,,Китеп жумалыгы» жыйынтыкталды
Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде жарыяланган ,,Китеп жумалыгы“ жыйынтыкталды. Жумалыкта бир катар иштер аткарылды.,,Манас» жаштар уюму тарабынан уюшулган ,,Бир окуучудан бир китеп » аттуу акцияга 1-11-класска чейинки окуучулар активдүү катыша алышты. Окуучулар эң бир баалуу, көөнөрбөс болгон акын-жазуучуларыбыздын калемине таандык адабий китептерден алып келүү менен мектептин китепканасын толукташты. Эң көп керектүү китеп алып келген класстарга орундар берилди: 1-орун 6-а класс 17 адабий китептерден алып келишкен, 2- орун 6-б класс, 3-орун 8-б класстар болушту. Ал эми башталгыч класстар ,,Сыйкырдуу китепчелерден»жасап келишкен. Алардын ичинен 1-орун 2-б класс жана 2-орун 4-а класс болушту. Эң мыкты китеп окурманы аныкталды жана аларга мектептин грамоталары тапшырылды. 6-б класстын окуучусу Узакжанова Акылай жана 10-а класстын окуучусу Жайлообекова Жазгүл болушту. Китепканачы Шадыканова Мадина Шадыкановнанын ишине албан ийгиликтерди каалайбыз. Жыл бою окуучуларды китеп окууга чакырган иш-чараларды өткөрө беришине тилектешпиз.
Комментарии