,,Кош бол, башталгыч классым»
Бүгүн Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде башталгыч класстын мугалими Ж.Акматылдаева 4-а класс менен биргеликте ,,Кош бол, башталгыч классым» аттуу кече өткөрдү. Окуучулардын эрезеге жеткени байкалып, апаларына арналган ырлары, бийлери, аткарган сценкасы, аткаруучулук чеберчилиги мактоого татыктуу болду. Мугалим көп эмгек кылып, болгон мүмкүнчүлүгүн, билимин берип келди. Эми мындан ары алган билимдери оргуштап, талим-тарбиясы төп келген ыймандуу балдардан болушсун. Таланттары ташкындай беришине тилектешпиз.
Комментарии