,,Энелер күнүнө» карата
Бүгүн Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 10-класстын класс жетекчилери М.Ырсалиева жана С.Кудайкулова окуучулары менен биргеликте ,,Энелер мектебинин» алкагында ,,Энелер күнүнө» карата сабак-тренинг чай үстүндө баарлашуу менен ишке ашты. Анда ата-эненин ролу, жаштардын келечеги, дин тууралуу, энелердин ыйыктыгы, Эне- бала маселеси тууралуу дебат болду. Андан сырткары окуучулардын апалары тууралуу жасаган слайддары көрсөтүлүп , сүрөт тартуу аркылуу бышыкталды. Энелерибиз балдарынын маңдайында бар болушсун, энелер күнү куттуу болсун.Энелерди мектеп менен тыгыз байланышта болууга чакырдык.
Комментарии