,,26-апрель Чернобылды эскерүү күнү «
Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде ,,26-апрель Чернобылды эскерүү күнүнө » карата 1988-1989-жылдары Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан адам, жердешибиз, айылдашыбыз Сулайманов Ырысбек ага менен тарых мугалими А.Бейшенбаев 10-11-класстын окуучулары менен биргеликте үйүнө барып, жолугуп кайтышты. Башынан өткөн окуяларды зор эскерүү менен балдарга баяндап берди. Ал эми окуучулар арасынан кызыккан суроолорун берип, жооп ала алышты. Уулануунун кесепетинен балдары мүмкүнчүлүгү чектелген абалда жарык дүйнөгө келишкени, жашоо шарты, турак- жайы да зээнди кейитет…
Мындан сырткары 5-а класска тарых мугалими Исабек кызы Айжаркын ,,Чернобыль арактын кесепеттерин жоюу…» деген темада балдарга лекция өтүп берди. Окуучулар үчүн, ата-бабаларыбыз биздин ушундай жаркын жашоо үчүн кашык-каны калганча күрөшүп , өз өмүрлөрүн арнагандыгы, ден соолуктарынан ажырагандыгы маалым болду.
Комментарии