Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 2021-жылдын февраль айында «Үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү»боюнча семинар өтүлдү..
Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 2021-жылдын февраль айында «Үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү»боюнча семинар жалпы коллективде өткөрүлдү.Окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Кенжегулова Гүлүм Асанбековна слайд көрсөтүп,кенен маалымдама берип өттү.Өзүн-өзү баалоо боюнча мугалимдерге баракча таратылып толтурушту.Андан тышкары март айында ачык сабактар өтүлдү.Ага Ак-Бекет,Боролдой,Ильич мектебинин мугалимдери катышышты.Башталгыч класстарынын мугалимдери Сайнидинова.А.Б,Кыйсаева .Б, математика мугалими Сулайманова Г.Б жана Ак-Бекет орто мектебинин кыргыз тилчи мугалимдери көрсөтмөлүү ачык сабак өтүп беришти.
Комментарии