Райондук олимпиаданын жеңүүчүлөрү

  1. Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин окуучуларынан олимпиаданын 2-баскычына 22 окуучу катышышып, өз билимдерин сынап келишти. Алардын ичинен 8 окуучу байгелүү орундарга ээ болушту. Тарых сабагынан 10-а классынын окуучусу Майданова Айгүл 1-орунду алды, ал эми 10-б классынын окуучусу Ботаева Айганыш 2-орунду алды. Физика сабагынан 10-а классынын окуучусу Жайлообекова Жазгүл жана Эрикова Салтанат экөө тең 1-орунду багынтып кайтышты. Кыргыз тили жана адабияты боюнча ( окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстар) 10-б классынын окуучусу Эсенканова Нургиза жана Токчулукова Нурайым экөө тең 1-орунду алышты. Кыргыз тили жана адабияты (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстарда) сабагы боюнча 3-орунду 10-а классынын окуучусу Беделбаева Айдана алып келди. Математика сабагы боюнча 2-орунду Бакытбеков Анвар ээлеп келди. Биздин сыймыгыбыз болгон бул окуучуларга райондун грамоталары тапшырылды.Райондук олимпиаданын жеңүүчүлөрүРайондук олимпиаданын жеңүүчүлөрүРайондук олимпиаданын жеңүүчүлөрүРайондук олимпиаданын жеңүүчүлөрүРайондук олимпиаданын жеңүүчүлөрүРайондук олимпиаданын жеңүүчүлөрүакРайондук олимпиаданын жеңүүчүлөрүРайондук олимпиаданын жеңүүчүлөрү