Химия сабагынан ачык сабак
4-мартта Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 8-б класска химия сабагынан А.Кармышева ,,Кислоталар» деген темада ачык сабак өттү. Сабактын максаты окуучулар кислоталардын эрежесин, формулаларын, касиеттерин окуп үйрөнүшөт. Кислоталардын составы боюнча канчага бөлүнөт? Индикатордун таасирин, химиялык элементтерди индикатор аркылуу тажрыйба жүзүндө көрсөтүү. Окуучулар сабакка активдүү катышышты. Мугалим тажрыйба жүргүзүү аркылуу окуучуларга көрсөтө алды. Сабак максатына жетти.
Комментарии