2018-2019-окуу жылы

Шабдан Ата атындагы орто мектебинде 2018-2019-окуу жылына карата жүргүзүлгөн тарбия иштери боюнча

                                            Анализи

Кемин райондук Билим Берүү бөлүмүнүн 2018-2019-окуу жылында бекитилген окуу-тарбия иштери боюнча түзүлгөн пландын негизинде  Шабдан Ата атындагы орто мектебинде план түзүлүп бекитилди.

.Окутуунун жалпы проблемасы:

“Ар бир окуучунун жекече өзгөчөлүгүн эске алуу менен окутуу жана диферренциялаштыруу”.

      “Талантуу балдардын жөндөмүн өнүктүрүү” боюнча иш жүргүзүлүп, класс жетекчилерге төмөнкүдөй милдеттеме коюлган:

1. Манастын жети осуятынын негизинде иш алып баруу

  1. Окуу-тарбия процессинде жаңы иновациялык ыкмаларды пайдалануу

3.Шыктуу жана талантуу балдар менен иш жүргүзүү

4.Кабинеттерди жашылдандыруу, жасалгалоо жана көргөзмө куралдар жана дидактикалык материалдар менен жабдуу

5.Окуучулардын интелектуалдык деңгээлин жогорулатуу

  1. Окуучуларды эмгекке, спортко кызыктырууну өнүктүрүү

Тарбия берүүнүн максаты:

“Окуучуларды нравалык маданиятка, патриоттуулукка кыргыз элинин үрп-адаттарын, каада-салтарын пайдалануу менен тарбия берүү”

Тарбия иштеринин негизги багыттары:

1.Эл-журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир жеңдн кол чыгарган ички биримдиги.

2.Улут аралык ынтымак, достук жана кызматташтык.

3.Арыбас мээнет, алдыңкы өнөр-билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу

4.Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет.

5.Гуманизм, айкөлдүк жана кечиримдүүлүк.

6.Табият менен таттуу мамиледе болуу.

7.Кыргыз мамлекетүүлүгүн чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо.

Жыл башында мектепте класстан тышкаркы таалим-тарбия иштеринин тийиштүү деңгээлде жүргүзүлүшү үчүн атайын иш-чаралардын иш-планы түзүлдү. Окуу убактысы белгиленип, класстар 1-2-чейректе класстар суук болгондугуна байланыштуу ар бир кабинетке экиден класс 1-2 смена боюнча берилди. Кышында 1-смена-8-00-13-00, 2-смена-13-30-17-35. 1-сменада-0-кл, 3-б, 5-11-класстар, 2-сменада-1-4-класстары окушат.

Ар бир класс жетекчи тарбиялык пландарын түзүшүп, план боюнча иш алып барышты. Ар бир класс жетекчи ата- энелер менен байланышуу дептерлерин, түнкү рейд дептерлерин ачышты.

Мектептеги «Манас жаштары» уюму тарабынан  мектеп  парламентинин структуралары ,  жылга  бекитилген  пландын  негизинде  иш аткарылды. Окуучулар  арасында  кылмыштуулукту  болтурбоо  жана  анын  алдын- алуу  боюнча  мектепте алдын-алуу  кеңеш  түзүлдү  жана  пландар  иштелип чыкты.

2018-2019 окуу жылына карата бекитилген иш-план боюнча “1-сентябрь-Билим күнү”-салтанаттуу линейка өткөрүлүп мектеп босогосун жаңы аттаган
1-класстарды кучак жая тосуп алдык. 2018-2019-окуу жылына 1-класска баардыгы болуп 40 окуучу мектеп босогосун аттады.Салтанаттуу линейка бүткөндөн кийин окуучулар класстарына кирип,ар бир класста “Менин кичи Мекеним” (1-4-кл),“Биз тоо арасында жана өрөндүү тоолордо жашайбыз, биздин ата журтубуз-Ала-Тоо” (5-8-кл),“Өлкөбүздүн жаңы багытта өнүгүүсүнө өз салымымды кошкум келет” (8-11-кл)деген темаларда класстык сааттар өтүлдү.

    6-сентябрда кл.жетекчилер семинары болуп, ал эми 7-сентябрда  мектептин “Манас жаштары”уюмунун жаңы курамы шайланып, президент 11-а классынын окуучусу Каниетова Нуржаз  шайланды.Ошондой эле уюмдун мүчөлөрү шайланып, ар бирине өз тапшырмалары жана милдеттери бекитилди. “Тимурчулар”, “Милициянын жаш достору”, “Жаш өрт өчүргүчтөр”, “Жаш инспекторлор” тобу түзүлдү. Класс жетекчилер менен семинар өткөрүлдү. Ден соолук бурчу жана кыздарга гигиена бурчу уюштурулду.

6-сентябрдан 1-сентябрга чейин турмуш шарты начар,жетим,томолой жетим,соц.жетим,майып балдардын тизмелери такталып отчёт берилди жана “Тобокел”тобун түзгөн балдар изилденип чыкты.Ал эми 11-сентябрда жалпы ата-энелер чогулушу өткөрүлүп,бир жылдык окуу жылынын отчёту берилди.

Сентябрь айынын башында 1-корпустун администрациясынын жана мугалимдердин дежурствосунун графиги илинди.
Класс жетекчилер өз предметине жараша ар бир класска бекилди. Класс жетекчилер тарабынан окуучулар жөнүндө жалпы маалымат алынды. Жыл башында ар бир класстарга кл.жетекчилер бекитилип, 20 класс комплект түзүлдү жана кл.жетекчилер өз класстарында класс активдерин шайлап, китеп менен камсыз кылышты. Ар бир окуу жылына ылайыкталган класс жетекчинин тарбия журналы таркатып берилди.

Класстын тарбия сааттары мектептин расписаниесине коюлуп, класстан тышкаркы жүргүзүлүүчү иш-чаралардын болжолдуу темалары кабыл алынды.

Окуучулардын бош убактысын туура пайдалануу үчүн атайын кружоктор ачылды. Класстардын тазалыгы текшерилип, кл.бурчтар жаңылантылды.

Сабакты көп калтырган, турмуш шарты оор, окууга мамилеси жок жана ата-энеси мигрант окуучуларды мектепке тартуу максатында, билимдерин өркүндөтүү жаатында “Байкоо жүргүзүү”журналы ачылып,мектеп директору,тарбия иштери боюнча директордун орун басары, соц.педагог жана кл.жетекчилер тарабынан көзөмөлгө алынды.

Класстык тарбия сааттары мектептин окуу расписаниесине коюлуп, класстан тышкаркы жүргүзүлүүчү иш-чаралардын болжолдуу темалары кабыл алынды. Класс жетекчилер бир жылдык классттык сааттардын  планын түзүп өз убагында бекиттиришти.

Ай сайын мектепте тартип, тазалык, форма, жетишүү, катышуу ж.б окуучулар- дын иш-чараларын көзөмөлдөп туруу үчүн “Манас жаштары”уюму тарабынан дежурствонун графиги бекитилген. Коопсуздук техникалык эрежелерин сактоо боюнча директордун чарба иштери боюнча орун басары Саитов Алишер жана эмгекти сактоонун эрежелерин түшүндүрүү иштери мектептин дене тарбия мугалими Бейшенбаев Асанбекке жүктөлүп,окуучуларга маалыматтар өз убагында берилип турду.Жол эрежелерин, өрт, табигый кырсыктар коопсуздугун сактоо иш-чаралары кл.жетекчилер жана дене тарбия мугалимине тапшырылып, талапка ылайык иш жүзүнө ашырылып турду.

Андан тышкары окуучулардын бош убактысын туура пайдалануусу үчүн атайы кружоктор ачылды. Мектеп кабинеттеринин тазалыгы, эстетикалык көркөмдүгү текшерилип, жаңылануусу колго алынып, класстык бурчтар жаңылантылып, кошумча графаларды кошуу менен чыгарылды. Мектеп ичиндеги тазалык, тартип, балдардын формасына талап, мебелдердин сакталышы, китептердин абалы, класстан тышкаркы иш-чаралар, класстык таалим-тарбия иштерин көзөмөлдөө болуп, мектеп иштерин жакшыртуу иштери жүргүзүлдү.

Райондук олимпиадада предметтер боюнча окуучулардын жеңиши,жаңы жылды тосуу салтанаттары жана башка кечелер  кызыктуу, профессионалдык жактан жогорку деңгээлде өткөрүлдү.Бул конкурстарга,майрамдарга,тегерек стол,конференцияларга мугалимдер,ата-энелер,окуучулар активдүү катышып,өз каалоо сунуштарын билдире,көрсөтө алышты.

2018-2019-окуу жылында  мектеп ичинде төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүл-дү.(Даталуу күндөр).

Сентябрь айында:

1.23-сентябрь Мамлекеттик тилдин 29 жылдыгына карата “Улут болсом-тилим менен улутмун” аттуу флешмоб жүрүшү уюштурулду.Чакырыкта тил тууралуу учкул сөздөр жазылды.Чакырык таштаган журүшкө 5-11-класстардын окуучулары катышты. “Кыргыз тили нечен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” аттуу салтанаттуу кече 21- сентябрда Шабдан Ата атындагы орто мектебинин футбол ойноочу аянтында өткөрүлдү.  Мектепте салтанаттуу кечени быйыл “Манас” жаштар уюму менен бирдикте кыргыз тили жана адабияты мугалимдери өткөрүштү. Майрам тил гимни менен башталды. Алып баруучу “Манас жаштары” уюмунун президенти Каниетова Нуржаз куттуктоо сөзүн айткан соң, мектеп директору Г.М. Оторбаевага сөз берилди. Андан кийин кыргыз тили жана адабият мугалими Ж.Канкулиева, орус тили мугалими Г.Тентимишева  куттуктоо сөздөрүн айтты. Салтанаттуу кечеде 8 номенациядан турган номерлер менен өткөрүлдү:
1. Саламдашуу
2.Кыргыз бийи
3. Сценка
4.Манас айтуу
5. Макал-ылакап, жаңылмач айтуу
6. Көркөм окуу
7. Жекече ыр
8. Дубал газета , реферат, буклет жана дилбаяндар конкурсу.                    Адегенде эле “Манас жаштары” уюмунун  мүчөлөрү тил күнүнө саламдашып, салтанаттуу кечени ачып беришти. “Даткайым” тобунун бийчи кыздары “Ак куу” бийин бийлешти. 5-а-класстын окуучулары “Кыргыз ким?” деген суроонун тегерегинде ыр саптарын айтуу менен сценка коюшту.Манас айтуу боюнча 4-б-класстын окуучусу Токсонов Идиндин аткаруусунда “Семетейдин Таласка келиши” тууралуу үзүндү айтып берди. Көркөм окуу боюнча эң жакшы айткандар :
10-класстын окуучусу Муктарбекова Диана, 8-классынын окуучусу Жангазинва Арсар,  9-б-класснын окуучусу Султангазиева Күнай .
Төмөнкү класстардын иштери “мыкты” деп табылды                                                     Реферат боюнча 9-б-класс ,
Дубал газета боюнча 10- класс,                                                                     Буклеттерден 9-а,б- класстар.                                                                                  Майрам кызыктуу өттү. Окуучулар аткарган иштеринен, ыр-бийлеринен өз тилдерине болгон сый-урмат жана патриоттук сезими сезилип турду.

С.Ибраимовдун 90 жылдыгына карата математика мугалими Г.Окишова 9-класстарга тегерек стол өткөрдү. 4-б-класска Э Джумабаева “Великий личность” деген темада ачык тарбия саат өттү.

Октябрь айында:

  1. Ар бир класстын кл.жетекчилери “Кадырман карыларым”, “1-октябрь-Эл аралык карылар күнү”ж.б темаларда тарбия сааттарды өткөрүштү.

“1-октябрь-Карылар күнүнө карата” “Манас жаштары уюму” А4 форматына куттуктоолорду жазышып, кары адамдардын үйлөрүнө барышып белектерин тартуулашты. Андан тышкары “Тимурчулар” тобу кароосуз калган кары адамдардын үйлөрүнө барып тегерек- четин тазалоо иштерин аткарышты.

2.2018-жылдын 5-октябрында  “Мугалимдер күнү”майрамына карата “Манас жаштары”уюмунун уюштуруусу менен 5-11-класстардын окуучулары менен бирдикте майрамдык кече өткөрүлдү. 5-октябрда эртең мененки саат 8-00до мектеп окуучулары мугалимдерди мектеп алдынан, музыканын коштоосу менен гүл берип тосуп алышты. Андан кийин 4-сааттан кийин футбол аянтчасында  майрамдык кече өткөрүлдү.Ар бир класстын окуучулары өздөрүнө бөлүнүп берилген программанын негизинде каалоо тилектерин айтышып, ыр,бийлерин,сценкаларын көрсөтүштү.Андан тышкары атайын мугалимдерге арнап оюндарды ойнотушуп, оюнга чыккан мугалимдерге “Манас жаштары”уюму тарабынан уюшулган белектерин тартуулашты.Чакан фуршет уюштурушту. Ал эми мектеп фаесине мугалимдерге арнап, каалоо-тилектер жазылган жана тартылган дубал газеталар илинип турду. Ошондой эле мугалимерди кууттуктап мобилдик телефон аркылуу “Манас жаштары”уюму тарабынан куттукттоо жиберишти.

3. 15-октябрь-“ Таза колду”жуунунун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата  5-11-класстарда класстык саатар  өткөрүлдү.

  1. “Манас жаштары” уюму 29-октябрда “ Жаратылыш материалдарынан жасалган кол өнөрчүлүк боюнча” сынак уюштурушту. Окуучулар менен кошо класс жетекчилер да абдан кызыгуу менен даярданышты.

Ар бир класс өз буюмдарын көргөзмөгө коюшту. Бүт класстар активдүү катышышты. Мында ар бир класстын колго жасалган канаттуу,жаныбарлардын макеттерин көрдүм. “Күз” темасына өзгөчө басым жасалган.

Былтыркы жылдан айырмаланып, буюмдар сатыкка коюлган жок. Өзгөчө 8-а класстын окуучуларынын макети жана 9-а классынын түстүү кагаздан жасалган “ак куусу”,колго токулган оюнчуктар көрүүчүлөрдүн көз жоосун алды.Бардык буюмдар мектептин музейине коюлду. Ярмарканын аягында мектеп директору Г.М.Оторбаева “Эмгек кылса,ар бир адам берекесин табаарын”айтып өтту.Дагы ушундай кооз буюмдарды, сувенирлерди жасаганга апрель айына тапшырма коюлду.

Натыйжада, 1-орунга 7-а-кл.окуучусу Беделбаева Айдана татыктуу болду.5-б-класстан Дулатбеков Бекжан,Орозобекова Сезим, 5-а-кл.Касымкулов Эмир, 9-а-кл.Беделбаев Алишер.Бул окуучулар мектеп грамотасы менен сыйланышты.
Ноябрь айында:

   2-ноябрда “ Мезгилдин берекеси-күз” деген темада 11-а-класстын окуучулары кече уюштурду. Кечеге атайын программа түзүлүп, 8-11-класстардын окуучулары катыша алышты. Ар бир класс дубал газеталарды чыгарышты.Жыйынтыгында төмөнкү класстар жеңишке жетишти:
1-орун – 9-а-класс
2-орун- 8-б-кл,10-кл.
3-орун- 11-б-кл.

С.Орозбаевдин 90 жылдыгына карата “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” аттуу адабий кече Кемин райондук администрациясынын кызматкерлеринин жана Билим берүү бөлүмүнүн адиси А. Мурзалиеванын катышуусу менен өтөрүлдү.
        Ноябрь айында  Кыздар кеңешинин  жетекчиси Т.Абдраимова  тарабынан кыздар кеңешинин кенешмеси өткөрүлдү.8-11-класстын кыздарынын катышуусу менен “Кыз балага-кырк үйдөн тыюу”деген темада сабак-диспут өткөрүлүп, бүгүнкү күндөгү кыздардын жүрүш-турушундагы терс көрүнүштөр сынга алынып талкууланды.

1-4-класстардын тамактануусу күнүнө текшерилип, кол коюлуп турду.

Жумалык линейкалар өз убагында өткөрүлүп,дежур класстардын отчёттору талкууланып, “Манас жаштары”уюмунун иштери алгылыктуу жүрүп жатты. Мектеп президенти Каниетова Нуржаз   “Манас жаштары”уюмунун кабинетинин жана иш кагаздарынын топтому менен алгылыктуу иштерди чечүү жолдорун окуучулар менен бирдикте иштеди жана 1-чейректе аткарылган иштер боюнча отчет берди..Ар бир өтүлгөн уюмдун заседаниесинин негизинде маданий-массалык, спорттук иш-чаралар дене тарбия мугалими Айдаралиев.Т.М жана Бейшенбаев Б. тарабынан өткөрүлүп турду.

Кемин райондук Билим берүү тарабынан уюштурулган “ Милицияныны жаш достору” сынгына мектеп окуучулары катышып , 2-орун ээлешти жана грамота менен сыйланышты.
Мектеп окуучуларынын укугу жана милдеттери жөнүндө укук коргоо кызматкери Т.Казаков менен жолугушуу болду.Т.Казаков мектеп ичинде болуп жаткан көйгөйлөр менен таанышып, алардын чечүү жолдору менен түшүндүрүү иштерин жүргүзтү. Балдар кеңешинде «Метеп рекетине жол жок!” деген темада диспут өтүлдү.Андан тышкары соц. педагог А.А.Кармышева 22-ноябрда “ Мен сени сүйөм өмүр” деген темада тегерек стол уюштурду.

Декабрь айында:
1-декабрь
—  Бүткүл дүйнөлүк Спид күнүнө каршы күрөшүү күнүнө карата Кемин райондук билим берүү бөлүмүнөн келген буйруктун негизинде 2018-2019-окуу жылына  иш план түзүлдү. Планга коюлган иш-чаралар өз убагында өткөрүлүп турду.

9-11-класстардан ар бир класстын класс жетекчилери анкета алынды. Анкетада окуучулар спид оорусу менен ооруган адамдарга кандай мамиле кылуу керек? Бул оору менен кантип күрөшүү зарыл? деген суроолорго өз ой-пикирлерин жазышты. 19-24-ноябрга чейин 5-6-класстар «Спид оорусу-кылым душманы» деген темада жат жазуу , 7-8-класстар баяндама жазышты.
Сүрөт мугалими Бозумов Сабырбек 5-8-класстар арасында «Биз спидке каршыбыз!» деген темада сүрөт сынагын өткөрдү. Бул сынакка окуучулар өтө активдүү катышышты. Бирок көбүнчө сүрөттөр интернет булактарынан алынган.
6-кл.окуучусу Абдинасиров Байтемирдин тарткан сүрөтү «мыкты» деп табылды жана мектеп громатасы менен сыйланды.
9-11-класстар буклет жана брошюра жазашты.Буклет боюнча 10-класска громата берилди. Калган класстарга ыраазычылык билдирилди.
3-4-класстар дубал газета чыгарышты. 3а,3б,4б-класстар эң жакшы дубал газета чыгаргандыгы үчүн мектеп громатасы менен сыйланышты. 29-30-ноябрда 1-11-класстарда класстык саатар өткөрүлдү.
«Манас жаштары» уюму «Спид- кылымдын чумасы» аттуу иш-чара өткөрүштү.
Видеоролик көрсөтүштү. Спид оорусу тууралуу маалыматтар менен тааныш- тырышты жана ыр саптарын айтышты.
8а,8б-класстарынын класс жетекчилери Г.Тентимишева жана К.Тилепбергенова Спид оорусунун алдын-алуу жолдору боюнча тетрлаштырыл- ган сценка уюшурушту.
Окуучулар мыкты аткаруу менен бул оорунун адам баласына тийгизген таасирин
жогрку денгээлде чагылдырып көрсөтө алышты.
Ошондой эле 3-декабрь“Майыптар күнү”,“Айлана-чөйрөнүн тазалык күнү” боюнча кл.сааттар өткөрүлдү.

9-декабрь-Коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара уюштурулду.

Чет тили мугалими Т.Абдраимова  “Коррупция жети баштуу ажыдаар” деген темада 9-11-класстар арасында викторина уюштурду.

12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата 5-11-класстар арасында кече  өткөрүлдү.Берилген тапшырмалар боюнча ар бир класс Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү көрсөтүштү.Ал  эми кыргыз тилчи мугалимдери жана парламент мүчөлөрү тарабынан окуучулардын аткаруучулук чеберчилигине жана реферат,буклеттерге атайын орун коюшуп,сыйлуу белектерди беришти.
Жаңы-жылдык майрамдын алдында ар бир класс жетекчи өрт коопсуздугу боюнча класстык саатарды өтүшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

26-27-декабрда жаңы жылдык  “Балаты”майрамы 11-б класстын катышуусу менен эң жогорку деңгээлде өткөрүлдү. 11-класстын окуучуларынын ата-энелери майрамга карата залды, балатыны кооздого  чоң жардам көрсөтүштүштү.1-4-класстардын майрамын  башталгыч класстардын мугалимдери уюштурду. 5-7-класстардга болсо атайын программа берилген.Камкорчулар кеңеши тарабынан 1-7-класстарга белек- тер, таттуу-татымдар аяз атанын баштыгына салынып даярдалды. Бул класстарга ар кайсы өлкө берилген. Аягында ошол өлкөнүн аяз атасы жана аяз кызынын кийимдерин кийим сынакка катышышты.
5-7-кл. арасындагы таймашта :
1-орунга 5-а-класс, 2-орунга 6-класс,5-б-класс, 3-орунга 7-а,7-б-кл. татыктуу болушту.

Ал эми 8-11-кл.арасындагы өткөн кече абдан кызыктуу өттү.Бардык класстар абдан жакшы даярданып келишкен.Дубал газеталарды чыгарышкан. Мультфилимдеги каармандардын кийимдерин кийишип, принцц жана принцесса тандалды.
Натыйжада,
1-орунга 8-б, 11-а-кл.
2-орунга 8-а-кл
3-орунга 9-а,б,10-кл. татыктуу болушту.

Кечеге өзгөчө кенже класстардын жакшы даярдангандыгы көрүнүп турду.

 Январь айында:
29-январда «Тарыхы жок эл болбойт, такыры жок жер болбойт» деген темада райондук деңгээлде уюштурулган семинарда  А. Акматканова 4а-класска «Шабдан баатыр баяны», Сариева Чынар 6-класска «Үркүн» темасында ачык тарбия сааттарды өтүп беришти. Райондон келген коноктор сабактардын өтүлүшүн жактырышты.
7-класска С.Кудайкулова « Суу-өмур булагы» деген темада ачык тарбия саат өттү. Сабакта слайд колдонулду. Суу туралуу кеңири маалыматтар берилди.
Класс жетекчилер менен бирге семинар өткөрүлдү. 1-11-класстардын күндөлүктөрүнүн толтурулушу, предметник мугалимдер тарабынан өз убагында баа коюлушу тууралуу жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктары айтылды.
Натыйжада , «таза күндөлүк» номинациясына  8-а,8-б,5а,5б-класстары татыктуу болушуп, линейкада метеп громатасы менен сыйланышты. Убагында күндөлүк- төрдү текшербеген класс жетекчилерге эскертүүлөр берилди.
         Февраль айында:
«Сармерден» кыз-жигиттер таймашы музыка мугалими А.Жумалиева тарабынан уюштурулду. 4-а-класстын окуучулары бул таймашты алып барышты. Сармерден оюнунда макал-лакаптар, табышмактар  айтылды. Окуучулар бийлеп,ырдап өз өнөрлөрүн тартуулап беришти.
6-февралда 3-б-класска А.Сайнидинова «Путишествие в страну добраты и вежливости» деген темада мыкты даярдалган ачык тарбия саат өтүп берди.
Сабакка окуучулар активдүү катышышты. Жомок аткарышты.
Мектепте класстар арсында «Жол коопсуздугунун эрежелерин сактоо» боюнча жумалык өткөрүлдү. Ар бир класс жетекчи жол коопсуздугун сактоо боюнча ата-энелер менен чогулуш өткөрүштү.14-15-февралда 1-11-класска чейин классттык сааттар өтүлдү. 3а-класска Кыйсаева Бактыгүл «Жол коопсуздугунун эрежелери» деген темада кызыктуу ачык саат өтүп берди.Окуучулар ыр саптарын айтышып, ырдап жана сценка аткарышты. Сабак көрсөтмөлүү өтүлдү. Слайд көрсөтүлдү. Окуучулар биргелешип топто иштешти.
15-февралда «Токто айдоочу абайла!» деген темада сүрөт мугалими С.Бозумов 5-7-класстардын арасында сүрөт сынагын өткөрдү. Байгелүү орунга 5а-класстын окуучусу Конокбаев Бекбоосун, Мырзабеков Сыймык татыктуу болуду.
18-февралда 2а-класстын класс жетекчиси Айдаралиева Айнура менен 3а-класстын класс жетекчиси Кыйсаева Бактыгүл окуучулары менен бирдикте «Жол
эрежелерин сактайлы!» деген темада иш-чара уюштурушту.Иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Айрыкча 3а-класстын окуучулары форма кийип, төштөрүнө эмблема тагынышкан.Жол эрежелеринин белгилерин көрсөтүшүп, ыр менен айтып берип жатышты.Иш-чарага жогорку класстар да жардам беришти. 5-8-класстар дубал газета чыгарышты.9-11-класстар болсо, буклет жасашты. «Жол кырсыктарын кантип болтурбай койсо болот!» деген темада 5б-класстын класс жетекчиси Сулайманова Гүлжан 5а,5б-класстар арасында викторина уюштуруп, видеоролик көрсөттү. Видео көрүү менен окуучулар кеңири маалымат ала алышты.
«Мектеп окуучуларынын жол коопсуздугун сактоо» боюнча 19-февралда жыйынтыктоо максатында линейка болуп , иш-чарага активдүү катышкан окуучуларга жана класстарга сыйлоо баракчасы берилди. Буклет чыгаруу боюнча 11б-класс, дубал газета чыгаруу боюнча 5а,5б,6а-класстар, иш-чара уюштуруу боюнча 3а-класс  мектеп грамотасы менен сыйланды.Класс жетекчилерине ыраазычылык билдирилди.
Ооган согушунун 30-жылдыгына карата 1-11-класстарда табия сааттар жана 10-класстар арсында тарых мугалими А.Карагулова тарабынан видеолор көрсөтулүп, талкуу уюштурулду.

21-февраль –Эл аралык эне тил күнүнө карата Кемин райондук билим берүү бөлүмүнөн келген буйруктун негизинде иш план түзүлдү.
11-20-февралда кыргыз тили жана орус тили мугалимдери 5-8-класстарга «Өлкөбүздүн жарандарынын улуттук баалуулуктарын урматтайлы!»деген темада  дил баян, эссе жана реферат жаздырышты. Натыйжада көп окуучулар дилбаянды жакшы жаза албагандыгы аныкталды. Эссе жазуу боюнча, 7а-класстын окуучусу Беделбаева Айдананын  иши текшерген комиссиянын сунушу менен «Мыкты» деп  табылды.Реферат жазып тапшыруу боюнча 8а,8б-класстар активдүүлүгүн көрсөтө алышты.
«Ар бир улуттун эне тили -өз эли үчүн ыйык жана бийик» аттуу темада буклет, дубал газета чыгаруу боюнча класстар аралык сынак өткөрүлдү.Бардык класстар активдүү катышып беришти. 7а,3а,4б-класстар берилген тапшырманы өз убагында аткарган жок. Класс жетекчилерине эскертүү берилди. Дубал газета чыгаруу боюнча 9б-класстын, буклет боюнча 2б,4а-класстарынын иши «мыкты» деп табылды.
21-февраль –Эл аралык эне тил күнүнө карата көркөм окуу сынагы уюштурулду. Сынакка ар бир класстан бирден окуучу катышты.Ырлар орус,кыргыз жана англис тилинде айтылды.Натыйжада төмөнкү окуучулар алдыга озуп чыкты:
1-орун-10-класстын окуучусу Муктарбекова Диана
2-орун- 7а-класстын окуучусу Майданова Айгүл
3-орун- 8б-класстын окуучусу Кубасова Екатерина
“Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташттык” аттуу кече уюштурулду.Башка улуттардын каада-салттарын чагылдыруу боюнча кыргыз тили жана орус тили мугалимдери окуучулар менен кече уюштурушту.
21-февраль-Эл аралык эне тил кунунө карата “Башка улуттардан биз эмнени үйрөнүшүбүз керек” деген темада класстык сааттард өтүлдү (2-11-кл.),
21-февралда 7б-класска  М.Ырсалиева “Язык-наше богатство” деген темада көрсөтмөлүү сабак өтүп берди.

22-февраль күнү мектептин спорт залында 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата 9-а жана 9-б-класстарынын эркек-балдарынын арасында таймаш уюштурулду.
Сынактын программасы “ Манас жаштары” уюму тарабынан алдын-ала түзүлүп , класстарга берилген . Таймашты 11-а-класстын окуучусу (мектеп президенти ) Каниетова Нуржаз(кыргыз тилинде) жана 9-б-класстын окуучусу Айнидинова Сезим(орус тилинде) алып барышты.
“Кана эмесе, балдар!” таймашы алып баруучулардын куттуктоо сөздөрү
жана жагымдуу ыр саптары менен музыканын коштоосунда  башталды.
Адегенде эле калыстар тобунун курамы шайланып, жалпы көрүүчүлөргө тааныштырылды. Калыстар тобунун курамына аскерге чейинки даярдоо боюнча мугалими А.Бейшенбаев, метептин профкому А.Акматканова жана китепканачы И.Бозумова дайындалды. Калыстар тобуна ,алып баруучулар тарабынан ар бир сынак сайын атайын даярдалган упайлар жазылган белгилерди (3,4,5) жалпы күйөрмандар да билгендей кылып көтөрүп туруусу айтылды.Таймаш кызыктуу өттү. Калыстар тобу жыйынтыгын эсептеп упайларын чыгарышаты. Натыйжада 9-а-классынын жигиттери утушка ээ болушту.“Манас жаштары” тарабынан уюштурулган белектер менен эки топ тең сыйланды. 9-а-класстын эркек-балдары андан  тышкары мектеп громатасы менен сыйланышты.
Мектеп директору тарбынан калысттык менен иш жүргүзгөн калыстар тобуна , жалпы таймаштын катышуучуларына, күйөрмандарына жана даярдаган класс жетекчилерине ыраазычылык билдирилди.
Март айында :
КР желегинин 27 жылдыгына жана 5-март Ак калпак күнүнө карата
метепте салтанаттуу линейка өткөрүлдү.Ар бир класста класстык сааттар өтөрүлдү.
7-март күнү 8-март Эл аралык аялдар күнүнө карата иш-чара болуп өттү.. Залдын ичи гүлдөр менен кооздолуп, көрүүчүлөргө  жакшы  маанай тартууланды. Окуучулар аялзатына арнаган куттуктоолор жазылган дубал газеталар залга илинди.
Алып баруучу мектеп президенти Каниетова Нуржаз болду. Бул таймашка жылдагыдай эле 9а жана 9б-класстарынын кыздары катышты.
“Манас жаштары” уюму тарабынан он күн мурун таймаштын программасы берилген. Таймашта бардыгы 8-сынак өткөрүлдү. Спорттук оюндар дагы ойнотулду. Калыстар тобунун курамына англис тили мугалими Абдраимова Таалайкүл, биология мугалими К.Айткулиева жана музыка мугалими А.Жумалиева кирди.Ар бир сынак сайын калыстар тобу өз упайларын(3,4,5) көрсөтүп турушту. Бул иш-чарада 8 сынак уюштурулган.
Жалпы алган упайлар ар бир сынак сайын берилип, жалпы упайы калыстар тобу тарабынан чыгарылып турду. Натыйжада, 9б-класстын кыздары жогорку упай топтоо менен жеңишке жетишишти.Жеңген командага мектеп громатасы менен бирге белектер берилди.Иш-чара калыстар тобунунун  куттуктоолорун, калоорун айтуу менен жыйынтыкталды.
7-мартта 10-класска Г.Оторбаева “Менин апам” аттуу жогорку деңгээлде даярдалган, ачык тарбия сааты окуучулардын энелеринин катышуусунда өттү.
Сабакта энелер да балдарына ыраазычылык билдирүү максатында ырдап, жакшы каалоолорун айтышты. Окуучулар өз колдору менен жасаган фото альбомдорун  энелерине тапшырды. Слайдда сүрөт аркылуу макалдарды жасашкан.

14-15-мартта «Салам сага санжыралуу ноорузум» аттуу темаларда 1-11-класстарга класстык саат өткөрүлдү. Ар бир класс жетекчи сабакты көрсөтмөлүү кылып, ар кандай булактардан маалыматтарды пайдалануу менен өтүштү.
5-6-класстардын окуучуларына жалпы мусулман элинин улуу Нооруз майрамынын тарыхы, ар улуттун майрамды тосуу салттары менен  видео тасмаларды көрсөтүү аркылуу кеңири маалымат берилди.Окуучулар майрамдын жаралышы, кыргыз элинде майрамдык дастарконго коюлуучу сүмөлөктүн тарыхына кызыгышып суроолорду беришти. «Кел нооруз» темасында 1-7-класстардын арасында сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Татыктуу эмгектер түзүлгөн  коммисия тарабынан бааланды. Натыйжада, 5-а-класстын окуучусу Мырзабеков Сыймыктын, 8б-кл.окуучусу Жолдошканова Кундуздун иштери «мыкты» деп табылды.
19-мартта 8-б-класстын класс жетекчиси Тилепбергенова Күмүшай «Вессенний праздник нооруз» деген темада ачык тарбия саат өтүп берди. Сабакты окуучулар тарабынан даярдалган алып баруучулар алып барышты. Сабакты нооруз тууралуу ыр саптарын айтуу менен башташты.Андан кийин Токчулукова Нурай, Токчулукова Алия жана Тургуналиева Айжан « Жаштар маршы», «Кербезим» күүлөрүн аткарып беришти. Сабакта окуучулар кыргыз элинин каада-салттарын, үрп-адаттарын чагылдыруу максатында «Сүйүнчү», «Тыйын эңмей», «Топ таш» оюндарын көрсөтүштү.Улуттук тамактардын көргөзмөсүн уюштурушуп, аларды даярдоо ыкмасы менен Асылбекова Толгонай тааныштырды. Сабакка катышкан мугалимдердин баарына сүмөлөктүн жаралуу тарыхы менен тааныштырып, ооз тийгизишти. Мамбетова Камила жана Муратова Виктория «Кара жорго» бийин жогорку чеберчиликте аткарып беришти. Сабактын уюштурулушу катышкан мугалимдердин купулуна толду.
Улуттук оюндарды ойноо боюнча класстар аралык мелдеш  4а,4б-класстар арасында өткөрүлдү. Эки класстан ондон окуучу таймашка катышышты. Аркан тартмай, ордо, жоолук салмай оюндары ойнотулуп, эки команда тең бирдей упайга ээ болушту.Окуучулар бул оюнга активдүү катышышты.
Окуучулардын окуу китептеринин сакталышы жана форма кийүүлөрү «Манас жаштары» уюму тарабынан текшерилип турду.Сабакка келбеген же кечиккен окуучулар менен дайыма иш жүргүзүлөт.
Класс жетекчилердин тарбия журналдарынын толтурулушу текшерилди. Айрым мугалимдерге эскертүүлөр берилди. Тарбия сааттын иштелмелерин бардык мугалимдер текшертип чыгышты.

Апрель айында:

«Манас жаштары» уюму 2-11-класстардын күндөлүктөрүн , окуу китептерин текшерип чыгышты. Кыздар жана балдар кеңешин өткөрүштү.Өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзуштү.

Апрель окуясынын 9 жылдыгына карата 4-5-апрель күндөрү 1-11-класстарда «Апрель окуясы» деген темада класстык саатар өткөрүлдү. Бардык класс жетекчилер сабактарын көрсөтмөлүү өтүштү. Кенже класстарга болсо бул окуя тууралуу кеңири маалымат беришти.
Башталгыч класстардын мугалимдери жана сүрөт мугалими С.Бозумов 4-апрель күнү «Апрель окуясы балдардын көзү менен», «Элдик ревалюция балдардын көзу менен» аттуу сүрөт сынагын өткөрүштү. Натыйжада, 7-б-класстын окуучусу А.Ботаеванын иши мыкты деп табылды жана иши  райондук сынакка жөнөтүлдү.
Мектептин тегерегин тазалоо иштери жүргүзүлдү. Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында 70 алманын көчөтү отургузулду. 20 түп роза тигилди.
Ар бир класстын өзүлөрүнө тийешелүү жер бөлүктөрүн тазалап, шыпырып турушат.
Китепканачы И.Бозумова болсо 7-апрель элдик ыңкылабына карата китеп көргөзмөсүн уюштурду. Китепканада ар бир класстын окуучуларын кабыл алып, көргөзмөдөгү китептерде  жазылган маанилүү окуяларды окуп берип, маалымат берип жатты.
Дене тарбия мугалимдери  элдик ыңкылаптын 9 жылдыгына карата баскетбол боюнча 8-а жана 8-б-класстарынын эркек балдарынын арасында таймаш өткөрдү. Бул спорттук таймашта 8-б-класстын балдары шамдагайлуулугун көрсөтүп, жеңишке жетишишти. «Манас жаштары» уюму тарабынан белек алышты.
5-апрелде тарых мугалими А.А.Карагулова 7-а жана 7-б-класстарынын арасында   викторина уюштурду. Викторинада апрель окуясынын болушунун себептери жана кесепеттери тууралуу суроолор берилди.Окуучулар берилген суроолорго эркин, өз ой -пикирин толук айтып жакшы катышып беришти. Викторина бүткөндөн кийин окуучуларга 7-апрель ыңкылабы тууралуу видео көрсөтүлдү.

Кыргыз тили жана адабияты  мугалимдери «Баатырлардын тарыхы» аттуу темада дилбаян жаздырышты. Түзүлгөн комиссия мүчөлөрү иштерди текшерип, төмөнкү окуучулардын иштери «Мыкты» деп табылды:
-7-б-кл.окуучусу Эсенканова Нургизанын жана 9-б-кл. окуучусу Айнидинова Сезимдин.

5-апрель күнү мектептин спорт залында каза болгон баатырларды эскерүү митинг-реквиеми өтөрүлдү. Мектеп директору Г.М.Оторбаева , орус тили мугалими Г.А.Тентимишева жана Бейшенбаев Асанбек 7-апрель баатырларын эскерүү сөзүн сүйлөштү. Митинг-реквиемде каза болгон баатырлардын өмүр жолу, жасаган иштери туралуу айтылды.
6-апрель күнү 9-класстын окуучулары менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине сабак-экскурссияны адам жана коом сабагынан берген мугалим
А.Бейшенбаев уюштурду. 7-апрель баатырларына таазим кылып, окуучулар менен бирдикте куран окутулду.

«Сары-Өзөн чолпондору» сынагында «Даткайым» бийчилер тобу «Мурас» жана «Назик» бийин аткарышып,Кемин райондук Администрациясынын 1 даражадагы  диплому менен сыйланышты. Ошондой эле Токсонов Идин манас айтып, диплом менен сыйланды.

23-апрель китеп кунүнө  карата башталгыч класстын мугалимдери жана китепканачы И.Бозумова иш-чара уюштурду. Окуучулар макал-лакаптарды, ыр саптарын айтышты. Ырдап, бийлеп беришти.

«Жолдо жүрүүнүн коопсуздук эрежелерин сактоо»  боюнча Чон-Кемин аймагында окуучулар арасында сынак өткөрүлдү. Сынакта мектеп окуучуларынан түзүлгөн «Зеленый путь» тобу 3-орунга татыктуу болушту.

Май айында:

Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата   «Улуу Ата Мекендик согушка катышкан Кыргызстандын баатырлары» деген темада  5-а-класска тарых мугалими ачык сабак өттү. Сабакта согуш Т.Казаковдун “эстелик” ырын Токчулуков Нурдөөлөт аткарды. Жалпы класстын окуучулары болсо, “Катюша” ырын аткарып беришти. Андан тышкары Кыргызстандын ССБ деген наамды алган жоокерлеринин эрдиктери менен таанышышты. Окуучулар жеңиш күнүнө арналган ыр саптарын айтып беришти.

2-3-майда 2-11-класстарга класс жетекчилер класстык саатарды өткөрүштү.
Ар кандай көрсөтмө куралдарды пайдалануу менен жаш муундарга УАМ согуш тууралуу кеңири маалымат беришти. Башталгыч класстар арасында “Согуш жана тынчтык” аттуу темада сүрөт сынагы уюштурулду. Бардык класстар бул сынакка активдүү катышышты. «Жоокер эл четинде,жоо бетинде» аттуу китеп көргөзмөсүн китепканачы И.Бозумова уюштурду. 5-6-класстын окуучуларын согуш тууралуу жазылган жазуучулардын, акындардын чыгармалары менен тааныштырып, кыскача түшүндүрмө берди.
7-майда дене тарбия мугалими 8-11-класстарынын арасында футбол оюну боюнча таймаш өткөрүп, мыкты оюнчуларды тандады. 9-май күнү Чоң-Кемин өрөөнүңдө уюштурулган К.Отробаевдин жаркын элесине арналган футбол оюнуна метеп окуучулары катышып, 1-орунга татыктуу болушту.
Кыргыз тили жана адабияты мугалимдери “ Эч ким, эч качан унутулбайт” деген темада дил баян жаздырышты. УАМ сгоушка катышкан ардагерлерге жана ооруктун эмгекчилерине арналган зал уюштурулду. 5-8-10-класстар  улуу жеңиштин 74 жылдыгына карата дубал газеталарды чыгарышты. Ал эми башталгыч класстар буклет чыгарышты. 8-май күнү мектепте салтанатуу линейка өткөрүлдү. Линейка УАМ согушта курман болгон чоң аталарыбызды эскерүү менен башталды. Мектеп директору Г.М.Оторбаева болсо, жалпы окуучуларга 9-май майрамынын тарыхы менен тааныштыра кетти. Эскерүү линейкасы мектеп окуучуларынын көркөм окуу айтуусу, согуш ырларын ырдоосу менен коштолду. Окуучулар ардагер чоң аталарынын сүрөттөрүн көтөрүшүп, алардын жасаган эрдиктери  жана алган сыйлыктары жөнүндө айтып беришти.

Жеңиштин 74 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарага активдүү катышкан класстар жана окуучулар “Манас жаштары” уюштурган белектер  менен сыйланышты. 1. «Улуу инсандардын изи менен» деген темада 10-11-класстарга тарых  мугалими  А.А.Карагулова лекция окуду. Окуучулар Чоң-Кемин аймагынан чыккан атактуу адамдар жана алардын жасаган иштери тууралуу кеңири маалымат алышты. Көрсөтмө куралдар пайдаланылды. Кээ бир инсадардын сүрөттөрүн көрүп, окуучулар ким экендигин таап, айтып беришти.
«Атактуу инсандар» деген темада дил баян (6-8-кл), жат жазуу (2-11-кл) иштерин кыргыз тили жана орус тили мугалимдери алып, ждил баяндардын жыйынтыгын чыгарышты. 17-май күнү дене тарбия мугалаими Т.Айдралиев 8а, 8б-класстарынын арасында футбол оюнун өткөрдү. Натыйжада, 8-б-классынын эркек-балдары жеңишке жетишти. «Манас жаштары» уюму тарабынан уюштурулган белектер менен сыйланышты.

“Атактуу инсандар” деген темада өткөрүлүүчү иш-чаранын планы түзүлдү.
«Улуу инсандардын изи менен» деген темада 10-11-класстарга тарых  мугалими  А.А.Карагулова лекция окуду. Окуучулар Чоң-Кемин аймагынан чыккан атактуу адамдар жана алардын жасаган иштери тууралуу кеңири маалымат алышты.
«Биздин сыймыктуулар» аттуу диспутту башталгыч класстын мугалими Б.Кыйсаева 2-4-класстар арасында уюштуруп, слайд көрсөттү. Окуучуларга:
Атактуу адам болуш үчүн эмне кылуу керек? Кандай адамдарды «Биздин сыймыктуулар» деп атаса болот?,-деген суроолордун тегерегинде талкуу жүргүзүшту.
16-17-май кундөрү бардык класстарга «Унутулгус улуу инсандар» деген темада класстык саатарды өткөрүштү. Сабактар көтсөтмөлүү  уюштурулду. «Личности которое мы уважаем», «Знатные люди», «Эл эсинде улуу инсан» деген темаларда класстык саатар өткөрүлдү. «Атактуу инсандар» деген темада дил баян (6-8-кл), жат жазуу (2-11-кл) иштерин кыргыз тили жана орус тили мугалимдери алып, дил баяндардын жыйынтыгын чыгарышты. 17-май күнү дене тарбия мугалаими Т.Айдралиев 8а, 8б-класстарынын арасында футбол оюнун өткөрдү. Натыйжада, 8-б-классынын эркек-балдары жеңишке жетишти. «Манас жаштары» уюму тарабынан уюштурулган белектер менен сыйланышты.
25-май күнү “Акыркы коңгуроо” майрамы өткөрүлдү. Бүтүрүүчү класстар
майрамды жакшы уюштуруп, алып барышты. Бүтүрүүчүлөргө администрация  жана ата-энелер тарабынан куттуктоолор, каалоолор айтылды. Мектептин “мыкты жана активдүү окуучуларына стипнедия жана грамоталар тапшырылды.

“1-июнь Баларды коргоо күнүнө” карата башталгыч класстардын усулдук бирикмесинин жетекчиси Б.Кыйсаева майрамдык кече уюштурду. Спорттук таймаштар өткөрүлдү. Кичинекей бөбөктөр ырдап, бийлеп беришти. Бөбөктөргө каалоолор айтылып, бал муздак берилди.

Тарбия иштери боюнча 2018-2019-окуу жылына пландаштырылган жана “Аймакты өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына карата бир катар иш-чаралар уюшкандыкта өткөрүлдү. Кемин райондук Билим Берүү бөлүмүнөн келген буйруктар толугу менен аткарылып, пландар жана маалымдамалар өз убагында берилип        турду.