Токтоболот Абдымомунов 100 жыл
2022-жылдын 26-апрелинде кыргыз Эл жазуучусу Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, драматург Токтоболот Абдымомуновдун 100 жылдыгына карата драматургдун чыгармаларынан үзүндү көрсөтүү сынагы өтүлдү. Аймактык сынакка Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин 11-б классынын окуучулары С.Сагынбеков жана Э.Абдрашитов тарабынан Т.Абдымомуновдун «Абийир кечирбейт» драмасынан үзүндү аткарышты. Окуучулар драмадагы каармандарды карыянын ролун Сагынбеков берилүү менен образдуу аткарды. Ал эми Нурдиндин салабаттуу образын Элмир жеткиликтүү аткарып, райондук денгээлде өтүлө турган сынакка жолдомо алып, райондук сынактан 3-орунга ээ болушту.
«Абийир кечирбейт» драмасы аркылуу адамдын бийик, аруу абийири баарынан бийик турарын, атүгүл Т.Абдымомуновдун гана чыгармачылыгында эмес, жалпы эле кыргыз драматургиясында адам психологиясын теренден ачып көрсөткөн жана ар кандай иш үчүн адам өзүн дайыма жоопкерчиликтүү сезип, өзүнүн абийирин, ар-намысын эч убакта унутууга болбостугун тастыктады. Окуучуларымдын келечеги кең болсун, өз абийири дайыма бийик турсун.
Комментарии