4-декабрь ,,Манас» күнү
Бүгүн 5-декабрда Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 4-декабрь Манас күнүнө карата ,,Айкөлдүн аманаты» аттуу чакан иш-чара Чон-Кемин Айыл Өкмөтүнүн базасында жогорку деңгээлде болуп өттү. Дал ушул ,,Манас» күнүнө карата «Манас»ийриминин ачылышы болду. Ийримдин жетекчиси, башталгыч класстын мугалими А.Ч.Акматканова атайын ,,Манастаануу» боюнча билимин өркүндөтүп келди. Жаңы ырлардын(хор)бет ачары болду.Жаш манасчылардын биринчи кадамы шилтенди. Бул күндү белгилөөнүн максаты- Манас эпосун сактоо жана жайылтуу, өлкөдө Манастаанууну өнүктүрүү, мектепте манасчыларды топтоо жана колдоо көрсөтүү. Мыкты мугалимдер мыкты иштер жаралат эмеспи. Андыктан Ийримдин жетекчисине жана катышуучуларына албан- албан ийгиликтерди каалоо менен Манас атанын рухун сактоо, жети осуятын жашоо- турмушубузга киргизүү, нарк насилин колдонууга чакырабыз.
Комментарии