Спорттун чеберлери

Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде спорттун ,,Дзюдо» түрү боюнча кружогу Шайлоо агайдын жетекчилиги менен иштеп келет. Ага 2-10-класска чейинки каалаган окуучулар катышышат. Алардын арасында облустук, республикалык мелдештерге катышып, байгелүү орун алып келген окуучуларыбыз бар . Алар: 10-а класстын окуучусу Абдрашитова Алиман көп жолку эл аралык мелдештердин чемпиону болгон жана көптөгөн медаль грамоталар менен сыйланган .Ал эми 7-б класстын окуучусу Токтосунова Амина да кыздар арасында ,,Дзюдо» боюнча мелдештерге калбай катышып жүрүп, чемпион болду. Бул эки кызыбызга ,,Дзюдо боюнча Кыргыз республикасынын спорт чебери не талапкер разряды » күбөлүгү берилген. 6-а класстын окуучусу Темирканова Асема да спорттун бул түрү менен бир катар мелдештерге катышып, байгелуу орундарды ээлеп келет. Эркек балдардын арасынан 7-а класстын окуучусу Таштанбеков Актан да бир катар мелдештердин жеңүүчүсү болуп келет. Бул спорттун чеберлери менен сыймыктанабыз. Спорт — ден соолуктун булагы. Катышуучуларды кружокко чакырабыз.