Ата-Бейитке болгон сапар…
«Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине болгон саякатыбыз апрель айына пландалып, бирок тилекке каршы 14 майда ишке ашып отурат. Ага Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин тарых мугалими А.Бейшенбаев 8-9-класстын окуучуларын алып барып келди. Ал жактан Ата-Бейит мемориалдык комплексинин жетекчиси Гүлнара Турсунбекова окуучуларга комплекс тууралуу баяндап, музейдин ичи менен тааныштырды. Өз сөзүндө кыргызстандыктар үчүн комплексинин мааниси зор экеин айтып, жергиликтүү жана чет элдиктер зыярат кыла турган борборго айланганын билдирди. «Ата-Бейит» оор тагдырларга кабылган, өмүрү, каны менен тарых жараткандардын жаткан жайына айланганын баса белгиледи.
Андан соң жалпы арбактарга багышталып Куран окулду. Бул да болсо тарыхый жайга аяр мамиле кылууга чакырган чакырык болду десем жаңылышпайм.
Комментарии