Химия декадасы
Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 2023-2024-окуу жылынын 22-январынан 26-январына чейин химия предметинин жумалыгы болуп өттү.
Жумалыкка план түзүлүп,бекитилип, Жумалыктын ичинде ар бир класс 8-11 класска чейин дубалгазета, рефераттар,буклет,кроссворд, химия бонча табышмактар, ребустарды түзүшүп,активдүү катышышты.
23-январда 8-а,8-б жана 9а,9б класстарынын окуучуларынын арасында химия предмети боюнча викторина өткөрүлдү. Мында викторинанын суроолоруна 9-б класстын окуучусу Русланова Баяна , 10-б класстан- Байчолоков А., жакшы жооп беришти.
24-январда химиялык табышмактар,ребус,шарада түзүп,жооп берүүдө 10-11-класстарынын ортосунда жыйынтык чыгарылып, ,10-б классынын окуучуларынын иштери жакшы деп каралды.
25-январда көрсөтмө куралдар,дубал газета,кроссворд,реферат,буклеттер боюнча конкурс өткөрүлүп,жыйынтык чыгарылды. 8-а классында ачык сабак өтүлдү. Эң жакшы дубал газета 10-б класс, ошондой эле 11 классынын окуучулары “Вулкандын макетин жасап, 9-б классынын окуучулары моделдерди жасашты. 26-январда “Химия биздин турмушта” деген темада химиялык кече өткөрүлдү. Анда 8-б ,9-б, 10-б класстарынын таймашы болду. Натыйжада 9- б классынын окуучулары жеңишке ээ болушту.
Жалпы жыйынтыктоодо,натыйжада 10-б класстын дубалгазетасы, макет, моделдер боюнча 9-б,10-б класстарынын иштери жакшы деп табылып, грамота берилди.
Комментарии