,,Пионер күнүнө 100жыл»
Бүгүн 19-май ,,Пионер күнү » Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде адаттан тыш, мугалимдер жамааты тарабынан белгиленди. ,,Биз пионер болчубуз» деген аталыштагы иш чара болуп өттү. Улуу муундагы мугалимдер да активдүү катышышып, жаш адистерге, окуучуларга ,,пионерлер» тууралуу баяндап беришти. Ырдап жүргөн ырларын да аткарышты. Андан тышкары соцпедагог А.А.Кармышева ,,Пионер күнүнө 100 жыл» аталыштагы тренингди 6-7-класстын окуучуларына өтүп берди.
Комментарии