1-майга карата ачык сабак
Кызыл-тазыл гүл алып,
Кыздай сүйкүм буралып.
Кабагы ачык жадырап,
Жашыл кийип кубанып.
Көрккө бай,
Көзгө шай
Келди мына-
Сулуу май.
А.Кадыров агабыз жазгандай 1-май да кирип келуу алдында турат. Май айы майрамдарга бай айы эмеспи. Анын бири- 1-май Эмгекчилердин эл аралык күнү бергиленүү алдында турат. Бул майрамды утурлай Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Э.Джумабаева 3-б класска ,,1-май Эмгекчилердин эл аралык күнү » аттуу ачык тарбиялык сабак өттү. Балдарды эмгекти сүйүүгө чакырган, көргөзмөлүү мыкты сабак өттү. Башка өлкөлөр бул майрамды кандай тосушат? Кандай өзгөчөлуктөрү бар экендиги тууралуу кенен маалымат алышты. Кесиптин түрлөрүнө токтолуп, крассворд толтурушун жана макал-ылакаптарды толуктоо аркылуу сабакты бышыкташты. Эмгегинен баар тааптыр демекчи, өнөргө ээ болом десенер азыртадан, жаштайынардан эмгекке бышууга чакырды.
Комментарии