен жылдын жыйынтыгы чыгарылып,кийинки 2017-2018-окуу жылына милдеттенмелер кабыл алынды:

1.Окуучулардын нравалык маданиятка,кыргыз элинин салттарын пайдаланып тарбия берүүгө жетишүү:

2.Манастын 7 осуятын,улуттук этнопедагогиканын элементтери менен окуучуларга тарбия берүү:

3.Окуучуларга тарбия берүүдө ата-энелер ,коомчулук менен бирдикте тыгыз байланыш түзүү:

4.Кылмыштуулуктун алдын-алуу жана окуучулар менен профилактикалык иш-чараларды күчөтүү:

5.Райондук жана областтык тарбиялык иш-чараларга активдүу катышуу.