2016-2017 окуу жылы

Шабдан Ата атындагы орто мектебинин 2016-2017 окуу жылынын тарбия иштери боюнча

                                                                              Анализи

Мектептин 2016-2017- окуу  жылына  карата  түзүлгөн  тарбиялык  пландын  негизинде  иш алып  барылды. План  жети  осуяттын  негизинде түзүлүп бекитилди.  Ар бир  класс  жетекчи тар-биялык  пландарын  түзүшүп , план боюнча иш  алып  барышты.  Ар  бир  класс  жетекчи  ата- энелер  менен байланышуу  дептерлерин ,  түнкү  рейд  дептерлерин  ачышты.

Мектептеги «Манас жаштары» уюму тарабынан  мектеп  парламентинин структуралары ,  жылга  бекитилген  пландын  негизинде  иш аткарылды.Окуучулар  арасында  кылмыштуулукту  болтур-боо  жана  анын  алдын- алуу  боюнча  мектепте алдын-алуу  кеңеш  түзүлдү  жана  пландар  иште-лип чыкты.

Ар бир ай ичинде ар бир класс жетекчи тарбиялык сааттарды өтүшүп,орчундуу маселелер боюн-ча иш алып барышты.

Окуучулардын келип-кеткени, сабакка,коомдук иштерге катышуусу, мектеп формасын кийиши такай көзөмөлгө алынып турду.

Мындан тышкары:

      Сентябрь айында :

“Билим күнүнө” карата  салтанаттуу линейка өткөрүлдү.

2016-2017-окуу жылына 1-класска бардыгы 43 окуучу мектеп босогосун аттады.Салтанаттуу линейка бүткөндөн кийин окуучулар  класстарына кирип,ар бир класста “Тарых жана мада-ният”жылына карата “Кыргызстандын тарыхы жана маданияты улуттун сыймыгы жана байлы-гы” жана  “Улуттук мамлекеттүлүктүн калыптанышы жана өнүгүшү”деген темаларда класстык сааттар өтүлдү.

Ар бир класстарга кл.жетекчилер бекитилип,21 класс комплект түзүлдү.Кл.жетекчилер тара-бынан окуучулар жөнүндө жалпы маалымат алын-ды.Ар бир окуу жылына ылайыкталган кл.же-текчинин журналы таратылып берилди.Кл.жетекчилер өз класстарында класс активдерин шай-лап,китеп менен камсыз кылышты.

9-сентябрда кл.жетекчилер семинары болуп, ал эми 10-сентябрда  мектептин “Манас жаштары”уюмунун жаңы курамы шайланып,президент 11-б классынын окуучусу Мотокеева Айчолпон шайланды.Ошондой эле уюмдун мүчөлөрү шайланып,ар бирине өз тап-шырмалары жана милдеттери бекитилди.

Турмуш шарты начар,жетим,томолой жетим,соц.жетим,майып балдардын тизмелери такталып отчёт берилди жана “Тобокел”тобун түзгөн балдар изилденип чыкты.

Ал эми 14-сентябрда жалпы ата-энелер чогулушу өткөрүлүп,бир жылдык окуу жылынын отчёту берилди.

Сентябрь айынын башында 1-2 корпустун администрациясынын дежурствосунун графиги илин-ди.

Класстын тарбия сааттары мектептин расписаниесине коюлуп,класстан тышкаркы жүргүзүлүү-чү иш-чаралардын болжолдуу темалары кабыл алынды.Окуучулардын бош убактысын туура пай-далануу үчүн атайын кружоктор ачылды.

Класстардын тазалыгы текшерилип,кл.бурчтар жаңылантылды.

Даталуу күндөр да өз деңгээлинде уюштурулуп, “Билим күнүө”арналган салтанаты, “Мамлекеттик тилдин 27 жылдыгы”, “1-октябрь-Карылар күнү!”, “Мугалим-мөмөлүү дарак”, “Мезгилдин береке-си-күз”, “Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата кече”, “Жаңы жыл”майрамы жана балдардын ра-йондук олимпиадага предметтер боюнча окуучулардын жеңиши кызыктуу,профессионалдык жактан жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Алсак, Кемин райондук билим берүү башкармалыгынан келген буйруктун негизинде Шабдан Ата атындагы орто мектеби  Мамлекеттик тилдин 27 жылдыгына  карата 2015-2020-жыл-дарга иш план иштеп чыгып,планы бекитилди.

2.Пландын негизинде Мамлекеттик тилдин 27 жылдыгына жана М.Абылкасымова-нын,С.Жетимишовдордун 80 жылдыгына карата 12-сентябрда мектеп ичинде 2-11-класстар арасында көркөм окуу конкурсу өткөрүлдү.Жыйынтыгында 21-сентябрда Кемин районунда өткөрүлө турган көркөм окуу конкурсуна төмөнкү окуучулар катышууга жолдомо алышып,ка-тышып келишти.

Алар:

1.8-а кл-Муктарбекова Диана. (М.Абылкасымова.   “Курманжан Датка”)

2.11-б кл-Болот к.Перизат. (Э.Ибраев “Улут болсом-тилим менен улутмун”).

Ал эми 23-сентябрь Мамлекеттик тилдин 27 жылдыгына карата “Сен бар кезде-мен тирүүмүн ,мен бармын,Сен жоголсоң мен жоголом дүйнөдөн”аттуу салтанаттуу кече 22-сентябрда Шабдан Ата атындагы орто мектебинин спорт залында өткөрүлдү.

Мектепте салтанаттуу кечени быйыл “Манас жаштары”уюму өткөзүп беришти.

Салтанатуу кечеде 5 номинациядан турган номерлер менен өткөрүлдү.

1.Көркөм окуу.

2.Макал-ылакап,жаңылмач айтуу.

3.Кыргыз бийи.

4.Сценка.

5.Дубал газета,реферат ,буклет жана дилбаяндар конкурсу.

Октябрь айында :

1-октябрь“Карылар күнүнө” карата 1-11-класстар арасында “Карыларга сый-урмат”, “1-ок-тябрь-Эл аралык карылар күнү”ж.б темаларда тарбия сааттар өткөрүштү. “1-октябрь-Карылар күнүнө карата” 5-8-кл жана 9-11-класстар арасында “Менин сүйүктүү чон атам жана чоң апам”де-ген темада орус жана кыргыз тилдеринде дилбаян жаздырылды. Ошондой эле 1-октябрда 1-11-класстар арасында “Мен чоң ата болгондо”, “Мен чон эне болгондо” темасына сүрөт конкурс көр-гөзмөсү сүрөт мугалими Сапаев.Б.Ш тарабынан өткөрүлдү.Жыйынтыгында “эң жакшы”жазган жана сүрөт тарткан окуучуларга мектеп администрациясы тарабынан баалуу сыйлыктар берилди. Ал эми  “Манас жаштары”уюмунун мүчөлөрү жана5-11-класстын таланттуу окуучулары тарабы-нан “1-октябрь-карылар күнүнө карата”майрамдык кече мектептин спорт залында 1-октябрда өткөрүлдү.Катышуучулар өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп,концерт коюп,карылардын көңүлүн ачып,бата алышты.

Айылдагы кары –картаңдарга мектептеги бөлүнүп берилген “Тимурчулар”командасы барып жардам берип келишти.

“Мугалим мөмөлүү дарак” –майрамдык концерт “Мугалимдер күнүнө” карата “Манас жаштары”уюмунун уюштуруусу менен 1-11-класстардын окуучулары менен бирдикте өткөрүлдү.

14-октябрда “Кол өнөрчүлүк”-жаратылыш материалдарынан конкурс ярмарка “Манас жаштары”уюму тарабынан уюштурулду.Табигый каражаттар менен иштөө балдар үчүн кыйла кы-зыгууну жаратты.Окуучулар бул көргөзмөдө жаратылышта ар кандай формада жаралып калган бак-дарактардын тамырынан жана алма,картошка ж.б жер-жемиштерди айбанаттарга окшош-туруп көргөзмө коюшкан.Айрым окуучулар жыгачтан камчы,ээр, ал эми кыздар кийизден жасал-ган ар кандай буюмдарды алып келип коюшту.Балдардын эмгегин терең баалоо менен көргөзмө-гө эң активдүү катышкан окуучуларга “Манас жаштары”уюму тарабынан баалуу белектер берил-ди.

“Алтын күз”майрамына карата  29-октябрда “Мезгилдин берекеси-күз”деген темада 11-а класстын жетекчилиги астында эң кызыктуу өткөрүлдү.

Ноябрь айында:

11-ноябрда кыздар кеңешинин төрайымы Сулайманова Г.Б тарабынан кыздар кеңешинин кеңеш-меси өткөрүлдү жана 8-11-класстардын катышуусу менен “Кыз адеби кымбат”деген темада сабак-диспут өткөрүлүп,бүгүнкү күндөгү кыздардын жүрүш-турушундагы терс көрүнүштөр сынга алы-нып талкууланды.

 

Декабрь айы боюнча:

1-декабрь “СПИД”адамзат коркунучу деген темаларда класстык сааттар өтүлдү.Тарбия завуч жана мектептин президенти тарабынан СПИД боюнча сурамжылоо баракчалары,анкеталар уюштуру-луп,8-11-класстардын окуучу-лары тарабынан анонимдүү толтурулду жана дубал газеталар чыга-рылып,илинди.Шабдан Ата ооруканасынын педиатр врачы Кадыралиева Фатиза жана Жумашова Ырыс эжелер келип,окуучуларга СПИД боюнча кенен маалымат берип кетишти.Андан кийин окуучуларга видео фильмдер көрсөтүлүп талкууланды.

Ошондой эле 3-декабрь “Майыптар”күнү ,8-декабрь “Айлана-чөйрөнү тазалоо күнү”боюнча тар-бия сааттар өтүлдү.

Ал эми 12-декабрь залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата кл.жетекчилер тарабы-нан 1-11-класстарда класстык сааттар өтүлдү.Ал эми кыргыз тилчи мугалимдери Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө5-11-класстардан реферат,буклет жана альбомдору уюшту-рулду.Мектептин спорт залында Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата “Манас жаштары”уюму жана5-11-класстар тарабынан кече өткөрүлдү.Кечеде окуу-чулар залкар жазуучунун чыгарма-ларынан үзүндү аткарып жана окуучулар жазуучуга арнап жазган ырларын айтып беришти.

1-4-класстардын тамактануусу күнүнө текшерилип,кол коюлуп турду.

Жумалык линейкалар өз убагында өткөрүлүп,дежур класстардын отчёттору талкууланып, “Манас жаштары”уюмунун иштери алгылыктуу жүрүп жатты.Мектеп президенти Мотокеева Айчолпон  “Манас жаштары”уюмунун кабинетинин жана иш кагаздарынын топтому менен алгылыктуу иш-теди.Ар бир өтүлгөн уюмдун заседаниесинин негизинде маданий-массалык,спорттук иш-чаралар дене тарбия мугалими Айдаралиев.Т.М  жана Бейшеналиев А.А тарабынан өткөрүлүп турду. Айта кетсек,27-сентябрда  кыздар жана балдар арасында “Футбол”боюнча мелдеш өткөрүлүп,эң жакшы ойногон окуучуларга граммоталар берилди.Алар: 11-а кл-Саамайбеков.М,10-а  кл-Тойболотов.А,9-а кл-Каниетова.Н,Сатарова.М.

26-27-декабрда жаңы жылдык “Балаты”майрамы 11-б класстын жетектөөсү менен эң жогорку деңгээлде өткөрүлдү. “Жаңы жылдык балаты”оюн-зоок программасы 3 баскычта түзүлдү.

1-баскыч 1-4-класстардын окуучулары үчүн . “Мультфильмдеги каармандар”

2-баскыч-5-7-класстар үчүн. “Жомоктор дүйнөсү”.

3-баскыч-8-11-класстар үчүн. “Кар ханышасы”.

Ар бир класс берилген тапшырмаларды аткарып,камкорчулар кеңеши тарабынан  жана баалуу белектердин ээлери болушту.

Ал эми Кемин райондук билим берүү бөлүмүнөн келген буйрукта берилген иш-чаралар өз уба-гында өткөзүлүп,маалымдама берилип турду.

Кл.жетекчилер берилген иш-чаранын негизинде класстарына кенен маалымат берип,журналдар-ды толтуруп жатышты.

Башталгыч жана чоң класстар арасында  “Укуктук билим деңгээлин”жогорулатуу боюнча үй-бү-лөлүк,административдик жана жоопко тартуу кодекс-тери менен тааныштырылып,кл.сааттар өтүлүп турду.Кл.жетекчилер тарабы-нан “Менин укугум”, “Менин милдетим”, “Кылмыштуулукту болтурбоо!”, “Коррупцияга жана зордук-зомбулукка каршыбыз!”, “Өзүн-өзү жанын кыюу”,”Бал-дар жана кыздар кеңешинин”планынын негизинде иштөө ж.б темаларда тегерек столдор,лек-ция,конференциялар өткөрүлдү жана дубал газеталар чыгарылды.ИДН инспектору ,айылдык кеңештин кызматкерле-ри,жергиликтүү депутаттар,ата-энелер жана окуучулар менен чогулуш өткө-рүлүп,пайдалуу укуктук,кылмыштуулукту болтурбоо боюнча кеңештер берилип турду.Чей-регине бир жолу жалпы ата-энелер жыйналышы өткөрүлүп ту-рат.Мындан сырткары ИДН кыз-маткерлеринин катышуусу менен семинар өткөрүлүп,окуучулар арасында кылмыштуулукка жол бербөө боюнча алдын-ала иш-чараларды көрүү экендиги туурасында кл.жетекчилер менен бир-дикте кеңири талкуу ар бир айда  же квартал сайын өтүлүп турду.Учётко алынган окуучу жок.Айыл өкмөтү ,ИДН менен бирдикте тарбияга кыйындык менен келген окуучулар менен кл.жетекчилер жекече иш жүргүзүшөт.Рэкетчиликке каршы  жана аны менен күрөшүү максатын-да 5-11-класстар арасында анкета алынып,жыйынтыгы чыгарылды.Ошондой эле адам укугун буз-ган уюм-дар,чөйрөлөр туурасында “Өз укугуңду жана милдетиңди билесиңби?”деген темада да кл.сааттар өтүлдү.

Мындан тышкары ар бир жума сайын кыздар кеңеши,балдар кеңеши,”Манас жаштары”уюмунун жыйналыштары өтүлүп турду.

Соцпедагог,ИДН,өзүн-өзү башкаруу уюмунун мүчөлөрү, класс жетекчи,ата-энелер комитети, администрация тарабынан “Үй-бүлө”,”Өспүрүм” рейддери жүргүзүлүп турду.

Ар бир жума сайын окуу китептери, күндөлүктөр, дептерлердин сакталышы текшерилип турду.

Суицид жана кылмыштуулук боюнча ата-энелер,ФАП кызматкерлери,имам, айыл башчысы,муга-лимдер, окуучулардын катышуусу менен суицид жана балдар кылмыштуулугу,анын себептери жана алдын -алуу боюнча ой толгоо сабагы өткөрүлдү.

2016-2017-окуу жылына карата бекитилген иш-план боюнча  2-жарым жылдыкта кл.жетекчилер семинары өткөрүлүп,планы каралып,толуктоолор киргизилди.

Окуучулардын жүрүш -турушу, тартиби боюнча “Өзүн алып жүрүү маданияты” темасында аңге-мелешүү болуп, тартиби начар балдар менен иш жүргүзүлдү.

Мед. кызматкерлери, АДК кызматкерлери менен жугуштуу оорулардын профилактикасы, алдын алуу, сактануу боюнча жолугушуулар өттү.

Жума сайын кыздар жана балдар кеңеши өтүлүп, кыздардын жүрүш -турушу, балдардын тарти-би,сабак калтыруу, сабакка кечигүүлөр боюнча иштер жүргүзүлүп турду.

ИДН, милиция кызматкерлери менен бирдикте окуучулар арасында зордук- зомбулукту, рекетти болтурбоо,алдын алуу максатында жолугушуулар өтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 

16-январда 5-11-класстар арасында “Алкоголизм,наркомания,тамеки тартуу менен күрөшүү”темасында тегерек стол өткөрүлдү.Тегерек столду  “Манас жаштары”уюму жана биология мугалими Г.С.Айткулиева  тамеки,наркозаттардын касиеттерин айтып берип,видео слайд аркылуу кенен маалымат берип өтүштү.Окуучулар “Манас жаштары”уюму тарабынан берилген суроолорго жооп берип,кызуу талкуулашты.

Ал эми 21-январда “Толеранттулук”темасына 5-8-класстар арасында соц.-педагог Кармышева.А.А  диспут өтүп берди.Диспуттун негизги максаты —окуучуларды зордук-зомбу-лукка карата терс мамиле кылууга жана агрессия-нын бардык түрүн кабыл албоого калыптан-дыруу жана сынчыл ойломун өнүктүрүү, айланасындагылардын ишмердүүлүгүнө жана өзүнүн жүрүм-турумуна, иш аракетине баа бере билүүгө тарбиялоо.

Диспутта 5-8-класстын окуучулары 2 топко бөлүнүшүп,бири-бирине суроо беришти.Эки топ тең активдүү катышышты.Диспуттун аягында окуучулар-дан “толеранттулук”боюнча тест алы-нып,жыйынтыкталды.

Февраль айында Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан Кыргызстандык баатырлар жөнүндө 5-11-класстар дилбаян жазышты.Көпчүлүк класстар эссе кылып жазып беришкен.

22-февралда мектептин спорт залында “ Манас жаштары”уюму нун окуучу-лары тарабынан майрамдык концерт уюштурулуп өткөрүлдү.Андан кийин “Кана эмесе балдар!” конкурс 9-а,б класстарынын балдарынын ортосунда болуп өттү.Окуучулар “эң жакшы”даярданышып,9-б классынын балдары жеңишке ээ болушту.Конкурска катышкан эки класска тең “Манас жашта-ры”уюму тарабынан сыйлык берилди.

Март айында “Эненин таманында бейиш төрү” ж.б темаларда ар бир класста тарбия сааттар өткөрүлдү.9-а,б класстарынын кыздары  “Кана эмесе кыз-дар!”конкурсунда таймашышты.Тай-машта 9-а классынын кыздары жеңишке ээ болушту.Мектеп администрациясы тарабынан алкыш айтылып, сыйлык алышты.

21-март “Нооруз келди жергеме”,22-март “Суу күнүнө”карата тарбия сааттар өткөрүлүп,кл.жетекчилер теманын негизинде кенен маалымат берип өтүштү.

Ал эми райондон келген буйруктун негизинде төмөндөгүдөй иш-чаралар өткөрүлдү.

  1. “21-февраль-Эл аралык эне тил күнүн” өткөрүү.

2.”Театр фестивалын өткөрүү”.

3.5-апрель “Ак калпак күнү”.

  1. 1.Шабдан Ата атындагы орто мектебинде “21-февраль-Эл аралык эне тил күнүнө”карата 16-февралда иш-план иштетилип чыгып,бекитилди.Пландын негизинде төмөнкүдөй иштер аткарылып,жыйынтыгы 21-февралда чыгарыл-ды.
  2. “Эне тилим-менин дилим”, “Эне тилди өнүктүрүүгө кошкон салымым”, “Улуттун улуулугу эне тилинде”, ж.б темаларда 1-11-класстардын кл.жетек-чилери тарбия сааттарды өтүштү.
  3. 16-февралдан-20-февралга чейин “Улуттун улууугу эне тилинде!”деген темаларда 5-7-класстардан эссе,ал эми 8-11-класстардан кыргыз тилчи муга-лимдер тарабынан дилбаяндар алынды.Жыйынтыгында “эң жакшы”жазган  дилбаян жана эссе деп төмөнкү класстын окуучулары көрсөтүлдү.

Дилбаян боюнча:8-а кл-Уланов.И, 9-а кл-Каниетова.Н.

Эссе боюнча:6-а кл-Жангазиева.А,Ишенов.А,7-а кл-Уланов.Д

Бул окуучулар дилбаян жазууда өз оюн кенен бере алышкан.

4.Ошондой эле 1-4-класстар арасында “Эне тилим-менин дилим”деген темада сүрөт конкурсу өткөрүлдү.Сүрөт конкурска көп окуучу катышып,өз өнөрлөрүн көрсөтө алышты.Бул конкурста “эң жакшы”тартылган сүрөттөр сүрөт мугалими Сапаев.Б.Ш тарабынан тандалып алынды. “Эң жакшы”тартылган сүрөттөр деп,

1-орун-1-б кл-Асанова.А

2-орун-4-а кл-Чолпонкулова.А

3-орун-1-б кл-Бакытова.А сыйлуу белектерге ээ болушту.

5.”21-февраль –Эл аралык  эне тил күнүнө” карата мектеп фаесине “Манас жаштары”уюму жана ар  класстарабынан бурч уюштурулду.

6.17-февралда мектеп спорт залында саат 12-00 до “21-февраль-Эл аралык эне тил күнүнө” карата “Кыз-жигит”сармерден өткөрүлдү.

  1. 3-мартта Шабдан Ата атындагы орто мектебинин окуучулары Кемин шаарына “Театр фестивалга”барып 1-орун алышып,область боюнча өтүлүүчү “Театр фестивалга”катышып келишти.Катышкан төмөнкү окуучуларга мек-теп администрациясы тарабынан граммота берилди.

1.Каниетова.Н-9-а

2.Сатарова.М-9-а

3.Жангазиева.С-9-а

4.Жангазиева.А6-а

5.Урстөнов.Т-10-а

Шабдан Ата атындагы орто мектебинде 03.09.2016-жыл №64 буйругунун негизинде “5-апрель Ак калпак”күнүнө карата иш-план бекитилип,пландын негизинде төмөнкүдөй иштер аткарылды.

1.5-март “Ак калпак”күнүнө карата 1-11-класстар арасында “Улуу маданиятыбыздын баалуулуктарынын бири-Ак калпак”деген ж.б темаларда тарбия сааттар өткөрүлдү.

2.3-апрелден 7-апрелге чейин 5-11-класстар арасынан “Улуу маданияты-быздын маданий му-растары”деген темада жат жазуу алынды.

3.”Ак калпак күнүнө”карата 8-11-класстар арасынан реферат,буклеттер жаздырылып алынды. Реферат боюнча 5-апрель “Ак калпак” күнү деген темада 11-а классынын окуучусу Болотбек к.Перизат  “эң жакшы”жазып келген.Ал эми буклет боюнча 11-б классынын окуучусу Жанышова Айзат өз колу менен тартылган ар кандай оюудагы калпактарды буклет кылып жазап келген.

4.Ал эми 4-апрелде  “Улут сыймыгы-ак калпак”сүрөт конкурс 5-8-класстар арасында өткөрүл-дү.Сүрөт мугалими Сапаев.Б.Ш “эн жакшы”тартылган сүрөт деп төмөнкүлөрдү көрсөттү.

Алар:

5-а кл-Майданова.А,7-а кл-Кадыралиев.М,8-а кл Улан уулу И,8-б-кл Алмаз уулу.Б.

1-4-класстар да жогорку класстардан кем калышпай жакшынакай сүрөттөрдү тартып келишип-тир.Айрым окуучулар кийизден,жыгачтан,түстүү кагаздан ар кандай оюудагы калпактарды жа-сап келишиптир.

“24-март жана 7-апрель -Элдик революциянын күнүнө карата түшүндүрүү иштери жүргү-зүлүп,5-11-класстар арасында тарбия сааттар өтүлдү.Элдик революциянын келип чыгышы туура-луу дилбаян,жат жазуулар алынды.Элдик революция күнүнө карата “Манас жаштары”уюмунун мүчөлөрү салтанаттуу жыйын өткөрүп беришти.

17-апрелде мектепте жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча  5-7-класстар арасында кон-курс өткөрүлүп, жети окуучу тандалып, Чоң-Кемин зонасында Тегирменти айылынын мекте-бинде болуп өткөн  “ЖЖЭ”конкурсуна катышып 1-орунду алып келишти. Андан кийин  24-ап-релде  Кемин  районунун №3 мектебине барып 3-орунга ээ болушту.

4-апрелде “Сары-Өзөн чолпондору-2017”жаш таланттар конкурсу Чоң-Кемин өөрөнү боюнча Калмак-Ашуу айылынын мектебинде болуп,биздин мектептен  “Айбийке”тобунун бийчилери  жакшы ийгиликтерге жетишип,райондук конкурска жолдомо алышты.Андан кийин райондук кароого  барып катышып  акчалай сыйлык жана грамота алып келишти.

Кемин билим берүү бөлүмүнөн келген буйруктун негизинде төмөндөгүдөй иш-чаралар өткөрүлдү.

1”Геологиянын укмуштуу дүйнөсү”аттуу жерин таануу викторинасын өткөрүү.

2.”Ак илбирс-тоо чокуларынын кожоюну”аттуу экологиялык сынак өткөрүү..

3 “21-февраль-Эл аралык эне тил күнү”.

  1. “Театр фестивалын”өткөрүү жөнүндө.
  2. “Табигатка таазим”көрктөндүрүү,жер-жерлердин тазалыгын,инфрактурасын көтөрүү жөнүндө 3 айлык өткөрүү.
  3. “Улуу жибек жолу жана анын элдердин байланышындагы жана маданиятынын өз ара байланышуудагы мааниси”аттуу аймак таануу сынагын өткөрүү.

3-мартта Шабдан Ата атындагы орто мектебинин окуучуларыЭл аралык театр күнүнө карата “Театр фестиваль”сынагына карата  Мамат Жакыповдун “Эне уулун чакырат” 2-көшөгөлүү драмасынан үзүндү  аткарып ,Чоң-Кемин өрөөнүнүн атынан Кемин районуна барыш-ты.Алмалуу,Ак-бекет,Жол-Булак орто мектептеринен ичинен 1-орунду алып ,сыйлуу белектер мене келишти. Андан кийин областта боюнча өтүлгөн  “Театр фестивалга”барып келишти.

Катышкан төмөнкү окуучуларга мектеп администрациясы тарабынан грамота берилди.

Алар:

1.Каниетова.Н-9-а кл-Бурма кемпир.

2.Сатарова .М-9-а кл-Бурма кемпирдин келини

3.Жангазиева.С-9-а кл-Бурма кемпирдин кошунасы.

4.Жангазиева.А-6-а кл Бурма кемпирдин эң кичүү кызы

5.Урстөнов.Т-10-а кл-Бурма кемпирдин жалгыз уулу.

6.Аскаров.М-10-а кл-Мырза-почтальон.

 

 

4-майда “Кош алиппе”майрамы өткөрүлдү.

1.Шабдан Ата атындагы орто мектебинде Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 72 жылды-гына карата 1-11-класстар арасында  “Согуш жана тынчтык”,ж.б. темаларда кл.сааттар өтүлдү.

2.10-майга чейин 5-11-класстар арасында “Эр жигит эл четинде,жоо бетинде”темасында дил-баяндар жазылды.Дилбаяндардын жыйынтыгы  10-майда чыгарылды.”Эң жакшы”жазган 9—а классынын окуучусу Каниетова Нуржаз жана 8-а классынын окуучусу Осмонкулова Айсулуу көрсөтүлдү.

  1. 3-майда Улуу Ата-Мекендик согуштун 72 жылдыгына карата тарых мугалими Карагулова Айсулуу 5-11-класстар арасында тегерек стол өткөрдү.Тегерек стол өткөрүүнүн максаты- окуучуларды патриоттулукка чакыруу.Ошондой эле Улуу Ата –Мекендик согушка арналган кино жана видео слайддар көрсөтүлдү.Окуучулар активдүү катшып жатышты.Айрым окуучулар чоң аталарына арнаган ырларын окуп беришти.Тегерек стол кызыктуу өттү.

4.Мектепте Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары жөнүндө бурч уюштурул-ган.Окуучулар бурчтан ар дайым улуу Ата Мекендик согушка катышып,курман болгон жердеш аталарыбыз жөнүндө маалыматтарды алып турушат.

 

Шабдан Ата атындагы орто мектебинде Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 71 жылдыгына карата 1-11-класстар арасында  “Согуш жана тынчтык”ж.б. темаларда кл.сааттар өтүлдү.25-30-апрелге чейин 5-11-класстар арасында “Эр жигит эл четинде,жоо бетинде”темасында дилбаяндар жазылды.Дилбаяндардын жыйынтыгы  7-майда чыгарылды.”Эң жакшы”жаз-ган 7-а классынын окуучусу Осмонкулова.А көрсөтүл-дү.Мектепте Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары жөнүндө бурч уюштурулган.Окуучулар бурчтан ар дайым улуу Ата Мекендик согушка катышып,курман болгон жердеш аталарыбыз жөнүндө маалыматтарды алып турушат.

3-майдан 10-майга чейин мектеп ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун 71 жылдыгына карата сүрөт мугалими Сапаев Б.Ш тарабынан 5-11-класстар арасында сүрөт конкурс өткөрүлдү.Сүрөт конкурс ар бир класска ватманга тартууга берилген.. Жыйынтыгында 5-б класстын жана 9-б класстын окуучулары “эң жакшы” тарткандыктары үчүн баалуу сыйлыкка ээ болушту.Ошондой эле көптөгөн класстар буклет жана реферат жазап келишкен. 7-майда “Улуу Ата Мекендик согуштун 71 жылдыгына карата мектептин спорт аянтчасында “Зарница”патриоттук оюну  10-б классынын алып баруусу алдында эң жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Ал эми 3-майдан 8-майга чейин 5-11- класстар арасында буклет жана реферат жазуу боюнча жана “Улуу Ата-Мекендик согуштун баатырлары”деген темада сүрөт конкурс өткөрүлдү.Конкурстун жыйынтыгы 8-майда чыкты.

Ал эми 8-майдаУлуу Ата-Мекендик согуштун 72 жылдыгына карата кече уюштурулду жана “Көркөм окуу”сынагы өткөрүлдү.Ал эми кечеден кийин класстар арасында “Зарница”оюну өткөрүлдү.

25-май “Акыркы коңгуроо”бүтүрүүчүлөрүбүзгө арналган салтанаттуу линейка өткөрүлдү.Мек-тептин алдыңкы окуучулары “Отличниктер аллеясы менен”келишип, “Мактоо граммотала-ры”,Бакиров.К стипендиясы,К.Оторбаев атындагы стипендия жана менен сыйланышты.Быйыл-кы 2016-2017 окуу жылында 11-классты 27 окуучу бүтүрүп,турмуш жолуна аттанды.

31-май “Тамеки таштоо,тартпоо күнүнө карата 5-11-класстар стенгазета чыгарышып,бурч уюшту-рулду.

Шабдан Ата атындагы орто мектебинде 26-майдан 6-июнга чейин 1-4-класстардын арасында жайкы лагер уюштурулуп өткөрүлдү.Орус жана кыргыз класстары үчүн эки отряд түзүлдү.Би-ринчи оряд “Жеткин-чек”(кыргыз класстары үчүн).2-отряд-“Орлёнок”(орус класстары үчүн).Ар бир отрядда 15 окуучудан түзүлгөн. Бардыгы-30 окуучу катышышты.

“Жеткинчек”отрядынын тарбиячылары-Акматканова.А,Кыйсаева.Б.

Ал эми“Орленок”отрядынын тарбиячылары-Нуралиева.Т жана Сайнидинова.А.

Пландалган иш-чаралар боюнча бардык иштер аткарылды.

26-майда жайкы лагерди түзүү боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлдү.Келген балдар эки отрядга бөлүндү.

27-майда ыр кружогу болду.Окуучулар ыр жатташып,Ата-Мекен,тынч-тык,эне жөнүндө ырларды ырдашты.Пластилинден ар кандай буюм жасаганды үйрөнүштү.

29-майда Шабдан Атанын музейине экскурссияга “Жеткинчек” жана “Орленок” отрядынын тарбиячылары-Акматканова.А,Нуралиева.Т алып барып келди.Музейдин ичине кирип,бардык жасалгалар менен таанышышты.Окуучулар абдан кызыгуу менен кыдырышты.

30-майда бий кружогунда бийлешти.Бий кружогунун жетекчиси Кучкачева.Г окуучуларга  “Жалын бий”, “Көк жөтөл” жана “Мөлмөлүм” бийлерин үйрөттү.

31-майда кыргыз оозеки чыгармаларынан үзүндүлөр,жомокторду окушуп,табышмак,акыйнек,жаңылмачтарды айтып үйрөнүштү.Айрым окуучулар өздөрү билген акыйнек,табышмак жана жаңылмачтарын айтып беришти.

1-июнда “Эл аралык балдарды коргоо күнүнө”карата салтанаттуу линейка өткөрүлдү.Бул майрамга лагердин да окуучулары катышыш-ты.1-4-класстар асфальтта сүрөт тартышты. Майрамдын аягында мектептин директору айыл өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 1000 сом каража-тына алынган таттуу,балмуздак жана чакан белектерди тапшырды.Окуучуларга чың ден-соолук ,окуудагы ийгиликтерди жана бактылуу балалык каалап,линейканы жабык деп жарыялады.

2-июнда окуучулар тоого,суу жээгине саякатка чыгышты.Окуучулар жаратылышта топ менен ойношту,суу жээгинде кумда сүрөт тартыш-ты.Кооз гүлдөргө суктанышып гүл теришти.

3-июнда сүрөт тартуу конкурсу өткөрүлдү.Конкурста 1-б классынын окуучусу Асанова Айгерим,2-б классынын окуучусу-Русланова Баяна, ,4-а классынын окуучусу-Бактыбеков Анвар эң жакшы сүрөт тартышып,камкорчу кеңеши тарабынан уюштурулган сыйлыкка ээ болушту.

5-июнда эки отряддын окуучулары кыргыз элинин улуттук ар кандай оюндары  жөнүндө кенен маалымат алып,андан кийин ойношту.

Ал эми 6-июнда жыйынтыктоо болду.

Жалпы жонунан жыл башында пландаштырылган иш-чаралар өз мөөнөтүндө,жогорку деңгээлде аткарылып жатты.