«7-апрель-Элдик революция күнү
- Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде «7-апрель-Элдик революция күнүнө»карата 8-9-апрелде тарбиялык сааттар өтүлдү.Дубал газеталар жана бурч уюштурулду.»Апрель окуясы балдардын көзү, менен»деген темада 2-4-класстар арасында сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү.7-апрель ыңкылабынын тарыхый маанисин түшүндүрүү максатында 9-б классынын кл.жетекчиси Ырсалиева М. 9-10-класстарына тегерек стол өтүп ,анда окуучулар тарыхый окуянын чыгыш себептери тууралуу алган маалыматтарды талкуулашты.Ал эми «Манас жаштары»уюму каза болгон баатырларга эскерүү кечесин өткөрүп,алардын келечек муундар үчүн,элдин эркиндиги ,жаркын жашоо үчүн кылган эрдиктерине таазим этишти.Ошондой эле 3-а ,9-а класстарынын кл.жетекчилери Акматылдаева .Ж жана Кудайкулова С көрсөтмөлүү ачык тарбия саат өтүштү.Анда окуучулар революция тууралуу маалымат алышып,өз ойлорун кенен бөлүшө алды.Иш-чаранын жыйынтыгында жалпы окуучулар 7-апрель-Элдик революция күнү экенин билишти жана бул күн «Эч ким,эч нерсе унутулбайт!»деген ураандын негизинде окуучулардын эсинде түбөлүк кала бермекчи.
Комментарии