15-сентябрь «Билим күнү»салтанаттуу линейка.
Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 15-сентябрда «Билим күнү»салтанаттуу линейка болуп өттү.Быйылкы окуу жылында жаңы мектеп босогосун 46окуучу аттап келди.Салтанаттуу майрамда алгач мектеп директору өз каалоо тилегин айтып өттү.Ошондой эле ардактуу ардагер мугалимдер жана ата-энелер сүйлөштү.Андан кийин 1-класстын жана 11-класстын окуучулары даярдаган ыр,бийлер аткарылды.Линейка бүткөндөн кийин кл.жетекчилер тарбия сааттарын өтүшүп,жаңы окуу жылына карата китептерин таратып беришти .
Комментарии