Мектептин тарыхы

                                    Мектептин тарыхы

Шабдан айылында (Новороссийка)мектеп 1922-жылы башталгыч класс болуп уюштурулган.1925-жылы алгачкы орус башталгыч класс болгон.1945-жылы сегиз жылдык болуп,24 окуучу окуп бүтүргөн:Ажыке Абдрахманов,Асанкул Акаев.1960-жылы Новороссийка  орто мектебин 14 окуучу алгачкы бүтүрүүчүлөр болушкан.1961-жылы алгачкы президентибиз Аскар Акаев Акаевич мектептин тарыхында биринчи жолу алтын медаль менен бүткөн.Ошол жылдан бери ушул мезгилге чейин мектепти алтын медаль менен 11 окуучу бүтүргөн.Ал эми артыкчылык аттестат менен ушул жылга чейин 16 окуучу бүтүргөн.Мектепти бүтүрүүчүлөрдүн ичинен илимдин төрт доктору,илимдин кандидаттары жетөө.Эмгек сиңирген мугалим экөө.

560 орундук болуп мектептин имараты 1969-жылы курулган.Мектептин  экинчи кошумча корпусу 1995-жылы курулуп,1997-жылы ишке киргизилген.1996-жылдан баштап Шабдан Ата атындагы орто мектеби болгон.

Мектептин тарыхында иштеп кеткен мугалимдердин арасында Элге билим берүүнүн отличниктери:

1.Тогузбаев Эшимкан

2.Исаев Асыпбек

3.Исмаилов Кеңеш

4.Жапаров Сайнидин

5.Калашникова З.Н

6.Төлөмүшова Гулүмжан

1999-жылы Жапаров Сайнидин -эмгек сиңирген мугалим жана 2000-жылы Бакиров Касымкул эмгек сиңирген мугалимдик наамга ээ болушкан.

199-жылдан бери эл агартуучунун отличниктеринин саны 26га жетти.

Мектеп 1977-жылдан баштап өндүрүштүк бригаданын эң мыкты уюштуруучусу :Тойболотов Сопу,Жапаров Сайнибай.Ошол жылдан баштап 1992-жылга чейин өндүрүштүк бригаданын  эң жакшы жетишкендиктеринин натыйжасында окуучулар Москва,Ленинград,Орто Азиянын шаарларында саякатка чыгышкан.

2004-2005-окуу жылы мугалимдер жамаатынын жана мектеп администрациясынын күчү менен Фонд Соростон 900$ утуп мугалимдер инновациялык жаңы ыкмаларды окуп сертификат алышкан.Ошондой эле 2005-2006-жылы «Корень и травы»япониялык гранты менен мектептин ашканасы жаңыртылган.

Мектепте азыркы кезде 393 окуучу окуйт. Кыз балдар-196,эркек балдар-197. 22 отличник. 113 ударник.Жыл сайын мектеп окуучулары предметтик олимпиадаларга катышып ,район боюнча 1,-орундарды алып келишет.Областка да барган окуучулар бар.

 

                                           Эмблема

Мектептин тарыхы

                               Мектептин концепциясы

Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.

                              Мектептин усулдук темасы

 «Инновациялык ыкманы колдонуу менен окуучулардын билим сапатын жогорулатуу,сабакка болгон кызыгуусун арттыруу жана сабак учурунда сабактан тышкаркы убакта өз алдынчалуулугу-на жетишүү»

                                                                       

                                   Мектептин миссиясы

Коомдо атаандаштыкка жөндөмүү инсанды татыктуу тарбиялоо,сапатуу билим берүүгө жетишүү,өз баскычтарына шайкеш келген билим алууга база түзүү менен ден-соолугу таза,шык талантын өнүктүргөн инсанды калыптандыруу.