Кенжегулова Гүлүм Асанбековна

Окуу иштери боюнча директордун орун басары

Кенжегулова Гүлүм Асанбековна 1984-жылы Талас облусунун Талас районуна караштуу Үч-Эмчек айылында туулган.1990-жылы Үч-эмчек айылындагы Касым Каимов атындагы орто мектебине кирип,аны 2000-жылы ийгиликтүү аяктаган.Ошол эле жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин физика жана электроника факультетине тапшырып,2005-жылы аяктаган.

2005-жылдан бери Кемин районунун Шабдан Ата атындагы орто мектебинде физика мугалими болуп эмгектенип келет.2020-2021-жылдан баштап окуу иштери боюнча директордун орун басары болуп иштейт.

Үй-бүлөлүү.Бир уул,эки кыздын энеси.