,,Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик күнү»
Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде ,,Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик күнү» белгиленди.
Бул күн жалпыбыздын да майрамыбыз болуп саналат. Анткени, баарыбыз Мугалимдин кол астында билим дүйнөсүнө сапар алганбыз.
Мугалим — түйшүктүү, жоопкерчиликтүү, бирок ардактуу кесип. Анткени, коомубуздун дээрлик жарымын түзгөн балдар менен жаштар күн сайын мугалимдин таалим-тарбиясын алышат.
Жөндөмсүз бир да бала болбойт, алардын ичинде катылып жаткан касиеттерин, талантын, жөндөм-шыгын ачуу аркылуу сиздер коомубуздун өнүгүшүнө зор салым кошо аласыздар. Ата-эне сыяктуу эле мугалим ар бир баланы гений кылып чыгара алат. Же болбосо анын дээриндеги талантын, шыгын басып, келечегине бөгөт коюшу да мүмкүн. Мектеп босогосун аттаган ар бир наристенин дүйнөсү жаңы компьютер сыяктуу – ага кандай программа салынса, ошондой иштейт. Ошондуктан, аларга дүйнөнү кенен тааныгыдай билим берүү, таптаза дүйнөсүнө биринчи сабактан тарта Сүйүү, Ыйман, Адамгерчилик түшүнүктөрүн сиӊирүү сыяктуу улуу милдет сиздерге жүктөлгөн. Мугалимдин аракетине, изденүүсүнө жараша Кыргызстандын чыныгы жарандары өсүп чыгат. Арыбаныздар биздин асыл- мугалимдерибиз, сиздер бар кийинки муундун өкүлдөрү да бар. Кесиптик майрамыңыздар куттуу болсун.
Мектептин ,,Манас» жаштар уюму агартуучуларыбыздарга жакшы каалоо-тилектерин арнап, дублерлук милдетти мыкты аткарышып, мугалимдик кесип- ары түйшүктүү кесип экендигин жон териси менен сезе билишти. Андан тышкары 11-б класска класс жетекчиси Миргүл Капарбековна ,,Мугалим -ардактуу кесип» аттуу тарбиялык ачык сабак өтүп берди. Сабакта мугалимдерди баалоого, сыйлоого, ардактоого тарбияланышты.
Комментарии