1-июнь балдарды коргоо күнү
Шабдан Ата атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде ,,1-июнь- Балдарды коргоо күнүнө карата» 0-а,б класстары чакан майрамдык концерт тартуулашты.
Бал тилдүү балалык, кайгыны билбеген,
Бактыга жаралып, бакытты издеген.
Баарына ыраазы, жаркырап нуру жүзүндө,
Бул дүйнө кабарын оюна илбеген.
Баарына кызыгып, билбесе ким деген,
Баш ийип аргасыз, жароокер карап көзүмө.
Балалык, балалык, оюнга тойбогон,
Бал дүйнө тазарып, бакчада ойногон.
Балдар-биздин бактыбыз, келечегибиз, андыктан балдарыбыз бактылуу балалыкта, ата-энеси менен бирге чоңоё беришине тилектешпиз.
Комментарии