Акыркы коңгуроо аземи
Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 2021-2022-окуу жылында мыкты класс жетекчилерди жана 1-4 класстардын алдыңкы окуучуларын сыйлоо дал ушул ,,Акыркы коңгуроо» аземине туура келип отурат. Буга демөөрчүлүк кылган Шабдан айылынын кулуну- Ырсалиев Бактыбек Кенешович, азыркы тапта Кыргыз Республикасынын Айыл чарбасы министрлигине караштуу Токой кызматынын директорунун орун басары болуп эмгектенип келет. Акчалай сыйлыктар Кемин районунан келген буйруктун негизинде аткарылган ,,Жашыл уя» сынагынын жеңүүчүлөрүнө, ошондой эле мектептин материалдык базасын чыңдоодо ата-энелер менен тыгыз иш алып барган класс жетекчилерге жана өз демилгеси менен окуу кабинеттерин жасалгалаган мугалимдерге берилди. 9-класстын бүтүрүүчүсү- Бакытбеков Анварга 5000сом өлчөмүндөгү стипендия тапшырды. Жалпы мугалимдер жамаатынын атынан сизге жана сиздердин үй- бүлөңүздөргө ыраазычылык билдиребиз! Өзүңүздөр билим алган мектептен кол үзбөй, жардам бергениздерге чоң рахмат!
Комментарии