Абышова Медина Чолпонкуловна

Тарбия иштери боюнча директордун орун басары

Абышова Медина Чолпонкуловна 1981-жылы Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Новороссийка (Шабдан Ата) айылында туулган.Мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин  И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты адистигин алып чыкты.Дүйнөлүк тилдер институтунун лингвистика факультетинин 4-курсун окуган.Эмгек жолун Шабдан Ата атындагы орто мектебине 2006-жылдан баштап англис тили мугалими болуп кирген.2012-жылдан  баштап ушул эле мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенүүдө.2014-жылдан 2018-жылга чейин тарбия иштери боюнча директордун орун басары кызматында иштеген.Кайра 2020-2021- окуу жылынан баштап тарбия иштери боюнча директордун орун басары кызматында иштеп келет.

Үй-бүлөлүү.Бир кыз,эки уулдун энеси.