Мугалим –мөмөлүү дарак
Мугалим – устат, жол көрсөтүүчү, билим берүүчү, психолог, келечек баштоочу, жакындарына болгон сүйүүнү, урматтоону, түбөлүк баалуулуктарды үйрөтүүчү. Мугалим – эң мыкты сапаттардын ээси.
Мугалимдин эч кимде жок, кез келген адамда боло бербеген таланты – билимди башкага өткөрүп берүү жана кыйын нерселерди жеңилдетүү жөндөмүно ээ.
Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 5-октябрь мугалимдер күнүнө карата жумалык жарыяланып, анын негизинде бир катар иштер аткарылды, класстык сааттар өтүлдү, ачык сабакты башталгыч класстын мугалими Г.Сарылканова 4-б класска өттү. 9-11-класстын окуучулары бир күнгө дуклер бөлүшүп, мугалимдик кесипти жон териси менен сезе алышты. ,,Манас», ,, Семетей»,,,Сейтек» уюмдары тарабынан концерттик программа тартууланды. Кесиптештердин эмгеги бааланып, райондун, акимияттан, министрликтен ,, Ардак грамоталар» менен сыйланып кайтышты. Бар болуңуздар Асылзаада ЭЛ АГАРТУУ кызматкерлери.
Комментарии