Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 2020-2021-окуу жылынын 21.02.21-ж.-27.01.21-ж.чейин өткөрүлгөн химия жумалыгы
Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 2020-2021-окуу жылынын 21.02.21-ж.-27.01.21-ж.чейин өткөрүлгөн химия жумалыгы
Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 2020-2021-окуу жылынын 21-январынан 27-январына чейин химия предметинин жумалыгы болуп өттү.Жумалыктын ичинде ар бир класс 8-11- класска чейин дубал газета,рефераттар,буклет,кроссворд,химия боюнча табышмактар,ребустарды түзүшүп активдүү катышышты.
22-январда 9-а жана 9-б класстарынын арасында химия предмети боюнча викторина өткөрүлдү.Мында викторинанын суроолоруна 9-а класстан Жайлообекова.Ж,Абдрашитова.А,9-б класстан-Эсенканова.Н жакшы жооп беришти.
25-январда химиялык табышмактар,ребус,шарада түзүп жооп берүүдө 9-а,б кл,10-а,б кл,11-а,б класстар боюнча жыйынтык чыгарылып,9-а,10-б,11-а класстарынын окуучуларынын иштери жакшы деп каралды.
26-январда 8-класста «Кычкылтек,жалпы мүнөздөмөсү,алынышы,касиеттери»деген темада ачык сабак өтүлүп,талкууланды.
27-январда көрсөтмө куралдар,кроссворд,реферат,буклет,дубал газета конкурсу өткөрүлүп,жыйынтык чыгарылды.
Жалпы жыйынтыктоо ,натыйжада 11-б класстын дубал газетасы,буклеттер боюнча 10-а кл.окуучусу Карымшакова.А,рефераттар боюнча 9-а кл.окуучусу Жайлообекова.Ж иштери жакшы деп эң жакшы деп табылып,грамота берилди.
Комментарии