21-февраль Эл аралык эне тил күнү
21 февраль — Эл аралык эне тил күнү, бул майрам ЮНЕСКОнун 1999-жылдын ноябрындагы Башкы конференциясынын 30-сессиясынын чечими менен бекитилген жана тилдик жана маданий көп кырдуулукту коргоо максатында 2000-жылдан баштап жыл сайын 21-февралда белгиленип келет. Биздин Шабдан Ата атындагы жббом да Эне тил күнүнө арналган бир катар иш-чаралар болуп өттү. ,, Манастаануу » интеллектуалдык таймаш, тарбиялык сабактар, ачык сабак, дилбаян,сүрөт тартуу сынагы болуп өттү. Орус тилинде, англис тилинде да сынактар болду. 8-11-класстар ,,Эл достугу» фестивалын, 4-7-класстар менен салтанаттуу линейка өткөрүлдү.
Эне тилим эчен кылым карыткан
Эч ким аны өчүрө албайт Тарыхтан!
Эне тилим эстелигим урабас
Келбес жайга кеткенимде Жарыктан.
(Тынчтыкбек Нурманбетов) демекчи, тилибизди барктайлы, даңктайлы
Комментарии