4-б класстын экскурсиясы
Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин 4-б классынын окуучулары класс жетекчиси, ата-энелер комитеттери менен биргеликте ,,Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү» максатында айтылуу Жантай хандын эстелигине, Буранага, Гаваиге жана Бишкек шаарындагы циркке экскурсияга барып келишти. ,,Миң уккандан бир көргөн артык» демекчи, балдардын тарыхый жайларга болгон ички туюму, кызыгуусу, баалуулугу артты, эстеринде көпкө сакталмакчы. Муну менен катар көргөн- билгендерин аңгеме кылып жазып беришмекчи. Балдардын келечеги кең болсун.
Комментарии