Карагулова Айсулуу Айтбековна буга чейин мектепти жетектеп келген Гулбайра Мамбетбаевна Оторбаева ардактуу эс алууга узагандан кийин анын ордуна кызматка келди.
Карагулова Айсулуу Айтбековна 1978-жылдын 3-апрелинде Бишкек (Фрунзе) шаарында туулган. 1985- жылы Кемин районунун Кайыңды орто мектебине кирип, 1994-жылы ийгиликтүү аяктады. 1994-жылы И. Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык университетине тапшырып,1999-жылы инженер-технолог адистигин алган.И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин сырттан окуу бөлүмүнө 2006-жылы тапшырып,2009-жылы адистиги тарых мугалими квалификациясы ыйгарылган. Эмгек жолун 2000 — жылы Бишкек шаарындагы № 80 орто мектебинде эмгек сабагынан мугалим болуп иштөө менен баштаган.2003-жылдан баштап Кемин районуна караштуу Төрт-Күл орто мектебинде тарых мугалими болуп иштеген.Шабдан Ата атындагы орто мектебинде 2005-жылы тарых мугалими болуп которулган.2018-2019-окуу жылында Шабдан Ата атындагы орто мектебинде тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп дайындалып иштеди.2020-2021-окуу жылынын 1-сентябрынан Шабдан ата атындагы орто мектебине директорлук кызматына дайындалган.
Учурда үй-бүлөлүү, 2 кыз 1 уулдун энеси