2020-2021-окуу жылы

    Шабдан Ата атындагы орто мектебинде 2020-2021-окуу жылында  тарбия иштердин аткарылышы боюнча

                                               Маалымдама

Шабдан Ата атындагы орто мектебинде 2020-2021-окуу жылында ар бир класстарга кл.жетекчилер бекитилип,21 класс комплект түзүлдү. 2020-окуу жылынын «Билим күнү»аземи өлкөбүздө болуп жаткан кырдаалга байланыш-туу онлайн түрүндө өткөрүлдү.

Линейкадан кийин 2-11-класстарга онлайн тарбия сааттар өтүлдү.Ал эми 1-а жана 1-б класстар мектептен окушту.Бул класстарга бардык шарттар түзүлүп берилди.Сентябрь айында 1-а класс 1-сменада,ал эми 1-б класс классында 24 окуучу болгондуктан аралыкты сактап 1-смена жана 2-смена болуп 2ге бөлүнүп окушат.Ошондой эле 1-класстар ашканадан  бир маал тамактанышат. Мектеп  ашканасын ар жума сайын хлорлоп тазалап турушат. Идиш-аяктар таза колдонулат. Складда сакталган азык-түлүктөр туура сакталат.Тамактын сапаттулугун ,ашпозчулардын документтерин жана ашкананын тазалыгын текшерүү үчүн атайын комиссия курамы түзүлгөн.

Деж.мугалимдер эртең менен 7-30  келип окуучулардын дене табын текшерип, дежурстводо отурушту.Кл.жетекчилер тарабынан окуучулар тууралуу жалпы маалымат алынды.Ар бир окуу жылына ылайыкталган кл.жетекчилердин  тарбия  иштери боюнча журналы бар. Кл.жетекчилер өз класстарында класс активдерин шайлап, китеп менен камсыз кылышты.

Турмуш шарты начар,жетим,томолой жетим, соц.жетим, майып балдардын тизмелери такталып отчёт берилди жана “Тобокел”тобун түзгөн балдар изилденип чыкты.

Класстын тарбия сааттары 1-4-кл.үчүн бейшемби күнгө,5-11-класстарга
жума күнгө мектептин расписаниесине коюлуп,класстан тышкаркы жүргүзүлүүчү иш-чаралардын болжолдуу темалары кабыл алынды.

Окуучулардын бош убактысын туура пайдалануу үчүн атайын кружоктор ачылды. Мугалимдер үчүн да ар бир күнгө карата дежурствонун графиги илинди.Онлайн тарбия сааттар өз убагында өтүлүп жатты.
“Манас жаштары” уюмунун мүчөлөрү  шайланды. Мектеп президенти болуп 11-а-класстын окуучусу Асанбекова Айзирек бир добуштан шайланды. Андан тышкары “ Жаш инспекторлор”, “ Жаш өрт өчүргүчтөр”, “Тимуровчулар”тобу түзүлдү.

Кемин райондук билим берүү бөлүмү тарабынан келген буйруктун негизинде , планга коюлган иш-чараларды ар бир класс жетекчи жана предметник мугалимдер өз убагында аткарып жатышты.

Шабдан Ата атындагы орто мектебинде өткөрүлгөн онлайн иш-чаралар төмөнкүлөр:

1.9-сентябрь “Комуз күнү”майрамынын мааниси жана Кыргыз Республикасынын президенти С.Жээнбековдун жарлыгы жөнүндө класс жетекчилер окуучуларды тааныштырып “Комуз бабалардан калган мурас” деген  ж.б темаларда 10-11-сентябрь күндөрү 2-11-класстарда онлайн класстык сааттарды өтүштү.

9-сентябрь күнү “Комуз кыргыз элинин улуттук аспабы” онлайн салтанаттуу линейка өткөрүлдү.Онлайн линейка Кыргыз Республикасынын желеги көтөрүлүп, гимни  ойнотуу менен башталды.
“Манас жаштары” уюму тарабынан чакан концерттик программа түзүлүп, “Комуз күнү” майрамына 5-11-класстын окуучулары активдүү катышышты. 11-класстын окуучусу Асанбекова Айзирек кылдуу аспап- комуздун жаралуу тарыхы менен тааныштырды. Комуз тууралуу ыр саптары айтылды. 6б-классынын окуучусу Русланова Баяна “Ой комузчу” ырын аткарып берди. Комузчулар тобу “Кербезим”, “Жаштар маршы”,“ күүлөрүн чертип беришти.

Сүрөт мугалими С.Бозумов окуучулар менен бирге кыргыз элинин атактуу комузчулары тууралуу сүрөт көргөзмөсүн уюштурду.

Мектеп китепканачысы И.Бозумова 7-11-сентябрга чейин “Комуз- кыргыз элинин улуттук аспабы ” деген темада китепканада бурч уюштуруп, башталгыч класстын окуучуларына комуздун тарыхы тууралуу маалымат берди.

Иш-чараны уюштурууга класс жетекчилер да активдүү катышышты.

 

2.1.Кемин райондук билим берүү башкармалыгынан келген буйруктун неги-зинде Шабдан Ата атындагы орто мектеби 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата план иштеп чыгып,планы бекитилди.

2.Пландын негизинде 23-сентябрь Малекеттик тил күнүнө  карата 15-сентябрдан баштап улуттук-дөөлөттөрдү даңктаган таалим –тарбия багытын-дагы ураан чакырыктар,плакаттар мектептин фаесине илинди.

3.Ал эми 23-сентябрь Мамлекеттик тилдин 31 жылдыгына карата «Тилим- менин жан дилим «аттуу онлайн режиминде салтанаттуу кече 23-сентябрда  өткөрүлдү.

Онлайн режиминдеги салтанаттуу кечени кыргыз тилчи Ч.А.Сариева өткөрдү.

Майрам тил гимни менен башталды.Видео ролик менен куттуктоолор Г.А.Тентимишева жана А.Ч.Акматканова тарабынан болду.9-10-класстардын кыздарынан түзүлгөн “Даткайым”бийчилер тобунан бий тартууланды.

Ш.Дүйшеевдин “Эне тилим”аттуу ырын 8-а класстын окуучусу Абдыбекова Айзада жакшы деңээлде көркөм окуп берди.Ага улай ушул эле класстын окуучусу Мырзабекова Жибек да көркөм окуп берди.Ошондой эле макал тууралуу маалыматтар айтылды.Комуз күүсү уктурулду.

  1. “Эне тилиме таазим этели”деген ж.б темаларда 23-24-сентябрда класстык сааттар өткөрүлдү.
  2. 22-сентябрдан-25-сентябрга чейин мектеп ичинде дилбаян сынагы 8-11-класстар арасында жана сүрөт тартуу боюнча конкурс 5-8-класстар арасында өткөрүлдү.Жыйынтыгында 11-а классынын окуучусу Асанбекова Айзирек-тин дилбаяны Кемин билим берүү бөлүмүндө дилбаян сынагына онлайн режиминде жиберилди.Ал эми сүрөт конкурсу боюнча

1-орун-5-а кл-Асанкулова Айша

2-орун-Медетова Хадижа жана Русланова Баяна

3-орун-Мелисова Нуржаздар алышты.

6.Андан соң 28-сентябрда “Көп улуттун урпагын көөдөнүнө батырган,жери бир сонун кыргыздын”деген теманын үстүндөкөркөм окуу конкурсу 5-11-класстар арасында болуп өттү.Конкурска катышкандар 7-а классынын окуучусу Конокбаев бекболсун,6-а классынын окуучулары Мелисова Күнайым,Аманкулова Айпери,Муктарбекова Амина,5-а класстын окуучусу Асанкулова Айша,6-б класстын окуучусу Медетова Хадижа,8-а кл.окуучусу Абдыбекова Айзада  жана Мырзабекова Жибектер болушту.Бул окуучулардын арасынан эң мыкты айткандар :

Конокбаев .Б-7-а кл

Мелисова .К-6-а кл

Аманкулова .А-6-а кл болушту.

 

7.22-сентябрдан 25-сентябрга чейин «Ырдайлы кыргыз ырларын»аттуу кыргыздын обондуу ырларын жана улуттук бийлерин чеберчилик менен аткаруу сынагы онлайн режиминде өткөрүлдү.Бул сынакка мектептин “Даткайым”бийчилер тобу катышышты.Ал эми обондуу ырларга 6-б классынын окуучусу Русланова Баянанын “Энеме”деген ыры тандалып алынды.

8.Ошондой эле Мамлекттик тил күнүнө карата 21-сентябрдан 30-сентябрга чейин кыргыз тили жана кыргыз адабияты предмети боюнча 10 күндүк жумалык болуп өттү.азыркы өлкөбүздө болуп жаткан кырдаалга байланыш-туу кыргыз тили жана кыргыз адабияты жумалыгы да онлайн режиминдн өткөрүлдү.Бул жумалыкта кыргыз тилчи мугалимдер 23-сентябрга карата иш-чара өткөндөн тышкары ачык сабак да өтүштү.23-сентябрда кыргыз тилчи мугалим Канкулиева.Ж 6-а класска “Тилим барда улутмун,тилим менен улукмун”деген темада ачык тарбия саат жана кыргыз тилчи мугалим Абышова.М. Ч.план боюнча кыргыз тили сабагынан 5-а класска “Сүрөттөө”темаларында эң жогорку деңгээлде онлайн режиминде видеосабак өтүп беришти.

3.Шабдан Ата атындагы орто мектебинин 29.09.2020-ж.№25 буйругунун негизинде «Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук” аттуу өткөрүлгөн бир айлык өткөрүлдү

Пландын негизинде бир катар иш-чаралар аткарылды.

Мектеп окуучуларынан түзүлгөн “Тимуровчулар” тобу жана “Манас жаштары” уюму  Шабдан айылындагы кары адамдарга , ардактуу пенсияда отурган мугалимдерге камкордук көрсөтүү максатында бир ай бою жардам берүү иштерин жогорку деңгээлде уютурушту. Окуучуларды уюштуруп берүүгө класс жетекчилер чоң көмөк көрсөтүштү.

1-2-октябрда ар бир класстын класс жетекчилери 1-11-класстарда “Кары адам төрдүн көркү  деген ж.б. темаларда класстык сааттар өтүлдү. “Кылым карыткан карылар” атуу иш-чараны “Манас жаштары” уюму өткөрдү. Катышуучулар өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.Кары адамдардын үйлөрүн кыдырып, жагымдуу куттуктоо ыр саптарын айтуу менен өзүлөрү даярдаган белектерин тартуулашты.
2-октябрда 3а-класска Акматылдаева Жибек онлайн режиминде  “Карысы бардын-ырысы бар” деген темада ачык класстык саат өттү. Сабакка ар кандай сүрөттөр, көрсөтмө куралдар пайдаланылды. Окуучулар ыр саптарын , макалдарды айтыштыВидеосабак сабак окуучулардын активдүү-лүгү менен кызыктуу өткөрүлдү.

“Кары кебин-капка сал” аттуу сүрөт сынагын башталгыч класстын класс жетекчилери  уюштурду. Сүрөт тартуу конкурсуна бардык окуучулар активдүү катышышты. Натыйжасында, 2а-класстын окуучулары 1-орунга,4-б-класстын окуучулары -2-орунга, 3-орунга -3б-кл.окуучулары татыктуу болушту. Активдүү катышкан класстарга ыраазычылык билдирилди.

4.5-октябрында “Мугалимдер күнү”майрамына карата “Манас жаштары”

уюмунун уюштуруусу менен 1-11-класстарынын окуучулары менен бирдикте онлайн режиминде майрамдык кеченин видеосу жасалып,мугалимдерге 4-октябрда жиберилди.

4-октябрда окуучулар тарабынан жасалган видеодо окуучулар мугалимдерге каалоо-тилектерин айтышып,ыр,бий тартуулашып ,үй-бүлө мүчөсү менен жасалган сценкаларын коюп беришти.Айрым класстардын окуучуларынын ата-энелери  каалоо-тилектерин айтышып,ыраазычылыгын билдиришти.

Ошондой эле ар бир мугалимди куттуктап,мобилдик телефон аркылуу “Манас жаштары “уюму тарабынан куттуктоо жиберишти.

9-11-классынын окуучулары  мугалимдин уруксааты менен өздөрүнүн классына мугалимдин жардамы аркылуу видео сабак өтүштү.

Айрым окуучулар мугалимдердин сүрөттөрүн коюп,жеке өздөрү жасаган видеолорду да жиберип жатышты.

Бул күн абдан кызыктуу өттү.Мугалимдер окуучуларга ыраазы болушуп,эс алышты.

 

5.Ал эми 30-октябрда  Атаке Тынай бий уулунун 300 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлүп,онлайн түрүндө видео жасалып,Кемин билим берүү бөлүмү-нө жиберилди.

6.Андан башка да 23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө карата көркөм окуу жана дилбаян конкурсу, «Толеранттуулук»темасына эссе, «Алтын күз»

темасында кол өнөрчүлүк ,сүрөт конкурстары өткөрүлүп,окуучулардын иштери Кемин билим берүү бөлүмүнө өз убагында берилди.

Жыл ичине бөлуштүрүлүп берилген график боюнча ачык сабактар сентябрь жана октябрь айында  өз убагында өткөрүлдү.

Канкулиева.Ж6-а клСентябрь23-сентябрь Кыргыз тил күнү
Акматылдаева.Ж3-а клОктябрь1-октябрь карылар күнү
Джумабаева.Э2-б клОктябрь15-октябрь таза колду жуунун  бүт.дүй.күнү

 

Аралыктан окуу болгондугуна байланыштуубу  кл.жетекчилердин дээрлик баардыгы кл.журналдарындагы темалар өз убагында толтурулган жок.Чейрек чыгаарда гана толтурушту.Кемин Билим берүү бөлүмүнөн келген же мектеп-теги берилген пландагы иш-чараларды өз убагында жоопкерчиликтүү аткара алышпайт.

II чейректе мектептен жана райондон келген буйруктун негизинде бардык иш-чаралардын толугу менен аткарылышы мектеп администрациясы тарабынан көзөмөлгө алынып турду.

Кл.жетекчилер метод бирикмесинин жетекчилеринин класстар менен иштөө планы түзүлгөн,бирок папкалары жана планы даяр болсо да,ушул убакка чейин планды бекитише элек.

Алар:Сайнидинова.А.Б 1-4-кл

Кыйсаева Ч.А-5-8-кл

Тилепбергенова.К.О-9-11-кл

Ар бир кл.жетекчинин өзүнүн классы жөнүндө толук маалыматы бар.Жаңы келген окуучулардын өздүк делолорун тактап,окуу китептери менен камсыз кылып турушат.

II чейректе мектеп ичинде тарбия иштери боюнча түзүлгөн пландын негизинде иш-чаралар онлайн түрүндө жана 1-декабрдан баштап ар бир класс ичинде берилген тапшырмалар өз убагында аткарылды.

Алар төмөнкүлөр:

  1. 1-декабрь “СПИД-кылым душманы”.
  2. 3-декабрь “Майыптар күнү”
  3. Ч.Айтматовдун 92 жылдыгына карата кече өткөрүү
  4. Жаңы жылга карата коопсуздук эрежелерин өтүү
  5. 1-декабрь “СПИД-кылым душманы”деген ж.б. темаларда кл.жетекчилер тарабынан 5-11-класстарга кл.сааттар өтүлдү.Ал эми 9-11-класстар ушул теманын негизинде дубал газета чыга-рышты.Айрым кл.жетекчилер жасаган видео сабактар Кемин райондук билим берүү бөлүмүнө жиберилди.
  6. 3-декабрь “Майыптар күнүнө”карата да кл.сааттар өз убагында өткөрүлүп,окуучуларга маалымат берилди.
  7. Чыңгыз Айтматовдун 92 жылдыгына карата план боюнча кече өткөрүү керек болчу.Бирок өлкөбүздө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу аралыкты сактоо максатында ар бир класстарда эле кл.сааттар өтүлүп,кыргыз тилчи мугалимдер жана “Манас жаштары”уюму тарабынан буклет,реферат жана дубал газеталар жана роликтер жасалды.

Ошондой эле айылдын китепканачысы Сартова Бермет тарабы-нан Айыл  Өкмөтүнүн китепканасынан 4,5 окуучу менен Ч.Айтматовду эскерүү кечесин өткөрүп берди.Өткөрүлгөн иш-чара онлайн түрүндө Кемин Райондук Билим Берүү бөлүмүнө жиберил-ди.

4.Ал эми декабрдын акыркы жумасында мектеп ичинде “Жаңы жыл кечеси”өткөрүлбөсө дагы өрт боюча коопсуздук эрежелерин сактоо максатында кл.сааттар өтүлдү.

Ошондой эле II чейректе план боюнча өткөрүлбөй калган иш-чаралар да болду.(кырдаалга байланыштуу).

  1. Ноябрь айы- “Мезгилдин берекеси-алтын күз”-11-а кл.

2.Декабрь айы-“Жаңы жыл кечеси”-11-б кл.

Ал эми Кемин Райондук Билим Берүү болүмүнөн келген иш-чаралар төмөнкүлөр;

1.”Зордук-зомбулукка жол жок”аттуу бир айлык иш-чараларды өткөрүү.

2.COVID-19 Корановирус инфекциясын алдын-алуу жана жайылтпоо боюнча.

 

1.“Зордук-зомбулукка жол жок”аттуу бир айлыктын планы түзүлүп бекитилди.Мектеп фаесине “Зордук-зомбулук”боюнча дубал газеталар жасалды.  Ушул теманын негизинде 11-б классынын кл.жетекчиси Окишова Г.И. “Стоп”Насилие”деген темада ачык сабак өтүп берди.Сабактын структурасы окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша түзүлгөн.Топторго бөлүнүшүп,мугалим тарабынан берилген суроолорго так,туура жана өз ойлорун айтып берип жатышты.

  1. COVID-19 Корановирус инфекциясын алдын-алуу жана жайылт-поо боюнча максатында мектеп ичинде мугалимдерге жана окуу-чуларга бүт шарттар түзүлүп берилген.Ар бир кл.жетекчилер класстарына антисептик,маска,таза суу,рулон кагаз коюп коюшкан.Андан тышкары окуучулар жанына дайыма маска,ан-тисептик алып жүрүшөт.

“Манас жаштары”уюмунун 1-декабрдан 25-декабрга чейинки класстарды текшерүү боюнча берген отчётторунун маалым-дамалары боюнча:

Тазалык бир айлыктын жүрүшүндө “Эң таза класс”болуп-10-а,11-А,11-б класстары,ал эми “Эң кир”класс болуп 8-а,9-б класстары көрсөтүлдү.29-декабрда “Эң таза”класстарга граммоталар бе-рилди.

 

“Эң жакшы”сабактан калбаган класстар 7-а,9-б,11-б,ал эми башка класстарга салыштырмалуу кечикпей өз убагында келген класс-тар 5-б жана 10-а класстары болду.

Көп кечиккен окуучулар;

5-б-Асанов Нуртилек

7-б кл-Сулайманов Ыйман

11-а-Улан уулу Данияр,Адилет уулу Токтобек,Дуйшенов Эрмек

Ал эми “Каржы комитетинен” кечиккендер боюнча акча-140сом чогултулуп,70 сомуна 2 корпустун дене табын ченегичине бата-рейка алынган.

Китеп сырттабаган класстар(Эскертүү берилгенден кийин).

6-а-Абдыкеримов,Кубатов,Аблабеков,Ишенов

9-б-Сулайманов,Асаналиев,Абдиев

10-б-Раимкулов

Кл.жетекчилердин тарбия журналы менен кл.журналы дал келет.Дээрлик баардык кл.жетекчи күнүмдүк өтүлө турган план конспектилерине кол койдурушат,бирок убагында эмес. Тарбия журналдарды текшерүүдө ар дайым так,туура жана өз убагында кол койдурган класстар 4-б, 6-б,10-а кл.

График боюнча ноябрь,декабрь айларында төмөнкү мугалимидер ачык сабак өтүштү.

Ноябрь акыркы жумасы-Сулайманова.Г-1-декабрь “СПИД-кылымдын душманы”(онлайн).

Декабрь-Окишова.Г- “Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук”-11-б кл

Кармышева.А-9-декабрь “Коррупцияга каршы күнү”-5-б кл(онлайн).

Тентимишова Г.- “12-декабрь Ч.Айтматов туулган күнү”-10- а кл(онлайн).

Нуралиева.Т-Өрт коопсуздугу”.

Мындан декабрь ичинде Окишова.Г 24- декабрда жана

Нуралиева.Т 25-декабрда ачык сабак өтүп беришти.

Тарбия иштери боюнча метод бирикменин жетекчилеринин класстар менен иштөө пландары бар. Ар бир класстын күндөлүктөрүн, окуу китеп-терин  текшерип турушту.  Ар бир кл.жетекчинин өзүнүн классы жөнүндө  толук маалыматы бар. Жаңы келген окуучулардын өздүк делолорун тактап ,окуу китептери менен  камсыз кылышты. Окуучулардын сабакка катышуусу ,формасы,окуу куралдары,сабакка кечикпей келүүсү жана мектеп ичинде жү-рүш-турушу боюнча класс жетекчилер жооп беришет.

28-январда 4- класстын класс жетекчиси Жумалиева Айнура “ Жол кооп-суздугу” деген темада кызыктуу ачык сабак өттү. Сабакка окуучулар актив-дүү катышты.Сабакта окуучулар жолдо жүрүүнүн эрежеси боюнча сценка  аткарышты жана ыр саптарын айтып беришти. Топто биргелешип иштешти. Андан тышкарымугалим слайд аркылуу суроо берип, аны кайра талкуулаш-ты.

22- февралда  Тилепбергенова Күмүшай  7-б класска “Всемирный день”Спасибо” темасында ачык саат өтүп берди. Окуучулар ырдап, бийлеп жана эне тил  тууралуу көркөм окуу айтып беришти. Жалпы класс менен класстер түзүштү жана сценка аткарып беришти. Мугалим сабакты чыгарма-чылык менен жакшы даярдаган.
19-февралда “Афган согушунун тарыхый тактары”деген темада СССР-дин Афганистандан аскерлеринин чыгарылышынын 32 жылдыгына карата  “Ооган согушу айыкпас дарт” аттуу иш-чараны кыргыз тили мугалими Канкулиева .Ж уюштурду. Окуучуларга Ооган согушунун себеби, жүрүшү жана натыйжасы тууралуу тарыхый маалыматтар слайд аркылуу берилди. 6-а-класстын окуучулары Ооган согушу тууралуу бир катар керектүү маалымат алышты. Согушка Америка Кошмо Штаттары да кийлигишип, кандуу согуш 10 жылга созулганын билишти. Ошондой эле Чоң-Кемин айыл өкмөтүнөн бул согушка катышкан жоокерлердин ысымдарын аташып, алардын эрдик-тери талкууланды. Окуучулар Омардын “Кыргызстан”деген ырды хор менен ырдап беришти. Доскага сүрөттөр,кереге газеталар илинип жана гүл коюлуп эскерүү минутасын өткөрүштү . Ооган жоокерлерине арналып жазылган ыр саптарын окуучулар айтып беришти.

Мектепте тарых кабинетинин жанында Ооган жоокерлерине арналган бурч уюштурулган. Анда Чоң-Кемин айыл өкмөтүнөн согушка катышкан жоокерлеринин сүрөттөрү жана кайсы жерде согушка катышкандыгы туу-ралуу кеңири маалыматтар чагылдырылган.

“Манас жаштары”уюму  да 9-11-класстар арасында тегерек стол уюш-турду. Анда окуучулар менен  согуш эмне себептен башталгандыгын талкуу-лашты.Окуучулар талкулоого активдүү катышып беришти.

21-февраль –“Эл аралык эне тил күнүнө карата” аттуу көркөм окуу сынагы 5-6- класстар арасында өткөрүлдү. Эне тилин даңазалагн ыр саптарын орус, кыргыз жана англис тилдеринде көркөм айтып беришти. Өзгөчө 5-а классы-нын окуучулары Асанкулова Айша, Таалайбеков Эльдар,5-б-классынан Бактыбекова Айтолкун  жана 6-а-класстын окуучулары Аманкулова Айпери, Мелисова Күнайым башкалардан айырмаланып жакшы айтып беришти.
21-февраль -Эл аралык эне тил күнүнө карата дубал газеталар,буклеттер чы-гарылып,»Өнөр алды -кызыл тил»деген темада 5-11-класстар дилбаян,эссе жана реферат жазышты.Ар бир класс класстык сааттарды өтүштү.Ал эми»Манас жаштары»уюму «Ар бир улуттун эне тили -өз эли үчүн ыйык жана бийик»аттуу иш-чара өткөрүп беришти.Иш-чарада эне тили боюнча ыр саптары,макал-ылакаптара,учкул сөздөр жана сценка атка-рышты.Уюмдун бардык катышуучулары активдүү катышканга аракет кылышты.21-февраль-Эл аралык эне тил күнүнө карата 10-б классынын  кл. жетекчиси К.О.Тилепбергенова  класстык саат өттү.

19-февралда мектептин спорт залында 9-а классынын «Беш тентек»жана 9-б классынын «Патриот»командаларына спорттук оюндар боюнча таймаш бол-ду.Таймашка калыстар тобу шайланып,жалпыкөрүүчүлөргө таанышты-рылды.Калыстар тобунун курамына тарых мугалими Бейшенбаев.А жана «Манас жаштары»уюмунун президенти Асканбекова Айзирек жана анын жардамчысы Мамбетова Камила дайындалды.Эки топ тең дубал газета жана эмблемаларын жакташты.Андан кийин гира көтөрүү, мүшөккө түшүп алып белгиленген жерге чуркап барып келүү, топ салуу, отжимание жасоо, аркан тартыш, кол күрөш боюнча спорттук оюндар болду.Эки команда тең мыкты оюн көрсөтө алышты.Жыйынтыгында 9-б классынын окуучулары утушка ээ болушту.»Манас жаштары»уюму даярдаган баалуу белектерди жана мектеп-тин грамотасын алышты.Мектеп директору тарбынан калысттык менен иш жүргүзгөн калыстар тобуна , жалпы таймаштын катышуучуларына, күйөр-мандарына жана даярдаган класс жетекчилерине ыраазычылык билдирилди.
19-февралда 8- класска Сариева Чынара « Мекенди коргоо-ыйык милдет» деген темада класстык саат өттү.
«3-март Кыргыз Республикасынын туусунун кабыл алынгандыгына жана 5-март ак калпак күнүнө»карата иш-чара Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде «3-март Кыргыз Республикасынын туусунун кабыл алынгандыгына жана 5-март Ак калпак күнүнө»карата 2-11-класстар ара-сында кл.сааттар өтүлдү.Мектеп фоесине бурч,дубал газеталар илинип, бук-леттер коюлду.

Тарбия иштери боюнча директордун орун басары М.Ч.Абышова 5-а ,б класстарына калпак менен туунун жаралуу тарыхын айтып ,тегерек стол өткөрдү.5-б классынын окуучулары сценка аткарып,ал эми 5-а классынын балдары өздөрү жазган ырларын көркөп окуп беришти.

Ошондой эле 2-4-класстарынын окуучуларынын арасында  «3-март Кыргыз Республикасынын туусунун кабыл алынгандыгына жана 5-март Ак калпак күнүнө»карата сүрөт конкурс өткөрүлдү .Ал эми 5-11-класстар «Улут сыймыгы-ак калпак» жана «Мамлекеттик символ»деген темада жат жазуу жазышты.Бардык класстар тең активдүү катышышты.9-а  классынын кл.жетекчиси Кудайкулова Суусар  3-март”Желек күнү” жана 5-март “Ак калпак”күнүнө карата “12-мартта “КРнын  Мамлекеттик туусу ак калпак”жа-на 9-б классынын  кл.жетекчиси Ырсалиева.М “День ак калпака”күнү деген темаларда ачык сабак өтүштү.Ал эми 8-март Эл аралык аялдар күнүнө карата 4-б классынын кл.жетекчиси  Сайнидинова .А “Поздравление девочек 8-марта”деген темада ачык сабак жогорку деңгээлде өтүп берди.

5-мартта 8-март Эл аралык аялдар күнүнө карата 9-а жана 9-б класстарынын кыздарынын арасында «Кана эмесе кыздар!»таймашы болуп өттү.Аялзатын,энелерди дагы бир ирээт даңазалоо максатында Шабдан Ата  атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде «Кана эмесе кыздар!» таймашы жогорку деңгээлде уюшкандыкта өткөрүлдү.Залдын ичи гүлдөр менен кооздолуп жана куттуктоолор жазылган дубал газеталар көрүүчүлөргө жазгы маанай тартуулады.Таймашта бардыгы 8 сынак өткөрүлдү.Ошону менен бирге спорттук оюндар да ойнотулду.Калыстар тобунун курамына мектеп директору А.А.Карагулова,окуу бөлүмү иштери боюнча директордун орун басары Г.А.Кенжегулова жана «Манас жаштары»уюмунун президенти Асанбекова Айзирек кирди.Ар бир сынак сайын калыстар тобу өз упайларын көрсөтүп турушту. Сынактын программасы :

1.Саламдашуу

2.Эмблема жактоо

3.Дубал газета жактоо

4.Хор.(аялзатына,энелерге арналган).

5.Бий

6.Сценка

7.Мода көрсөтүү

8.Салат жасоо

9.Спорттук оюндар

Жалпы алган упайлар ар бир сынак сайын берилип,жалпы упайы калыстар тобу тарабынан чыгарылып турду.Натыйжада 9-б класынын Фиалка»коман-дасы  жеңишке жетиш-ти.Ал эми 9-а классынын «Ак куу» командасы бир упайга жетпей калышты.Жеңген командага мектеп  грамотасы менен бирге баалуу белектер берилди.Иш-чара калыстар тобунун куттуктоолорун,каа-лоолорун айтуу менен жыйынтыкталды.

Ал эми 21-март “Нооруз”күнүн карата Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 19-мартта 7-б классынын кл.жетекчиси Т.Т.Абдраимова «Весенний праздник Нооруз!» деген темада класстык саат өтүп берди.Сабактын башында кл.жетекчи А.Т.Абдраимова  нооруз жөнүндө кенен маалымат берип өттү.Сабакты окуучулар нооруз тууралуу ыр саптарын айтуу менен башташды жана  майрамдын жаралышы,кыргыз элинде майрам-дык дасторконго коюлуучу сүмөлөктүн тарыхына кызыгуу менен суроолорду беришти.Андан кийин окуучулар кыргыз элинин каада-салттарын чагылдыр-ган «Топ таш», «Чүкө ордо»оюндарын көрсөтүштү.Кыздары «Ак куу»бийин аткарып беришти.Сабактын уюштурулушу катышкан мугалимдердин купу-луна толду.

Чейрек ичинде “Манас жаштары” уюму тарабынан мектеп окуучуларынын окуу китептеринин сакталышы, күндөлүктөрдүн толтурулушу жана мектеп формаларын кийүүсү туралуу жума сайын рейддер жүргүзүлүп , айрым окуу-чуларга эскертүүлөр берилип турулду.
3-чейректе тарбия иштери боюнча планга коюлган жана районодон келген бардык иш-чаралар өз убагында  аткарылды.

Кемин билим берүү бөлүмүнөн келген буйруктун негизинде  мектеп ичинде 2-11-класстар арасында “”Менин айылым”аттуу кароо сынакка  уюштуру-луп,ар бир класс  туулуп өскөн айылын кандай көргүсү келгендигин макетте чагылдырып беришти.Жыйынтыгында  2-4-класстар жасаган макеттер “эң жакшы”жасалып,берилген макеттерди  8-класстарынын окуучусу Абдыбекова Айзада  жана Мелисова Нуржаздар макетти жаңылап,оңдошуп  26-февралда Н.Давлесов атындагы №3 орто мектебине барып “Туризмди өнүктүрүү”боюнча диплом алып келишти.

Андан кийин “Мен Кыргызстандыкмын жана аны менен сыймыктанам-2021!” кароо сынакка Н.Давлесов ат. Кемин №3 мектебине 10-мартта барып,  Жеке ыр боюнча 7-а классынын окуучусу Токчулуков.Н жана “Даткайым”бий ийриминин кыздары “Назик”бийин көрсөтүп келишти.

Эпидемиялык абалга байланыштуу короновирустук инфекциянын алдын алуу иштери боюнча мектепте бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү. Окуучулардын өздүк гигиенасын сактоосун камсыз кылуу максатында кол жууй турган жайларды. Окуу кабинеттерин желдетип туруу, нымдуу сүртүү  жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен кабинеттерди күндө жууп тазалоо иштерин көзөмөлгө алынды. Ашкананы, азык-түлуктөрдү сактоочу жайды дайыма таза кармоону ашкана ашпозчуларына жана тамактанууну уюштуруу боюнча  жооптуу мугалимге милдеттендирилди.  Дайыма класстарда дезинфекциялоочу каражаттарынын болушу жана окуучулардын каражаттарды туура пайдаланышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

IV-чейректе»7-апрель-Элдик революция күнүнө»карата 8-9-апрелде тарбиялык сааттар өтүлдү.Дубал газеталар жана бурч уюштурулду.»Апрель окуясы балдардын көзү, менен»деген темада 2-4-класстар арасында сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү.7-апрель ыңкылабынын тарыхый маанисин түшүндүрүү максатында 9-б классынын кл.жетекчиси Ырсалиева М. 9-10-класстарына тегерек стол өтүп ,анда окуучулар тарыхый окуянын чыгыш себептери тууралуу алган маалыматтарды талкуулашты.Ал эми «Манас жаштары»уюму каза болгон баатырларга эскерүү кечесин өткөрүп,алардын келечек муундар үчүн,элдин эркиндиги ,жаркын жашоо үчүн кылган эрдиктерине таазим этишти.Ошондой эле 3-а ,9-а класстарынын кл.жетекчилери Акматылдаева .Ж жана Кудайкулова С көрсөтмөлүү ачык тарбия саат өтүштү.Анда окуучулар революция тууралуу маалымат алышып,өз ойлорун кенен бөлүшө алды.Иш-чаранын жыйынтыгында жалпы окуучулар 7-апрель-Элдик революция күнү экенин билишти жана бул күн «Эч ким,эч нерсе унутулбайт!»деген ураандын негизинде окуучулардын эсинде түбөлүк кала бермекчи.

Май айында Улуу Жеңиштин 76жылдыгына карата бардык класстарда онлайн тарбиясааттар өтүлдү.6-а классынын кл.жетекчиси Канкулуева.Ж 6-9-класстарынын окуучулары менен “Менин сүйуктүү Кыргызстаным!”деген темада онлайн иш-чара өтүп берди.Жана ошондойэле музыка мугалими Кучкачева.К кружоктогу окуучулары менен онлайн ыр ырдашты.Ачык класстык онлайн саат 5-а классынынокуучусу Абышова.М.Ч өтүп берди.

15-май “Энелер күнүнө”карата дагы  иш-чаралар уюштурулду.Класстык саат-тар сайтка жүктөлдү.

1-а,бкласстарында “Прощай букварь!” жана “Кош Алиппе!”деген темаларда онлайн кече уюштурулду.Ата-энелер дабалдарына ыр жаттатышып кл.жетекчилирене жардам беришти.

Башталгыч класс менен коштошуу максатында 4-класстардакоштошуу онлайн кече даярдалды.Кл.жетекчилери Жумалиева А жана Сайнидинова А видеолорду даярдашты.

Ал эми бүтүрүүчукласстар кл.жетекчи менен бирдикте акыркы коңгуроо аземин онлайн видеожасап өткөрүштү.Акыркы коңгуроону 11-аклассынын окуучусу Кожомкулова Махабат какты.Ошондой эле коомдук иштерге активдүүкатышкан окуучуларга жана мугалимдерге онлайн аркылуу граммоталар тапшырылды.

Тарбия иштери боюнча 2020-2021-окуу жылындапланга коюлганбардык иш-чаралар аткарылды.Планга коюлган ачык сабактардан 8-а классынын кл.жетекчиси Сариева.Ч өткөн жок.калган бардык сабактар өтүлдү.

Жыл ичинде кл.жетекчилер менен иштөөнүн планына коюлган иш-чаралар толугу менен аткарылды.

Жыл аягында “Манас жаштары”уюму тарабынан

“Эң активдүу класс”-2-а кл,6-а,6-б класстар көрсөтүлдү.

Ал эми плакат,буклет,сүрөт боюнча 1-4-кл-Сайнидинова.А,

6-а, кл,10-а,б кл11-а ,б кл.

Бербеген класстар-8-а кл,9-а кл.

“Эң таза класс”-10-а,7-а,6-б кл.

“Эң кир класс”-5-а,б кл.

Коомдук иштерге активдүү катышкан класстар-10-б жана 11-а кл.

Тарбия журнал толтуруу боюнча өз убагында так аткарган класстар 2-а кл,3-а кл,4-а кл,4-б,6-б,10-а,10-б.

Жыл башында эскертүүлөр айрым кл.жетекчилерге берилди.Бирок өз убагында так аткарылды.

Ачык сабак өтпөгөн кл.жетекчилер 8-а кл-Сариева.Ч.

 

Сунуш:
1.Атайын конкурска катыша турган окуучуларды тилчилер менен бөлүнүп берилген кл.жетекчилер жоопкерчиликтүү даярдоо .

2.Кл.журналдарындагы темаларды  журналдарын өз убагында толтуруп туруу.
3.Планга коюлган иш-чараларды жана ачык сабактарды өз убагында жоопкерчиликтүү аткаруу
4. Окуучулардын сабакка кечигип келүүсүн көзөмөлгө алуу
5. Окуучулар окуу куралдарын, китептерин сабакка толук алып келүүсүнө жетишүү
6. Класстын тазалыгын дайыма көзөмөлдөө
7. График боюнча кл. дежурствону жогорку деңгээлде уюштуруу

 

 

Тарбия иштери боюнча директордун орун басары:_____М.Ч.Абышова

 

Мектеп ди