9-декабрь ,,Коррупцияга каршы күрөшүү күнү «
Бүгүн 9-декабрь ,,Коррупцияга каршы күрөшүү» күнүнө карата Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде тарбиялык ачык сабак болуп өттү. Сабакты 9-б класстын класс жетекчиси англис тили мугалими Т.Т.Абдраимова өтүп берди. Максаты: Жаш өсүп келе жаткан муундун жаздым басып коррупцияга аралашып кетпөөсун, түрлөрүн жана пайда болуу жолдорун алдын алуу болуп саналат. Канткенде коррупцияны токтотууга болот тууралуу сценкаларды аткарышты. Коррупциянын түрлөрү боюнча видеолорду көрүштү, ырларды айтышты. Келечекте пайдасы тийуучу сабак тартуулашты .
Комментарии