,,Окуу керемет » долбоору
Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 2022-жылдын 30-ноябрында башталгыч класстарында «Окуу керемет» долбоорунун алкагында математика сабагы боюнча «Негиздөө жана түшүндүрүү» стратегиясын колдонуу менен ачык сабактар өткөрүлдү. Башталгыч класстардын мугалимдери: Жумалиева Айнура Жумалиевна, Акматканова Алмагуль Чотуева жана Кыйсаева Бактыгул Камбаровналар көргөзмөлүү, ТСОлорду колдонуу менен ачык сабактарды өтүп беришти. Сабактарга куратор Жуматаева Асылгүл катышып, сабактар мыкты деңгээлде өткөрүлгөндүгүн баса белгиледи. Талыкпаган эмгек каалоо менен мындай сабактарды күнүгө окуучуларга арнап келе жатышкандыгын айтпасак болбос. Бар болуңуздар мектептин башталгыч классынын агартуучулары.
Комментарии