2015-2016 окуу жылы

Шабдан Ата атындагы орто мектебинин 2015-2016 окуу жылынын тарбия иштери боюнча

                                                                   Анализи

1.09.15. “1-сентябрь-Билим күнүнө”арналган салтанаттуу линейка өткөрүлүп,мектеп босогосун жаңы аттаган 1-класстарды кучак жая тосуп алдык. Салтанаттуу линейка бүткөндөн кийин окуучулар класстарына кирип,ар бир класста “Менин Мекеним-Кыргызстан!”деген темада кл.сааттар өтүлдү.

Мектепте класстан тышкары таалим-тарбия иштеринин тийиштүү жүргүзүлүшү үчүн атайын иш-чаралардын иш-планы түзүлдү.Окуу убактысы белгиленип,ар бир класстарга кл.жетекчилер бекитилип,21 класс комплект түзүлдү.Кл.жетекчилер тарабынан окуучулар жөнүндө жалпы маалымат алынды.Ар бир окуу жылына ылайыкталган кл.жетекчинин журналы таратылып ,кл жетекчилер семинары өткөрүлдү.Кл.жетекчилер өз класстарында класс активдерин шайлап,окуу-чуларды китеп менен камсыз кылышты.

Жыл башында ата-энелер чогулушу болуп,14-сентябрда ата-энелер комитети-нин жетекчилери-нин семинары өткөрүлүп,укуктары жана милдеттери жөнүндө түшүнүк берилди.

Таалим –тарбия иштерин жүргүзүүгө багыт берүүчү журналдагы бөлүмдөр кл.жетекчилер тарабынан толтурулду.Алдын-алуу кеңеши түзүлүп,анын иш-планы бекитилди.Сабакты көп калтырган,турмуш шарты оор,окууга көңүлү жок окуучуларды мектепке тартуу максатында,би-лимдерин өркүндөтүү жаатында соц.педагог Айткулиева Гүлүпа Сабыркуловна тарабынан “Байкоо жүргүзүү”журналы ачылып,тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана мугалимдер тарабынан атайын жүрүштөр өткөрүлүп турду.

Класстын тарбия сааттары мектептин окуу расписаниесине коюлуп,класстан тышкаркы жүргүзү-лүүчү иш-чаралардын болжолдуу темалары кабыл алынды.Мектептеги жана класстардагы “Манас жаштары”уюмунун курамы  10-сентябрда түзүлүп,президент Канат кызы Мээрим бир добуштан шайланды жана алардын  алып баруучу иш-чаралары пландаштырылды.Ошондой эле окуучулардын бош убактысын туура пайдалануусу үчүн атайын кружоктор ачылды.

Класстардын тазалыгы текшерилип,кл.бурчтар жаңылантылды.Мектеп ичиндеги тазалык,тар-тип,балдардын формасына талап,мебелдердин сакталышы,китептердин абалы,класстан тышкаркы иш-чаралар,таалим-тарбия иштерин көзөмөлдөө болуп,мектептин иштерин жак-шыртуу иш -аракеттери жүргүзүлдү.Мектеп парламенти тарабынан “Кутурма” оорусун алдын-алуу жана “Гепатит А”оорусуна каршы күрөшүү боюнча материалдар таркатылып,кенен маа-лымат берилди жана кл.жетекчилер тарабынан сабактын пландары түзүлүп,ден-соолук сабактары өткөрүлдү.

Окуучулардын санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталышы боюнча сан.бюллетень уюшулуп,окуучулар арасында “Кутурма”, “Гепатит А” жана “СПИД-21 кылымдын чумасы”тема-сында жат жазуулар жана дил баяндар алынып тарбия сааттар өткөрүлдү.”Манас жаштары”уюму тарабынан мектепте  жыл бою “Мыкты китептер”, “Мыкты күндөлүк” “Эң таза класс”конкурсу уюшулуп,комиссия түзүлүп,тазалык боюнча мектеп ичинде жума сайын текшерүү жүргүзүлүп,ар бир чейрек аягында конкурстун жыйынтыгы аныкталып турду.

Даталуу күндөр да өз деңгээлинде уюштурулуп, “Билим күнүнө арналган”-салтанаты, Мамлекет-тик тил күнүнүн бир айлыгы, “1-октябрь “Карылар күнү”, “Мугалим –мөмөлүү дарак”майра-мы,”Кол өнөрчүлүк материалдарынан жасалган”конкурс, “Берекелүү күз” майрамы, “Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө” карата  окуу-конференциясы, “Жаңы жыл эң сулуу” майрамы жана балдардын райондук олимпиадада предметтер боюнча окуучулардын жеңиши кызыктуу,профес-сионалдык жактан жогорку денгээлде өткөрүлдү.Бул конкурстарга,майрамдарга мугалимдер,оку-учулар активдүү катышып,каалоо-сунуштарын билдире,көрсөтө алышты.

Алсак,“23-сентябрь-Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү”  аттуу бир айлыктын планы кыргыз тили жана адабияты тарабынан иштелип чыгып, “Мамлекеттик тилдин келечеги жаштарда”деген темада  мектепте кече өткөрүлүп,көркөм окуу боюнча Кемин шаарчасына 11-а классынын окуучусу Таалайбеков Тимур жана 9-б классынын окуучусу Ботаева Айдана,ал эми дилбаян жазууга 11-а классынын окуучусу Канат кызы Мээрим барып катышып келишти.

1-октябрь “Карылар күнүнө”карата ар бир класста тарбия сааттар өткөрүлдү.”Карысы бардын ,ырысы бар”-дегендей Тимуровчулар командасы түзүлүп,кары адамдарга жардам беришти.Жар-дам алган картаңдар балдарга абдан ыраазы болушуп,баталарын беришти..

5-октябрь “Мугалим-мөмөлүү дарак”-майрамдык концерт “Манас жаштары”уюмунун мүчөлөрү тарабынан уюштурулуп,эң көңүлдүү өткөрүлдү.Бул күнү окуучулар 3-сааттан кийин  мектеп фаесинде жандуу өтмөк уюштуруп,ар бир мугалимди гүл менен музыканын коштоосунда тосуп алышты.Андан кийин мектептин спорт залында мугалимдерге арнап чакан концерт коюп беришти.

16-октябрда “Кол өнөрчүлүк жаратылыш материалдарынан жасалган”кон-курс өткөрүлдү.Таби-гый каражаттар менен иштөө балдар үчүн кыйла кызыгууну жаратты.Балдардын эмгегин терең баалоо менен көргөзмөгө эң активдүү катышкан окуучуларга  “Манас жаштары”уюму тарабынан баалуу сыйлыктар берилди.Ал эми 1-4-класстар үчүн сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү.Алар : 2-а кл-Улан уулу А,3-а кл-Бактыбеков.А,9-а кл-Джанышева.Г,11-а кл-Улан уулу.М,11-б кл-Абылгазиев.К.

5-11-класстар арасында 22-октябрда “Насывайдын зыяндуулугу”темасында тарбиялык сааттар өткөрүлдү.Класстык сааттар насвай жана тамекинин адамдын ден-соолугуна кандай терс таасир бергендиги тууралуу видео слайддар аркылуу көрсөтүлүп,окуучуларга эң чоң таасир калтырды.Ар бир тарбиялык сааттан кийин окуучулардын талкуулары жүргүзүлдү.

Андан кийин “Берекелүү күз”майрамы 11-а классынын жетекчилиги астында эң кызыктуу өткөрүлдү.

Ноябрь айында  24.11.15 Кыздар советинин жетекчиси Сулайманова Г.Б тарабынан кыздар советинин кенешмеси өткөрүлдү.8-11-класстын кыздарынын катышуусу менен “Кыз адеби кымбат”деген темада сабак-диспут өткөрүлүп,бүгүнкү күндөгү кыздардын жүрүш-турушундагы терс көрүнүштөр сынга алынып талкууланды.

1-4-класстардын тамактануусу күнүнө текшерилип,кол коюлуп турду.

Жумалык линейкалар өз убагында өткөрүлүп,дежур класстардын отчёттору талкууланып, “Манас жаштары”уюмунун иштери алгылыктуу жүрүп жатты.Мектеп президенти Канат кызы Мээрим  “Манас жаштары”уюмунун кабинетинин жана иш кагаздарынын топтому менен алгылыктуу иштеди.Ар бир өтүлгөн уюмдун заседаниесинин негизинде маданий-массалык,спорттук иш-чаралар дене тарбия мугалими Айдаралиев.Т.М тарабынан өткөрүлүп турду. Айта кетсек,сентябрь айында кыздар жана балдар арасында “Фут-бол”боюнча мелдеш өткөрүлүп,эң жакшы ойногон окуучуларга граммоталар берилди.Алар: 11-а кл-Дыйканбеков.М,11-б кл-Джанышева.Ж,9-а кл-Майданова К,Тойболотов А,Чолпонбек уулу Т.

1-декабрь  “СПИД-адамзат коркунучу”темасына тарбия сааттар өтүлдү.Тарбия завучу жана мектеп президенти тарабынан СПИД боюнча сурамжылоо баракчалары ,анкеталар уюштурулуп,8-11-класстардын окуучулары  тарабынан анонимдүү толтурулду жана дубал газета чыгарылып,уюштурулду.Шабдан Ата ооруканасынын педиатр врачы Кадыралиева Фатиза келип,окуучуларга СПИД боюнча кенен маалымат берип бүткөндөн кийин,окуучуларга кыскача видеофильмдер көрсөтү-лүп,талкууланды.Талкууда окуучулар тамеки,насвай,алкоголь жана баңги заттарынан алыс болуш керек экендигин жана спорт менен дос болуш керек экендигин айтып далилдеп беришти.

Ошондой эле 3-декабрь“Майыптар күнү”,“Айлана-чөйрөнүн тазалык күнү” боюнча кл.сааттар өткөрүлдү.

12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата 5-11-класстар арасында окуу-конференциясы өткөрүлдү.Берилген тапшырмалар боюнча ар бир класс Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү көрсөтүштү.Ал  эми кыргыз тилчи мугалимдери жана парламент мүчөлөрү тарабынан окуучулар-дын аткаруучулук чеберчилигине жана реферат,буклеттерге атайын орун коюшуп,сыйлуу белектерди беришти.

Ал эми  декабрь,январь айларында“Көрүнүктүү ишмер Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата” “Улуу ойчул жана илимпоз Жусуп Баласагын”деген темаларда 5-11-класстар арасында өмүр чыгармачылыгы жөнүндө кл.жетекчилер класстык саат өтүштү.Ошондой эле көрүнүктүү ишмер Жусуп Баласагандын өмүрү,басып өткөн жолу,ишмердүүлүгү боюнча 5-11-класстар арасында “Улуу ойчул-Жусуп Баласагын”деген темада дилбаяндар жазылып алынды.Жусуп Баласагандын 1000 жылдыгына карата 5-11-класстар арасында дубал газеталар жана реферат,буклеттер уюштурулуп чыгарылды.Эң жакшы жазаган класстарга тарых мугалимдери тарабынан атайын сыйлуу белектер берилди.Алар 9-а класс,7-а класс жана 10-б класстар.

Сүрөт мугалими Сапаев Б.Ш. мекенчилдикке тарбиялоо максатында 5-11-класстар арасында сүрөт конкурс өткөрдү.Жыйынтыгында эң жакшы тарткан окуучу 6-а классынын окуучусу Кадыралиев Марс жана11-б классынын окуучусу Абылгазиев Каныбек “Манас жаштар”уюмунун сыйлуу белек-терине татыктуу болушту.

22-декабрда тарых мугалими Карагулова.А. “Улуу ойчул,илимпоз,акын жана Карахандар кагана-тынын ишмери Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына “карата тегерек стол кл.жетекчилер менен биргеликте өткөрдү.Жусуп Баласагындын өмүр чыгармачылыгы тууралуу видео слайд аркылуу кенен маалымат берди.Тегерек стол эң кызыктуу өттү.8-11-класстын окуучулары улуу ойчул,илимпоздун өмүрү,басып өткөн жолу,ишмердүүлүгү боюнча кызуу талкуулап жатышты.

26-27-декабрда жаңы жылдык  “Балаты”майрамы 11-б класстын катышуусу менен эң жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Кемин райондук билим берүү бөлүмүнөн келген буйрукта берилген иш-чаралар өз убагында өткөзүлүп,маалымдама берилип турду.Кл.жетекчилер берилген иш-чаранын негизинде класстарына кенен маалымат берип,жур-налдарды толтуруп жатышты.

Башталгыч жана чоң класстар арасында  “Укуктук билим деңгээлин”жогорулатуу боюнча үй-бүлөөлүк,административдик жана жоопко тартуу кодекс-тери менен тааныштырылып,кл.сааттар өтүлүп турду.Кл.жетекчилер тарбынан “Менин укугум”, “Менин милдетим”, “Кылмыштуулукту болтурбоо!”, “Коррупцияга жана зордук-зомбулукка каршыбыз!”, “Өзүн-өзү жанын кыюу”,”Бал-дар жана кыздар кеңешинин”планынын негизинде иштөө ж.б темаларда тегерек столдор,лек-ция,конференциялар өткөрүлдү жана дубал газеталар чыгарылды.ИДН инспектору ,айылдык кеңештин кызматкерле-ри,жергиликтүү депутаттар,ата-энелер жана окуучулар менен чогулуш өткө-рүлүп,пайдалуу укуктук,кылмыштуулукту болтурбоо боюнча кеңештер берилип турду.Чей-регине бир жолу жалпы ата-энелер жыйналышы өткөрүлүп ту-рат.Мындан сырткары ИДН кыз-маткерлеринин катышуусу менен семинар өткөрүлүп,окуучулар арасында кылмыштуулукка жол бербөө боюнча алдын-ала иш-чараларды көрүү экендиги туурасында кл.жетекчилер менен бир-дикте кеңири талкуу ар бир айда  же квартал сайын өтүлүп турду.Учётко алынган окуучу жок.Айыл өкмөтү ,ИДН менен бирдикте тарбияга кыйындык менен келген окуучулар менен кл.жетекчилер жекече иш жүргүзүшөт.Рэкетчиликке каршы  жана аны менен күрөшүү макса-тында 5-11-класстар арасында анкета алынып,жыйынтыгы чыгарылды.Ошондой эле адам укугун бузган уюм-дар,чөйрөлөр туурасында “Өз укугуңду жана милдетиңди билесиңби?”деген темада да кл.сааттар өтүлдү.

2015-2016-окуу жылына карата бекитилген иш-план боюнча  2-жарым жылдыкта кл.жетекчилер семинары өткорүлүп,планы каралып,толуктоолор киргизилди.

29-январда “Наркомания,алкоголизм,тамеки тартуу менен күрөшүү”боюнча тегерек стол уюш-турулуп,биология мугалими  Г.С.Айткулиева окуучуларга тамеки ,наркозаттардын касиеттерин айтып берип,видеослайд аркылуу кенен маалымат берип өттү.

Февраль айында Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата “Ата-баба эрдиктери”деген темада кл.саат-тар өткөрүлүп,5-11-класстар арасында сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.Эң жакшы тартылган сүрөт-төр мектеп ичиндеги “Талантым болуп канатым,талпынып учуп барамын”аттуу стенд бурчуна  илинди.Ошондой эле Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан баатырлар жөнүндө кыргыз тили мугалимдери тарабынан дилбаян жаздырылып алынды.

Ал эми 22-февралда өзүн-өзү башкаруу уюмунун окуучулары тарабынан майрамдык концерт уюштурулуп өткөрүлдү. Андан кийин “Кана эмесе балдар!”конкурсу 9-а,б-класстарынын балда-рынын ортосунда болду.Окуучулар эң жакшы даярданышып,9-б классынын балдары жеңишке ээ болушту. Конкурста утуп чыккан 9-б класска өзүн-өзү башкаруу уюму тарабынан сыйлык берилди.Кече кызыктуу өттү.

Март айында”8-март-аялдардын эл аралык күнүнө”карата “Энелер үйдүн куту” темасына ар бир класста тарбия сааттар өткөрүлүп,5-11-класстар тарабынан дубал газеталар чыгарылды.Ал эми “Азыркы кездеги аялдардын коомдогу орду”деген темада 8-а класстын  кл.жетекчиси Байсекеева.С тарабынан тарбиялык ачык саат өтүлдү.9-а,б-класстарынын кыздары “Кана эмесе кыздар!”конкурсунда таймашышты.Таймашта эң жакшы даярданган 9-б классынын кыздары жеңишке ээ болушту.Мектеп администрациясы тарабы-нан алкыш айтылып,баалуу сыйлык алышты.

21-март “Нооруз-2016”кыргыз элинин жаңы жыл майрамына карата 5-11-класстар арасында дубал газеталардын конкурсу уюштурулуп,эң жакшы газеталарга сыйлыктар берилди.Алар:

1-орун-11-а кл-Дыйканбеков Мирлан

2-орун-10-б кл-Осубекова Нурай

3-орун-5-а кл-Жангазиева Арсар

22-март “Суу күнүнө”карата тарбия сааттар өткөрүлүп,кл.жетекчилер теманын негизинде кенен маалымат берип өтүштү.

“24-март жана 7-апрель -Элдик революциянын күнүнө карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,5-11-класстар арасында тарбия сааттар өтүлдү.Элдик революциянын келип чыгышы тууралуу дилбаян,жат жазуулар алынды.Элдик революция күнүнө карата “Манас жаштары”уюмунун мүчөлөрү салтанаттуу жыйын өткөрүп беришти.

22-апрелде мектепте жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча  5-7-класстар арасында конкурс өткөрүлүп, жети окуучу тандалып, Чоң-Кемин зонасында Кайыңды айылынын спорт комплексинде болуп өткөн  “ЖЖЭ”конкурсуна катышып келишти.

20 -апрелде “Сары-Өзөн чолпондору”жаш таланттар конкурсу Чөң-Кемин өөрөнү боюнча Карал-Дөбө айылынын мектебинде болуп,биздин мектептен манас-чы,бийчилери  жакшы ийгиликтерге жетишип,райондук конкурска жолдомо алышты.Андан кийин райондук кароого  барып катышып келишти.

Кемин билим берүү бөлүмүнөн келген буйруктун негизинде төмөндөгүдөй иш-чаралар өткөрүлдү.

1.”Театр фестивалын өткөрүү”.

2.Тарых жана маданият жылына арналган республикалык “Илим,техника жана өндүрүш”жумалыгы.

3.”Чүй облусунун 90-жылдык юбилейин” өткөрүү.

  1. “Радиациялык кырсыктардын курмандыктарын эскерүү жана Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун 30 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүү ж.б.

Чоң-Кемин өрөөнү ичинде “Театр фестивалы” Шабдан Ата атындагы орто мектебинде өткөрүлдү.Жети айылдын тең окуучулары эң жакшы даярдыкта келип,өз өнөрлөрүн көрсө-түп беришти.Жыйынтыгында  калыстар тобунун чечими менен Тар-Суу орто мектеби райондук катышууга жолдомо алышты.

Шабдан Ата атындагы орто мектебинде 8-февралдан 15-февралга чейин тарых жана маданият жылына арналган республикалык “Илим,техника жана өндүрүш”жумалыгы өткөрүлдү.Иш-план түзүлүп,пландын негизинде 5-11-класстарга “Кыргызстанда илим жана техниканын өнүгүшү” деген темада кл.сааттар өтүлдү. “Мен жана интернет”, “Келечектеги техника” деген темаларда дилбаян жазышты.Ошондой эле сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп,эң жакшы тарткан 11-б классынын окуучусу-Абылгазиев.К,дилбаян боюнча- 7-а классынын окуучусу Улан у.Илимдер көрсөтүлдү.Ал эми кол өнөрчүлүк боюнча 1-орун 11-б кл-Абылгазиев.К,2-орун-8-б кл-Токчуклуков.Ү ,3-орун-11-а кл-Мирлан у.У орун алышты.

“Чүй облусунун 90-жылдык юбилейин” өткөрүү боюнча иш-план бекитилип,5-11-класстар арасында  кл.сааттар өтүлдү.  Ал эми апрель айларына бөлүнгөн иш –пландын негизинде кыргыз тилчи жана тарых мугалимдери тарабынан конференция эң жогорку  деңгээлде өткөрүлүп,маалымда өз убагында берилди.

“Радиациялык кырсыктардын курмандыктарын эскерүү боюнча  кл.сааттар өтүлдү. Тарых муга-лим Султангазиев.Э.Б 5-11-класстар арасында Чернобыль АЭСиндеги кыйроого жана анын кесе-петтерин жоюга катышкан Шабдан айылынын тургуну Кулов.Ы менен жолугушуу уюштуруп жа-на тегерек стол өткөздү.Окуучулар активдүү катышып,суроо беришип, талкуулашты.

“29-апрелде “Кош алиппе”майрамы өткөрүлдү.

Шабдан Ата атындагы орто мектебинде Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 71 жылдыгына карата 1-11-класстар арасында  “Согуш жана тынчтык”ж.б. темаларда кл.сааттар өтүлдү.25-30-апрелге чейин 5-11-класстар арасында “Эр жигит эл четинде,жоо бетинде”темасында дилбаяндар жазылды.Дилбаяндардын жыйынтыгы  7-майда чыгарылды.”Эң жакшы”жаз-ган 7-а классынын окуучусу Осмонкулова.А көрсөтүлдү.Мектепте Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары жөнүндө бурч уюштурулган.Окуучулар бурчтан ар дайым улуу Ата Мекендик согушка катышып,курман болгон жердеш аталарыбыз жөнүндө маалыматтарды алып турушат.

3-майдан 10-майга чейин мектеп ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун 71 жылдыгына карата сүрөт мугалими Сапаев Б.Ш тарабынан 5-11-класстар арасында сүрөт конкурс өткөрүлдү.Сүрөт конкурс ар бир класска ватманга тартууга берилген.. Жыйынтыгында 5-б класстын жана 9-б класстын окуучулары “эң жакшы” тарткандыктары үчүн баалуу сыйлыкка ээ болушту.Ошондой эле көптөгөн класстар буклет жана реферат жазап келишкен. 7-майда “Улуу Ата Мекендик согуштун 71 жылдыгына карата мектептин спорт аянтчасында “Зарница”патриоттук оюну  10-б классынын алып баруусу алдында эң жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

29-май “Акыркы коңгуроо”бүтүрүүчүлөрүбүзгө арналган салтанаттуу линейка өткөрүлдү.Мектеп-тин алдыңкы окуучулары “Отличниктер аллеясы менен”келишип, “Мактоо граммоталары”,

Бакиров.К стипендия-сы,К.Оторбаев атындагы стипендия жана Түлөбердиева.Т атындагы сти-пендиялар менен сыйланышты.Быйылкы 2015-2016 окуу жылында 11-классты 21 окуучу бүтүрүп,турмуш жолуна аттанды.

31-май “Тамеки таштоо,тартпоо күнүнө карата 5-11-класстар стенгазета чыгарышып,бурч уюшту-рулду.

1-июнь “Балдарды коргоо”күнүнө карата майрамдык концерт уюштурулуп,мектептин сүрөт мугалими Сапаев.Б.Ш жетектөөсү менен сүрөт конкурс өткөрүлдү.

Жалпы жонунан жыл башында пландаштырылган иш-чаралар өз мөөнөтүндө,жогорку деңгээлде аткарылып жатты.

Кемин билим берүү бөлүмүнүн тарбынан берилген буйруктарды да мөөнөтүндө,сапаттуу аткарууга аракет жасалды.Айрыкча 2016-жыл “Тарых жана маданият жылына” карата берилген иш-чаралар өткөрүү боюнча пландары иштелип чыгып,окуучулар жана мугалимдер арасында уюшкандыкта өткөрүлдү.

Мектеп ичиндеги тарбия иштеринин аткарылышын салыштырмалуу анализдесек,биздин окуучулар райондук деңгээлде өтүлгөн иш-чараларга барып катышып келип жатышты.

Класс жетекчилер да өздөрүнүн милдеттерин так,туура аткарып ,ийгиликтери көп.

Окуу жылынын аягы менен жылдын жыйынтыгы чыгарылып,кийинки 2016-2017-окуу жылына милдеттенмелер кабыл алынды:

1.Окуучулардын нравалык маданиятка,кыргыз элинин салттарын пайдаланып тарбия берүүгө жетишүү:

2.Манастын 7 осуятын,улуттук этнопедагогиканын элементтери менен окуучуларга тарбия берүү:

3.Окуучуларга тарбия берүүдө ата-энелер ,коомчулук менен бирдикте тыгыз байланыш түзүү:

4.Кылмыштуулуктун алдын-алуу жана окуучулар менен профилактикалык иш-чараларды күчөтүү:

5.Райондук жана областтык тарбиялык иш-чараларга активдүү катышуу: