23-феврал Ата Мекенди коргоо күнү
Ар бир кыргыз жаранынын жүрөгүндө бекем намыс, Мекенге болгон күчтүү сүйүү кошо жашаса, анда Мекенибиз кылым карытып, өз урпагын кучагында бактылуу жашоо кечиртерине эч шегибиз жок.Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” демекчи, 23-февраль күнү – Ата Мекенди коргоочулардын күнүн белгилеп келебиз. Бул күнгө карата Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде ачык тарбиялык сабак 6-а класска класс жетекчиси- Г. Тентимишов тарабынан болуп өттү. Өсүп келе жаткан муун, биз окуткан окуучулар биздин коргоочуларыбыз, мекен сакчылары болооруна бекем ишенебиз. Баардыгыныздарды майрамыңыздар менен куттуктайбыз.
Комментарии