Жылдын мыкты мугалими-2021
Шабдан Ата атындагы орто мектебинде 2021-жылдын 26-февралында «Жыл мугалими-2021» сынагынын 1- этабы болуп өттү. Сынакка башталгыч класстын мугалимдери Нуралиева Толукбубу , Кыйсаева Бактыгул жана математика мугалими Окишова Күлүмбүбү катышты. Мугалимдердин чыгармачылык менен, ар кандай методиканы колдонуп өтүлгөн сабактарын, өзүн- өзү тааныштыруусун жана видеосабактарын көрүп, калыстар тобунун баалоосунун негизинде жыйынтык чыгарылды. Жыйынтыгында , башталгыч класстын мугалими Кыйсаева Бактыгул Камбарбековна алдыга озуп чыгып «Жылдын мыкты мугалими-2021″сынагынын 2-этабына катыша турган болду.
Комментарии